Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Шыкмаматов: Белизден келген жооп жоголуп кеткен


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Ата Мекен" фракциясы Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн “Белизгейт” жаңжалы боюнча Кыргызстандын суроосуна жооп 2017-жылдын 23-октябрында эле келгенин Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирди.

Өткөн аптада башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "Белизгейт" жаңжалы боюнча жооп келе электигин маалымдаган. Аталган фракциянын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыктын" бул тууралуу суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Алмамбет мырза, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Белизгейт" боюнча Белиз өлкөсүнөн расмий жооп келгенин билдирген. Бул маалымат сиздерге расмий берилдиби?

Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Шыкмаматов: Биз фракциянын чечими менен Белизден жооп алуу боюнча Тышкы иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Башкы прокуратура биздин өтүнүчүбүзгө "Белизден жооп келе элек" деп билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен сурасак, аталган мекеме бизге расмий кат менен жооп берди. Мекеме Белизден жооп 2017-жылдын 23-октябрында келген, расмий жоопту ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага кол койдуруп бергенбиз деп жазган.

ТИМдин катында ошол документтин номуру да көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги "Белизден документ келген, аны Индира айымдын колуна тапшырганбыз" деп айтты. Башкы прокуратура бир жылдан бери ал катты "катчылыкта жок" деп жатат. Демек, Индира Жолдубаева ал документти жокко чыгарган же кириштеген эмес.

Эгер кириштеп, ал документти расмий каттаганда, алар анын калп экенин айтып, жооп бериши керек эле. Балким Индира Ырысбаевна Абдил Сегизбаевдин абийирин жабыш үчүн катты расмий каттабай койгон. Бирок ТИМ бизге экинчи катты жолдоп жатат. Анда жакында эле АКШдагы элчи Токтогулов (Ред: Кадыр Токтогулов) аркылуу былтыркы каттын көчүрмөсү алынганы белгиленген.

Кадыр Токтогулов Белиздин элчиси менен жолугушууга нота берип, сүйлөшүп, "былтыркы документти жоготуп алганыбызга байланыштуу кайра бергиле" деп өтүнүп, экинчи көчүрмөсүн алыптыр. Аны быйыл 25-майда башкы прокуратурага расмий тапшырганын ТИМ айтып жатат.

Демек, бүгүнкү күндө Башкы прокуратурада Белизден келген документтер бар. Ошонун негизинде эми алар бул маселеге чекит коюшу керек. Бул документ жасалма экени, Абдил Сегизбаев аны үч депутатты дискредитация кылуу үчүн пайдаланганы айдан ачык. Бирок аны прокуратура расмий түрдө тастыктап коюшу керек.

"Азаттык": Сиз ТИМге таянуу менен былтыр берилген документтердин көчүрмөсүн Кыргызстан Белизден кайра алып, ал быйыл 25-майда Башкы прокуратурага берилгенин белгилеп жатасыз.

Бирок 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин тармактык комитетинде маалымат берип жатып, Белизден жооп келе электигин айткан эле.

Шыкмаматов: Эми аны Жамшитовдон сураш керек, эмнеге антип айттыңыз эле деп. Демек, кат келген, бирок ага жете элек. Мына, Тышкы иштер министрлигинин каты турбайбы. Алар "келди" деп жатат.

"Азаттык": Сегиз ай мурун келген жооптун "жоголуп" кетиши депутаттар тарабынан иликтенеби?

Шыкмаматов: Аны укук коргоо органдары иликтеши керек. ТИМдин катында баары бадырайып абдан түшүнүктүү болуп жазылып турат да.

Маалымат үчүн: Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. ​"Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип келет. Башкы прокуратура жана УКМК былтыр "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG