Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

2018: Саясат коштогон кадрдык жүрүштөр


Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда 2018-жылы кадрдык олуттуу өзгөрүүлөр, күтүүсүз кызматтан алуулар жана дайындоолор болду.

Жыл башында Жогорку Кеңеш ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй иштен кетирди. Натыйжада өкмөт алмашты. Жаңы башкы прокурор дайындалды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тиреши кадрдык жүрүштөр менен коштолду. Кадр саясатындагы тууганчылык, тааныш-билиштик боюнча дооматтар айтылды.

Өкмөттөгү өзгөрүү

Кыргыз өкмөтү 2018-жылдын апрель айында жаңырды. Парламент ишеним көрсөтпөй кызматтан кетирген Сапар Исаковдун ордуна Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Анын бул кызматка келиши саясий чөйрөгө күтүүсүз деле болгон жок.

Абылгазиев кызматка киришип жатып жаңы өкмөт ириде экономикага, бизнеске көңүл бурат деп ишендирген жана программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атаган:

- Өкмөттүн алдында экономикабызды атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай жана улуттук бизнес менен чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу болгондой кылып өнүктүрүүгө байланышкан эң бир маанилүү милдет турат. Коомубуз менен бизнес фискалдык органдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен тажап бүттү. Эми бизнес жүргүзүү менен инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө көңүл бурулат. Өкмөттүн бизнес менен жигердүү жана конструктивдүү диалогу калыбына келтирилет. Мамлекетте бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү зарылдыгы жөнүндө көптөн бери эле сөз болуп келе жатат.

Жаңы өкмөт парламент сынынан өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:49 0:00

Бирок Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы боюнча бир катар дооматтар да айтылган. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мурда-кийин иштеп кеткен министрлерден куралды деп сындаган жана аймактык фактор эске алынбай калганына нааразы болгон:

​- Балдардын өкмөтү бат эле кетти, эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келатыптыр. "Жаңы өкмөт" деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң "б\у өкмөт" келиптир. Аймактык тең салмактык керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбайт.

Эми бир жыл толуп толо электе эле Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын өкмөтүнө сын күчөдү. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев азыркы премьер-министрде мурда болуп көрбөгөндөй шарт, мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Анын баамында, азыркы өкмөт кадр саясатынан аксап жатат:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Өкмөт начар иштей баштаганда эле, Жогорку Кеңеште "келерки премьер-министр бул болот экен, бул өкмөт кетет экен" деген сөздөр эле күчөй баштайт. Ошондой сөздөр жылдын аягында эмнегедир башталып калды. Азыркы өкмөт кадрдык дайындоолордон абдан жаңылды. Кайсы бир тармактарды реформа кылып, өзгөртүп сала турчу олуттуу жылыштар, тилекке каршы, болгон жок. Биз муну баарыбыз күтүп жаттык эле. Эң кызыгы, бул өкмөткө болгондой колдоо эч бир өкмөткө болгон эмес. Керек болсо биз Сапар Исаковдун да өкмөтүн сындап турчубуз. Бул өкмөт эмне алып келсе дагы парламент колдоп берип жатат. Бирок иштөө жөндөмү азырак болууда. Күнүмдүк, чарбалык гана жумуш менен алек болуп жатышат. Эми кээ бир депутаттар "бул өкмөт уурулуктан алысырак" дешет. Бирок эми андай деле болушу мүмкүн. Уурулуктан алыс, бирок кесипкөйлүк жактан аксап жатат. Ишинде ката тынбай кетип жатат. Кадрларын карасаң көбүнчөсү шайлоодо иштеп берген, мурдагы кишилер. Өз ишине тың, мыкты иштеп жаткан министрлер абдан аз. Эгер өкмөт жакшы иштеп берсе президент эле кадр-барк тапмак. Эгер өкмөткө сын-күчөсө, анда албетте президенттин саясатына да сын күчөйт.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин пикиринде, премьер-министр жана жалпы өкмөттүн ишине кедергисин тийгизген объективдүү себептер бар:

- Тилекке каршы, өкмөттүн көп маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүгү болбой жатат го деп ойлойм. Бул жерде жалаң эле президенттин аппараты жактан же башка тараптан басым болуп жатат деп, так факт жок болгондуктан, мен айта албайм. Коалициялык көпчүлүк кураган өкмөт болуп жатат да. Фракциялар да сунуштарын берип жатат, биз дагы аларды "аны-муну жаса, тигини кызматка кой" деп кыйнап жатабыз да. Муну жашырганда эмне? Мунун баары премьердин ишине тоскоол болот.

Саясий тиреш

Өкмөт жаңырганга чейин ошол кезде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Болот Сүйүмбаев бир ай иштеп, иштей электе эле кызматтан бошотулган эле. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы, анын ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Сүйүмбаев ага чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган. Анын кызматка коюлуп кайра алынышы президент Сооронбай Жээнбеков менен ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун ортосундагы саясий тиреш тууралуу талкууну күчөткөн жана премьердин иштен кетишинин башкы себеби катары да айтылган.


Сапар Исаков кызматтан кеткен күнү "Апрель" телеканалы менен болгон маегинде өзүнүн иштен алынганын Болот Сүйүмбаевди дайындаганы менен байланыштырууга болбой турганын айткан жана Сүйүмбаевди "иш билги кадр" деп мактаган:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Болот Сүйүмбаевди урматтуу Сооронбай Шарипович жумуштан алган эмес. Ал арызын жазып өзү кетти. Менин билишимче, Сооронбай Шарипович менен Болот Тураровичтин мамилеси жакшы. Көп жылдан бери партиялаш болуп жүрүшкөн. Ага мамилеси абдан жакшы. Мен эмнеге Болот Тураровичтен "азыркы кызматка келип иштеп бериңиз" деп сурандым? Мен бул кишинин жаман нерсесин деле көргөн жокмун. Тергөө органдары менен иштеп жүрчү, тажрыйбасы да бар болчу. Азыр эми кандай болоорун көрөбүз, бирок бул киши иштеп берсе жакшы эле болмок.

Апрель айында аты-жөнү коомчулуктун калың катмарына белгисиз Өткүрбек Жамшитов президент Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен башкы прокурор болуп дайындалды. Ошол учурда "Жамшитов - Сооронбай Жээнбековдун кудасы, парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин инисинин досу, президенттин жардамчысы Эрнис Толтоевдин жээни" деген сыяктуу маалыматтар тараган. Аты аталган адамдар муну каралоо деп сыпатташкан. Жамшитов өзү бул кызмат күтүүсүз сунушталганын ачыкка чыгарган:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Президент мени чакырып "бул кызматка сенин талапкерлигиңди сунуштап" жатам дегенде мага күтүүсүз болду. Алтургай ишенсеңиздер, кандай деп жооп береримди да билбей туруп калдым. Бир беш мүнөттөй убакыт отуруп калдым. Мүмкүн бүгүнкү күндөгү прокуратура системасына ушул системада иштеген адамдын келиши болсо керек. Бул президенттин чечими болду. Ушинтип сиздерге сунуштама берип жатканына президентке рахмат.

Өткүрбек Жамшитовдун тушунда прокуратура кызматкерлерине байланыштуу үрөй учурган да окуялар орун алды. Өткөн айда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлдү. Андан эки ай мурун Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев өзүн асып алган. Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысына Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин сабаган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Прокурорлордун табышмактуу өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:04 0:00



Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев башкы прокурор соңку окуяларды эске алуу менен чукул арада бул системада реформа жасашы керек дейт:

- Баткендин облустук прокуроруна кылмышкер же соттолуп чыккан адам эмес, мамлекеттик кызматкер кол салды. Бул жер-жерлерде прокуратура органдарында иштеп жаткан адамдар кадыр-баркын түшүрүп алганынан кабар берет. Андан мурда дагы чуулгандуу окуялар болгон. Башкы прокурор реформаларды жасап, ой-жүгүртүүнү өзгөртпөсө, анда бизде өсүш болбойт.


Президент Сооронбай Жээнбеков кадр саясаты боюнча пикирин бир канча жолу билдирген жана тааныш-билиштикти айыптаган. Жайында Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда кызматка өң-тааныш аркылуу келген көрүнүш жоюлушу керек деген болчу:

- Адилет, натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болот. Ошондуктан жалпы башкаруу системасын реформалоо зарыл. Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таӊкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу - бул реформанын негизги максаты. Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы - мына ушул залда отургандардын колунда. Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды. Мыкты кадрларды өстүрүү же тескерисинче, аларга тоскоол болуу жоопкерчилиги силерде. Кадрдык саясатта - профессионализм башкы сапат. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл.

"Туура" бийлердин туугандары

Кадр саясаты боюнча дооматтарда президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин аты бир канча жолу аталды. Ноябрь айында анын бир тууган агасы Ыктыярбек Абжалиев киришелүү "Мегаком" мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалганы ачыкка чыккан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан жана мындан Ыктыярбек Абжалиев кызматтан баш тарткан. Бир тууган иниси, депутат Абжалиев буга байланыштуу журналисттерди күнөөлөгөн:

- Агам Бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста жетекчи болгон. Пенсияда болчу. Кийин 5-6 мекемеге резюмесин берген экен. Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек да! "Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес, "Мегакомго" барса да татыктуу экен" деп. Мурун шоопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат.

Андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин бир тууган таякеси Замир Молдокулов Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалышы да көп сөздөргө негиз болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, Алмамбет Салиев "бийликтеги таасирлүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сөздөрдү жокко чыгарган. Анын бир тууган аким таякесин "иш билги кадр" деп мактаган:

- Бийликте болгондон кийин сөздөр болот, көп душман табасың. Эгер ал (Алмамбет Салиев) туура эмес, мамлекетке зыян келтирсе же коррупциялык схемаларга кирип, өз милдетин кызыкчылыгына пайдаланган болсо, жоопко тартылат. Ал өсө турган жигит. Азыр коррупция менен күрөштө эң башында турган, менин жанымда турган адамдардын бири. Аны дагы көп жазышат. Бирок силер факты менен айтсаңар. Анын таякесин мен тандаган жокмун. Аны мен Ошто губернатор болуп иштеп турганда билчүмүн. Көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбалуу адам. Мурун мен губернатор болуп турганда да аны сунушташкан. Андан кийин премьер болуп турганда да сунушташты. Бирок аны үчүнчү жолу көрсөтүп жатканда аны губернатор менен премьер тандады. Кимди коет, кимди алат - бул алардын укугу. Мен акимдерге кийлигише албайм. Ошто губернатор болуп иштеген адам катары ал киши тууралуу жакшы пикиримди айтып коюшум керек.

Жээнбеков саясат жана коррупция тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:18 0:00



"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликтеги тууганчылыктын кесепетин эскертип келет:

- Бир үйдөн бирөө чыгып калса, анын артынан баары гений болуп чыга келет. Бул эми уят. Муну уккандан алар уялбаса, айткандан мен уяла баштадым. Илгертен "булбулдун он балапаны болсо да бирөө эле сайрайт" деген сөз бар. Азыр эми бирөө чыкса, артынан калгандарын арабадай кылып чиркештирип алып жүргөндөн тажашпады. Бирөө чыкса эле калгандары гений болуп чыга келишет. Кечээ кайда эле алар? Анан шылтоосу эле "өзү ушундай тың экен, жакшы иштейт экен, көп жылдан бери иштейт экен" деген болот. Көп жылдан бери иштесе эмнеге буга чейин көрүнгөн жок? Бул уят. Бир нерсени көргөнү калды булар.

Мадумаров: Биздикилерге акыл кеч кирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин коммерциялык банктарга жөнөткөн каты кадрлардын кесипкөйлүгү, тажрыйбасы тууралуу талаш-талкууга жем таштады. "Өтө маанилүү" деген белгиси коюлган, 10-декабрда жазылганы көрсөтүлгөн, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган катында 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган. Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз деп айтып чыгышкан. Натыйжада өкмөт башчы Анарбаевге сөгүш берип, банк уячаларын текшерүү боюнча токтом жокко чыккан.

Гуламжан Анарбаев бул кызматка июль айында дайындалган. Аны жазында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Материалдык резервдер фондунун жетекчисинин кызматынан алган. Бул өз кезегинде мамлекет башчы менен премьер-министрдин тымызын саясий тиреши тууралуу да сөздөргө негиз болгон.


Гуламжан Анарбаев президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамы катары белгилүү. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде, андан кийин "Азаттыкка" берген комментарийде "президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык жайы бар" деген сөздөр негизсиз экенин билдирген. Бирок Жээнбеков менен жакындан тааныш экенин, анын кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев экөө айылдаш экенин ырастаган:

- Мен Ош окуяларында, 7-апрелде, андан кийин парламенттик шайлоодо, кийин президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жанында болуп, жакындан жардам берип жүргөм. Менин Сооронбай Шариповичке, Асылбек Шариповичке эч кандай тууганчылыгым жок. Биздин уруубуз да бир эмес. Парламенттик шайлоодо да, президенттик шайлоодо да ал кишиге өзүмдүн электоратым, досторум, жоро-жолдошторум менен жардам берип жүрдүк. Алиярбек Абжалиев - азыркы күндө парламенттин депутаты. Мен биздин айылдан чыккан депутат экенине сыймыктанам. Ал менин айылдашым, кичинебизден баштап чогуу өскөнбүз. Эч кандай аны менен тууганчылыгым жок. Сооронбай Жээнбеков менен ал президент болгонго чейин эле куда болушкан. Биз Мухаммедкалый Дүйшөкеевич менен тыгыз иштешип калбадыкпы. Ал биздин куратор болчу. Ошондо эле “сизди укук коргоо органдарына иштетсек кандай болот, өмүр бою бою эле ушул тармакта иштеген экенсиз” деп айтып жүрчү. Материалдык резервдер фонду менин биринчи жарандык жумушум болду да. “Кыргызстан” партиясына менин иним мүчө. Биз жетиштүү эле добуш алганбыз, бирок алар менин иниме мандат бере албай калып, анан ошол партия “байке, сизге ушуну берели” деп туруп ошол кызматты беришкен. Анан күч органдарынан кеткенге аргасыз болгом. Ошентип анан иштеп калдым.

Антсе да ар кандай кылмыштуу жол менен табылган арам акчанын кирген-чыкканын көзөмөлдөгөн негизги органга, мындай маанилүү, таасирлүү кызматка Гуламжан Анарбаевдин дайындалганы кызуу талкуу жараткан. Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков кадрларды өз ыгы менен болгонуна, эркинен чыкпаганынан карап тандоо авторитардык бийликке мүнөздүү экенин айткан:

​- 2012-жылы Финполицияны жоюп, кадрлардын баары жаңы тандалганда бул киши өтпөй калган. Эгерде бул орунга ачык сынак жарыяланып, атаандаштык боло турган болсо, мындай адамдар өтпөйт. Себеби бул адамдардын кадыр-баркы, кылган иштери тууралуу досьелер бар. Авторитардык бийликти кармап калгысы келген адамдар өзүнө жакын, айтканынан чыкпаган адамдарды кызматка коет. Иш билгилик, кесипкөйлүк жок болгондуктан бул жерде эң башкы фактор - "мен айтканды кылат, мага жакын, мени уят кылбайт" деген жагдай болот. Бул түшүнүк негизи мафиядан келген. Уюшма кылмыштуу топтордо лидердин айтканынан чыкпоо - негизги фактор. Мамлекетти же бизнести башкарууда иш билгилик, кесипкөйлүк белгилери менен тандалат да. Эгерде "институционалдык бийлик курабыз" десе - анда кимдин таанышы, кимдин куда-сөөгү, тууганы экенине карабай, ишти алып кете турган адамдарды кызматка коюш керек. Ошондуктан азыркы президенттен, премьер-министрден коомду жана бийлик институттарын өзгөртө турган реформа күтүүнүн кереги жок болуп калды. Президент бир жылда бир жолу чыгып, жакшынай сөздөрдү айтса эл деле "жакшы кылып жатыптыр" деп кала берет. Ошондуктан аны көзөмөлдөп, сындап турганга жарандык коом, оппозиция болушу керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматына кадрлардын улуттук резервин жакшыртууну тапшырган. Аталган кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров учурда өкмөткө бир катар сунуштар даярдалып жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Кадрлардын кесипкөйлүгүн, тажрыйбасын жогорулатуу, окутуу бул биздин башкы ишибиз. Кадрларды кызматка койгондо тандоо маселесина да өзгөчө көңүл бөлүп, биз өкмөткө, президенттин аппаратына да сунуштарды берип жатабыз. Саясий кызматка коердо деле Мамлекеттик кадр кызматынан ал тууралуу маалыматты сөзсүз түрдө алууну сунуштап жатабыз. Мисалы ИИМ, укук коргоо органдары ошол кадрдын соттуулугун жана башка жагдайларын карап жатпайбы. Кызматка дайындалып жаткан кишинин тажрыйбасы барбы, мамлекеттик кызматка тиешелүү баскычтарды басып өттүбү, этика маселелерин түшүнөбү жана башка маалыматты алып турса ошондо биз ошол кызматкер үчүн жооптуу да болот элек. Ал кадрды дагы электен өткөргөнгө жакшы болот эле деп сунуштарды киргизип жатабыз.

Мамлекеттик кызматка дайындоо дегенде ырчы Самара Каримованын окуясы 2018-жылы эл эсинде калды. Каримова ноябрь айында Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайга директор болуп дайындалган, бирок коомчулукта катуу сынына кабылып, бир күндөн кийин эле кызматтан алынган. 27 жаштагы ырчы былтыр "Сулайман-Тоо" музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, ушундай эле себеп менен бул кызматтан баш тарткан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG