Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Сегизбаев: Жээнбеков менен келечекти талкуулаганбыз


Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен маектештик. "Белизгейт" чыры, саясий куугунтук, ЖЭБ, эки президент менен мамилеси, кайда жүргөнү тууралуу сурадык.

"Азаттык": 14-сентябрда парламентте маалымат берип жатып Коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири "2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө “Мегакомго” таандык акциялар боюнча трасттык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды" деди. Сиз 2016-жылы декабрда президентке көрсөткөн кагаздар кайда? Эмне үчүн катталган эмес?

Сегизбаев: Бул документтер учурунда ыкчам жол менен колубузга түшкөн. Ошол учурда "Мегаком" боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону бизге белгилүү болуп калган. Андан кийин бул документтер ошол коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган бир элемент катары кабыл алынган. Ал жөнүндө президентке кирип, ыкчам маалыматтар бизге түштү, ушунун негизинде текшерүү өткөрөлү деп сунуш кылганбыз.

Сегизбаев: Жээнбеков менен келечекти талкуулаганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:24 0:00

"Азаттык": Ошол сиз көрсөткөн документтердин өзү жок болуп жатпайбы?

Сегизбаев: УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Ошол кат УКМКда бар.

Сегизбаев президентке көрсөткөн, Белизден келди делген кагаздар
Сегизбаев президентке көрсөткөн, Белизден келди делген кагаздар

"Азаттык": Президентке көрсөтүлгөн кагаздар жасалма деп ошол эле күнү күдүк сөздөр айтылганда сиз "мунун аныктыгын кайра Белиздин расмий органдарына байланышып далилдейбиз" дедиңиз эле. Азыр ошонун жыйынтыгы чыкпай калды. Сизге берилген оперативдик делген документтер ошондо такталбай калып жатпайбы?

Сегизбаев: Тактаганга бир нече аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп алалган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык...

"Азаттык": Сиз президентке көрсөткөн кагаздар боюнча ырастама келбептир да анда?

Сегизбаев: Биз түздөн-түз жооп алалган жокпуз Белизден.

УКМК “Белизгейттеги” үч депутаттын атын атады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

"Азаттык": Абдил Сегизбаев ошол кезде анык эмес документтерди президентке көтөрүп барып, аны башкы телеканал аркылуу чагылдырып, саясий буйрук аткарган деп күнөө коюп жатышпайбы?

Сегизбаев: Мен парламентте айткам. Эч кимди күнөөлөгөн жокпуз, муну текшеребиз деп. Биз текшергенбиз. Ошонун негизинде "Мегакомдун" тегерегинде коррупция бар экени аныкталган. Ошонун негизинде иш козгоп, сотко жөнөткөнбүз.

"Азаттык": Жок, алар башка маселе боюнча абакка отурду да. Адаштырбаңыз да.

Сегизбаев: Бул кагаздар бизге "Мегакомдо" коррупция орун алганы жөнүндө маалымат берген. Кийин ошонун негизинде текшерип, коррупциялык схемалар ачыкка чыгып, айрым депутаттар соттолду.

"Азаттык": Бирок ошол сиз көрсөткөн документтер, андагы дооматтар боюнча соттолгон жок да? Сиз эң негизги деп айтып жаткан Текебаев, Шыкмаматов, Салянованын 7 пайыздан үлүшү бар экен деп жаткан айыптоолор боюнча эмне үчүн кылмыш ишин козгой алган жоксуңар?

Сегизбаев: Бул маалымат боюнча текшерүү жүргүзгөнбүз. Муну аракет кылышкан, бирок ишке ашыра алышкан жок. Себеби, 51% сата алышкан эмес. Бирок 2012-жылы май айларында аракеттер болгон.

"Азаттык": Ушул айтканыңызды “Ата Мекен” партиясы четке каккан эле. Маалымат жалган жана документ жасалма дешкен. Ошол эле маалда сиздин колдогу кагаздарды балким Максим Бакиев же анын өнөктөштөрү атайын кызматты адаштырып, шакаба чегиш үчүн берип жаткан жокпу деди эле. Сиздин кагаздагы колу коюлган кишилер "Азаттыкка" Белизден Кыргызстанга документ жөнөтүлбөгөнүн билдирген. Сиз өз булагыңызга канчалык ынанасыз?

Сегизбаев: Эми бизде толук маалыматтар ошол учурда көп болгон. Ошолордун негизинде текшерүү керек деп чечим кабыл алганбыз. Анын негизинде жанагындай натыйжа чыкты.

"Азаттык": Так эсимде, Текебаевге байланыштуу сиз көрсөткөн кагаздар сот ишине камтылган эмес. Алар "Маевский деген кишиден пара алган экен" деп соттолушту. Демек, сиз айтып жаткан иштер алардын камалышына жардам бербей калып жатпайбы?

Сегизбаев: ​Ушул кагаздар кийинки иштерге себеп, түрткү болуп берген.

"Азаттык": Ушул сөзүңүзгө юридикалык негиз барбы, Абдил мырза? Түрткү болсо анда кайсы бир кылмыш ишинде камтылышы керек да? Камтылган эмес да?

Сегизбаев: Бул маалыматтар келгенден кийин ошол "Мегакомдун" тегерегинде коррупциялык схемалар орун алганын бизге көрсөтүп берди да. Анан ошонун негизинде иш жүрдү, текшерүү жүрдү. Кийин иш козголду.

"Азаттык": "Документтердин аныктыгы ырасталбаса, Абдил Сегизбаев керт башы менен жооп берет" деп президент билдирген. Азыр кесиптештериңиз таппай жатат. Биздин Кыргызстандын расмий катына Белизден келген жоопторду карап туруп кимдир бирөөгө кылмыш ишин ачууга негиз жок жаптык деп жатат Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев. Сиз бул маселеде өзүңүздүн чындыгыңызды коргоого даярсызбы?

Сегизбаев: Азыр бир нерсени туура көрүп жатам. Биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Себеби, буга көңүл бурбай, көмүскө калып калса "Мегакомдун" тегерегинде бир топ терс иштердин баары көмүскөдө калып калмак экен.

УКМК: Белизден документ келген эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:30 0:00

"Азаттык": Сиз учурда эмне менен алексиз? Абдил Сегизбаев качып кетти деп маалымат чыгып жүрөт. Кыргызстандын аймагында элесизби?

Сегизбаев: Мен Кыргызстандан эч жакка кеткен жокмун. Эч жакка кетпейм. Эч нерседен качпайм. Мен кача турган адам эмесмин. Мен элдин алдында тазамын. Эмнеге качышым керек? Азыр эс алып жатам.

Эгерде мыйзамсыз иш кыла турган болсок анда күнөөнү сезет элек. Биз ишибизди жакшынакай аткарып бердик. Колдон келишинче коррупция менен күрөшкөнгө аракет кылдык.

"Азаттык": Коррупция менен күрөштүк деп айтып жатасыз. Бирок ошол эле учурда ЖЭБдеги он миллиондогон долларлык коррупциялар, Тарых музейиндеги жана башка коррупциялык былыктар боюнча азыр чуулгандуу камоолор болуп жатат. Мындай масштабдагы, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирчү иштерди убагында эмнеге токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес?

Сегизбаев: Убагында токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болгон. Андай аракеттер болгон. Комиссия иликтеп аткан документтерде УКМКдан барган кагаздар да бар. Комиссия жыйынтыгын чыгарганда аны айтат болушу керек. Коопсуздук кеңеши менен антикоррупция программасын түзүп жатканда 2016-17-жылдары бул маселе боюнча иш жүргөн. Коркунуч бар деген кагаздар болгон.

"Азаттык": Бирок андан кийин бир жыл, бир жарым жыл өттү. Эмне үчүн ошондой коркунуч бар деп убагында айтылган эмес? Жаап-жашырып коюуга кызыкчылыгыңар болгонбу?

Сегизбаев: Тарых музейи боюнча айта албайм. Себеби биз иштеп атканда ал боюнча кагаздар жок болчу. Бирок ЖЭБ боюнча Коопсуздук кеңеши менен иштегенбиз. Темир Жумакадыров менен тыгыз байланышта иштегенбиз.

"Азаттык": Кооптонуулар бар деп президентке билдиргенсиздерби?

Сегизбаев: Коопсуздук кеңешине материал жөнөткөнбүз.

"Азаттык": Бул жерде мындай суроо туулуп атат. Сиздер Белизден келген документтерди аныктыгын биле электе эле президентке көрсөтүп, анан коомчулукка тарап кетип жатат. Ошол эле учурда коррупция жыттанган ЖЭБдеги маселелер эмне үчүн убагында президентке көрсөтүлгөн эмес, убагында Белиздики сыяктуу коомчулукка чыгарылган эмес? Кош стандарт барбы?

Сегизбаев: Коопсуздук кеңеши деген структураны түшүнөсүңөр да, эмне деген кызмат экенин...

"Азаттык": Жок, ал жагын түшүнөбүз. Бирок берки маселе боюнча айтып атам да, эмне үчүн эки башка мамиле болуп атат?

Сегизбаев: Эми, Али, мындай болуп жатпайбы. Биз Коопсуздук кеңешине такталган материалды расмий түрдө жөнөтүп атабыз да.

"Азаттык": Бирок ошол эле силер билген ЖЭБ маселеси бир-эки жыл мурда коомчулукка чыккан эмес да, ушундай коркунуч бар деп. Текебаевдерге байланыштуу маселе такталгыча эле тарап кеткен. Же бул саясий куугунтук экени ыраспы?

Сегизбаев: Бул эки нерсени эки бөлөк караш керек. Биринчиден, коррупция менен күрөш системалуу түрдө жүрөт. Маалымат түшкөн сайын кагазга түшүрүлүп, тиешелүү структураларга жөнөтүлөт. Мисалы, системалуу эмес маалыматтар, жеке бир аткаминердин коррупцияга аралашканы, күтүлбөгөн жерден чыккан маалыматты биз оозеки президентке докладды беребиз. Ошонун негизинде тапшырма алынат.

"Азаттык": Макул, ЖЭБ боюнча ошондо кооптуу деп маалымат алынганда, азыр ЖЭБ боюнча камакта отурган Сапар Исаковго байланыштуу кандайдыр иликтөө жүргөнбү? Күмөн ойлор болгонбу?

Сегизбаев: Ал кезде фамилиялары жок болчу.

"Азаттык": Азыр деле фамилиялар кокустан белгилүү болуп калган жок да. Ошондогу маселе, иштерге таянып камап атышпайбы. Мисалы, Исаков премьер-министрликке көрсөтүлгөндө ушундай күмөн бар деп маалымат бергенсиздерби?

Сегизбаев: Мен дагы бир жолу кайталап кетейин, ошол учурда биз коркунучтар бар, мындай болуп кетиши мүмкүн деген маалыматты бергенбиз.

"Азаттык": Абдил мырза, сиз башкарган учурда Улуттук коопсуздук кызматы жазалоочу органга, саясий оппоненттерди аёосуз куугунтуктаган органга айланды деп абдан катуу сын айтылган. Кызматтан кеткениңизге бир топ убакыт болду. Азыр таразалап, өзүңүздүн ишиңизге кандай баа бересиз?

Сегизбаев: Ачык эле айтайын, 2014-жылы жыл сайын миң, бир жарым миң ар кандай ызы-чуу, митингдер болуп тургун учур эле. Стабилдүүлүктү орнотуш үчүн коопсуздук органдары өз чараларын көрүшү керек болчу.

Мен андайга макул эмесмин. Себеби, биз өз ишибизди аткарып аттык. Ошонун натыйжасында коопсуздукту, туруктуулукту сактап калдык. Эгер андай болбой турган болсо, анда башаламандыкка жол бермекпиз.

"Азаттык": Саясий оппоненттерге карата куугунтук күч болду деген айыптоолорду катардагы укук коргоочулар эле эмес, эл аралык укук коргоо уюмдары да айтып келишти...

Сегизбаев: Мисалы?

"Азаттык": Мисалы, Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго байланыштуу... Алар качып кетпей Кыргызстанга келген учурда кармалышты. Анда да кандай кармалганын өзүңүз билесиз. Мына ушул жана башка маселелер. Алардын тергөө ишиндеги далилдердин жетишсиздиги боюнча абдан көп кинелер тагылган. Балким кээ бир жерде саясий жүйө менен иш алып барып калдым деп өкүнөсүзбү?

Сегизбаев: Мен ойлойм, биз ишибизди так, туура алып бардык. Эгерде муну кылбаганда азыр кырдаал башкача болмок. Ишибизди мыйзам чегинде, абийирибиз менен алып бардык. Мен эч нерсеге өзүмдү күнөөлөбөйм. Иштешкен балдарга ыраазычылык билдирет элем. Ушул жүктү көтөргөн, өз ишин так аткарган Коопсуздук комитетинин адамдарына рахматымды айтат элем. Муну кылбаса, азыр кырдаал башкача болмок.

"Азаттык": Сиз өзүңүзгө оң баа берип жатасыз. Ошол эле учурда сиздин айрым командалаштарыңыз, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, энергетика тармагындагы мурдагы жетекчилер ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу абакта. Алар боюнча пикириңиз кандай?

Сегизбаев: Эгер күнөөсү болсо мыйзам чегинде жазасын алышат. Эгер күнөөсү жок болсо акталышат. Бул жерде мыйзамдын негизинде иш алып барыш керек. Мен эч кандай баа бере албайм.

Атамбаев: "Белизгейт" тастыкталбаса Сегизбаев жоопко тартылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

"Азаттык": Экс-президент менен жолугуп жатасызбы? Акыркы ирет качан учураштыңыз?

Сегизбаев: Ал киши менен көрүшүп турам. Сооронбай Шарипович менен да көрүшүп турам. Алмаз Шаршенович менен бир гана адамгерчилик мамилебиз бар. Ошол адамгерчилик мамиледе сүйлөшөбүз көбүнчө. Жумуш боюнча эмес. Себеби мен азыр саясатта эмесмин. Негизинен ошол.

Абдил Сегизбаев жана Сооронбай Жээнбеков
Абдил Сегизбаев жана Сооронбай Жээнбеков

"Азаттык": Президент Жээнбеков менен жолугуп атам деп атасыз. Мунун мазмунун да эл билиши керек го.

Сегизбаев: Ал киши менен отставкага кеткенден кийин жолуккам. Ал кишиге рахмат. Келечек боюнча сунуштар болду. Бирок азырынча рахматымды айтып, ал кишиге ийгилик каалап, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болоюн деген сөздөр болгон.

"Азаттык": Сизге кызмат сунуштадыбы?

Сегизбаев: Биз келечек боюнча сүйлөшкөнбүз. Себеби ал кишини дагы түшүнүп атам. Ал кишиге дагы колдоо керек. Анын да пландары бар. Келечек боюнча сөз болгон.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG