Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:17

Апта: "Белизгейттин" сыры, эки Кореянын сыйы


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жума күнү "Ата Мекен" фракциясы 2016-жылдагы "Белизгейт" деп аталган чуулуу иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылып, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилерине кайрылды.

Фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Сегизбаев менен Жолдубаева Белизден келди деген документтерди "ыкчам маалымат" катары парламентте билдирүү жасап, “саясий авантюрага барган" деп айыптады.

- Абдил Сегизбаев президентке жагынам деп парламентте Белизден үч трасстык документ келди деп билдирүү жасаган. Анда биздин "Ата Мекен" фракциясынын үч мүчөсү "Мегакомдун" 24% үлүшүн алышкан экен деп айыптаган. Буга КТРКны тартып, атайын репортаж даярдап, ырасталбаган, жасалма документтердин негизинде жалган жалаа жана карандай каралоо жүргүзүп, укмуштай бир чоң саясий авантюрага барышкан, - деди фракция лидери.

Ал “Белизгейт” операциясын ишке ашырды деп Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери делген эки кишинин: Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мусаканов менен компьютердик технолгия боюнча адис Асел Жекшенованын атын атады.

"Бул окуядан кийин Жекшенова уятына чыдабай, кызматтан бошонуп, чет өлкөгө кетип калыптыр. Бул эки кызматкер 2016-жылы октябрь айында Белизге барышкан. Алар Вробел [Белизден келди делген документтердин бирине кол койгон жергиликтүү адвокат Раян Вробел - ред] менен сүйлөшүп, документ жасап келишкен” – деген маалымат берип, бул боюнча токтоосуз иликтөө иштерин баштоону жыйынга катышып жаткан Башкы прокуратуранын өкүлүнө тапшырды.

"Ата Мекен" Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

"Белизгейт" - бул намыстын иши” – деген депутат Каныбек Иманалиев “бул иш ырасталбагандан кийин ал үчүн кимдир бирөөлөр жазасын тартышы керек” деген пикирин билдирди.

- Салянова, Текебаев жана Шыкмаматовду КТРК эки жылдан ашуун жалганды чындай айтып, аларды эфирден Бен Ладендей кылып көргөзүп, сюжеттерди берип жатты, - деп сындады Иманалиев.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев мурда мыйзамсыз токтотулган же мыйзамсыз токулган кылмыш иштери боюнча “атайын экспертизалар” дайындаларын айтты.

- Көп адамдар суракка алынат. Анан мунун баары көлөмдүү болгону үчүн жана иштин татаалдыгына байланыштуу кичине убакытты алып жатат. Бирок биз бул иштерди аягына чыгарып, аларды сотко чейин жеткиргенге аракет кылабыз, - деп убада берди.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Фракция кабыл алган чечимде "Белизгейт" иши оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго каршы атайын токулуп, жасалганы көрсөтүлдү.

"Атамекенчилер" КТРК жетекчилигин “жасалма документтердин негизинде” даярдалган маалыматтарды төгүндөөгө милдеттендирүү талабын киргизди. Иликтөө ишин июнь айына чейин аягына чыгаруу мөөнөтү берилди.

УКМК жана кызматтан четтетилген Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева оппозициялык фракциянын айыптоосунан кийин эч кандай комментарий бере элек.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев 2016-жылдын ноябрында парламентке келип, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телеком” компаниясынын “акциясынын 50% сатууну көздөгөнүн” далилдеген ишенимдүү документтер Белизден алынганын ырастаган.

- Эгерде иликтөө жакшы жүрсө, мен муну каяктан жана кандай жолдор менен алганыбызды айтууга даярмын. Эгерде бул жерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, анда мен буга жооп берейин,- деп башкы чекист жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Сегизбаев Белизден келди делген документтерди президент Атамбаевге берип жатканда тартылган сүрөттөрдү мамлекет башчынын маалымат кызматы коомчулукка тараткан.

Кийинчерээк Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул иш далилденбесе, Сегизбаев «керт башы менен жооп берерин» айткан болчу.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев «Белизгейт» иши иликтенип, коомчулукка ачык, так маалымат берилиши керек деген көз карашта.

- Сөзсүз иш козголушу керек. Аны жасаган адамдардын аты-жөнү аталып, анан алар жооп бериши керек. Анткени бул иш фальсификация экени, алардын коомчулукту, элди алдаганы баарына түшүнүктүү болуп калды, - деди Дүйшөбаев.

Ал эми саясатчы таануучу Табылды Акеровдун оюнча, бул ишти аткаруу Сегизбаевге «жогору жактан таңууланган».

- Бирок анда тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал жогору жактан таңууланган тапшырманы аткармак же кызматтан чегинмек. Ал эмнени тандаганын баарыбыз тең көрдүк, - деген саясат таануучу «Белизгейт» операциясына юридикалык баа берилип, ал кийинкиге сабак болушу абзел деген пикирде.

​«Белизгейт» чуусу 2016-жылдын күзүндө президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин тиреши курчуп бараткан маалда чыккан.

Бул табышмактуу документтерге байланыштуу ишти иликтөөнү президент Башкы прокуратурага тапшырган. Башкы прокуратура жана УКМК атайын топ түзүп, ага Белиз өлкөсүнөн келген документтерде келтирилген жагдайларды кеңири иликтеп чыгып, укуктук баа берүү тапшырмасы берилген.

Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

6-апрелде «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков Белиздин бийлигинен жооп келе электигин маалымдаган. «Белизгейт» боюнча ошол мамлекеттин өзүнө кат жиберилген. Алардан жооп алмайынча, биз чечим чыгара албайбыз», - деген Казаков.

Армения: бийлик кризиси уланууда

Узап бараткан жумада Арменияда массалык нааразылык акциялары токтобой, саясий бурулуштарга бай болду. Парламентте көпчүлүк коалиция урады.

Армениянын президенти Армен Саркисян "Азаттыктын” армян кызматына берген интервьюсунда:

- Эгер биз бул жараянды туура башкарсак, демонстрациялар маалында көтөрүлгөн бардык маселелер Конституцияга ылайык парламент ичинде чечилет. Андан соң биз Армения чыныгы демократия жолуна түштү деп сыймыктануу менен айта алмакпыз, - деп белгилеген.

Президент Саркиясан өкмөт башчы Саргсяндын “саясий көрөгөчтүк” кылып, өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин жогору баалады. 23-апрелде Ереванда миңдеген адамдар Саргсяндын кызматтан чегингенин майрамдап, элдин биримдигин, күчүн даназалап жатышты.

Ереванда он миңдеген адам митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Армян президенти 25-апрелде өлкөдөгү бир катар саясий күчтөр менен сүйлөшкөн. Андан тышкары Евразия Экономикалык Биримдигине кирген Казакстан, Беларус жана Орусиянын президенттери менен телефондон пикир алышты.

Саргсян премьерликтен кеткенденден кийин тынчый түшкөн эл оппозиция менен бийлик тил табыша албай калганда, шаршембиде кайра көчөгө чыкты.

Парламентте Саргсяндын Республикачыл фракциясы менен башкаруучу коалицияга кирген, жети депутаты бар “Дашнакцутюн” андан чыгып кетти. Алар дайындаган үч министр, эки губернатор да кызматтарын тапшырды.

Тогуз депутаты бар “Елк” фракциясы лидери, 13-апрелден бери элди баштап көчөдө жүргөн Никол Пашинянды премьерликке көрсөттү.

31 депутаты бар, оппозициядагы “Царукян” фракциясынын лидери да Пашинян менен жолукканы белгилүү болду.

26-мартта спикер Ара Баблоян премьер-министрди шайлаш үчүн парламент 1-майда кезексиз жыйынга чогуларын жарыялады. Өкмөт башчылыкка келүү үчүн депутаттардын 53 добушу керек. Кызматтан кеткен Серж Саргсяндын Республикачылар фракциясында 58 депутаты бар.

Ванадзордогу митинг, Армения. 28-апрель
Ванадзордогу митинг, Армения. 28-апрель

“Баркыт революциясынын” башында жүргөн, оппозициялык депутат Никол Пашинян “премьерликке өзү татыктуу” экенин жарыялады. “Бүгүн республикачылар фракциясынын депутаттары мага келип, элдик талапкерди премьер-министрликке колдой тургандыгын расмий айтышты. Өкмөттү убактылуу жетектеп турган Карен Карапетяндын "бийлиги жок”, - деп жар салды эл алдында туруп.

Парламенттеги Республикачылардын лидери Ваграм Багдасарян «Элдик талапкер» деген салыштырмалуу түшүнүк. Биз Конституция алкагында аракет кылып, анын бир да пунктун бузбайбыз. Калганын кийин сүйлөшөбүз», - дегени менен эч бир шарт койбостон оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярдыгын билдирди.

Экс-президент, экс-премьер Серж Саргсян Республикалык партиянын башчылыгынан да кетери белгилүү болду. Анда башкаруучу партияны анын орун басары, ушул тапта премьер-министрдин милдетин аткарып турган Карен Карапетян жетектеп калат. Ал өкмөт башчылыкка талапкерлигин коёр-койбосу азырынча белгисиз.

Пашинян да 1-майга чейин кандай кадамдарга барарын айта элек.

Армениялык политолог Микаэл Золяндын белгилешинче, парламентте оппозициянын өкмөт башчылыкка өз өкүлүн даярдоого рычагдары жок. Андыктан оппозициялык лидерлер элди көчөдө карамап турууга кызыкдар. «Канчалык эл көчөгө көп чыкса, ошончолук оппозициянын мүмкүнчүлүгү чоң», - дейт Золян.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Медет Түлөгөнов эки ыңкылапты башынан кечирген Кыргызстандын тажрыйбасын эске алып, Аремениядагы окуяларга баа берди.

- Биздеги эки жолку, айрыкча биринчи жолку ыңкылаптын чоң катасы - кайсы бир саясий топко, саясатчылар тобуна баарын ишенип тапшырып койгонубуз болду. Кийин ошол саясатчылардан элдин көңүлү катуу иренжиди. Укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү кайсы бир учурда саясатчылардын үстүнөн көзөмөлдү жоготуп коюшканын моюнга алышты, - деген саясат таануучу Арменияда жарандык коом, эркин маалымат каражаттары саясатчылардын ар бир кадамына көз салып, элдин талабы аягына чейин аткарылышына көзөмөл жүргүзүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Эки Кореянын тарыхый саммити

27-апрелде Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугуусу өзөктүк куралдан “толук” арылуу жана тынчтык келишимине кол коюу убадасы менен жыйынтыкталды.

Ким Чен Ын 1953-жылы Корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына бут койгон Түндүк Кореянын алгачкы лидери болду. Жума күнү аны чек арадагы Панмунжом айылына жоон топ делегация, анын ичинде быйыл жыл башында Түштүк Кореядагы Олимпиадага келип кеткен карындашы Ким Ё Чжон да коштоп келди.

Ким Чен Ынды эки өлкөнү бөлгөн демаркация тилкесинде Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды.

Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Панмунжомдогу Тынчтык үйүндө өткөн сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “Биз тынчтык менен бейкуттуктун жана Корей элинин ортосундагы мамиленин жаңы тарыхы жазыла баштаган учурда турабыз” деп белгиледи. Ал ошондой эле “учурдагы көйгөйлөр, кызыкчылыктардан чыккан маселелерди ачык-айкын сүйлөшүп, жакшы жыйынтыкка жетишибиз керек”, - деди. Жолугушууну “тарыхый” деп баалады.

Жума күнкү жолугушуу - Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Кореянын лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан. 27-апрелдеги сүйлөшүүнүн соңунда эки лидер бирдиктүү декларацияга кол коюшту.

Эки лидер Корей жарым аралындагы өзөктүк куралдан арылуу үчүн чогуу иш алып барууну, тынчтык келишимине кол коюуну убада кылышты. 1953-жылы Корей согушу аяктагандан кийин эки тарап элдешүү макулдашуусуна жетишкени менен согуштун бүткөнүн расмий тастыктаган тынчтык келишимине алигиче кол коюла элек.

- Биз Корей жарым аралында мындан ары согуш болбой турганын жана тынчтыктын жаңы доору башталганын жарыяладык, - деди Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин.

Быйыл жыл соңуна чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин Пхеньянга сапар жасары белгилүү болду. Ошондой эле алар Түндүк Кореянын Кэсон шаарында туруктуу байланыш кеңсесин ачууну, 65 жыл мурдагы согуштан кийин бири-бирин көрбөй калбай калган үй-бүлөлөрдү убактылуу жолуктуруп турууну макулдашты.

Буга кошумча Кытай менен АКШнын катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, эки өлкө ортосундагы темир жана кара жолдорду бириктирип жаңылоодо мунаса табылды.

Ким Чен Ын менен Мун Чже Ин алгачкы чек арадагы аймакта тынчтыктын жана бейкуттуктун символу саналган кызыл карагай тигишти. Кечки сый тамактан кийин Пхеньяндан келген делегация жол тартты.

Түндүк Кореянын лидерин тосуп алуу учуру.
Түндүк Кореянын лидерин тосуп алуу учуру.

Ким Чен Ын майда же июнь айында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугары кабарланып жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү эки Кореянын жетекчилеринин алгачкы жолугушуусуна күмөн саноо менен бирге оң баа берип жатышат.

НАТО эл аралык коомчулук Түндүк Кореяда конкреттүү өзгөрүүлөрдү байкамайынча, санкциялар кала бериши керек деп билдирди.

Түндүк Кореянын негизги экономикалык өнөктөшү Кытай бул жолугушууну Корей жарым аралындагы "тынчтыктын жана туруктуулуктун" жаңы барагы катары сыпаттады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG