Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

“Армения тарыхынын жаңы барагы ачылды"


Армения.
Армения.

Арменияда 25-апрель саясий бурулуштарга бай болду. Парламентте көпчүлүк коалиция урады. Президенти өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери, ички саясий күчтөр менен сүйлөшүү өткөрдү. Премьер-министрди шайлаш үчүн кезексиз жыйын белгиленди.

“Ушундан тартып бизде Армениянын жаңы тарыхынын барагы ачылды. Биз Жаңы Арменияда жашай баштадык” деп жазылат президент Армен Саркисяндын 26-апрелдин таңындагы билдирүүсүндө.

“Акыркы күндөрдө өлкөбүздөгү дүркүрөгөн өнүгүү болуп көрбөгөн көрүнүш. Жарандык кыймыл уюшкандык менен цивилдүү өнүгүүнүн жолунда жалпы элдик кыймылга өсүп жеткени бүтүндөй армяндар үчүн сыймык” деп улантылат президенттин кайрылуусу.

Армен Саркисян.
Армен Саркисян.

Ал 25-апрелде өлкө ичиндеги бир топ саясий күчтөр менен сүйлөшкөн. Андан тышкары Евразия Экономикалык Биримдигиндеги Казакстан, Беларус жана Орусиянын президенттери менен телефондон пикир алышкан.

Серж Саргсян премьерликтен кетип, тынчый түшкөн эл оппозиция менен бийлик тил табыша албай калганда, 25инде кайра көчөгө чыккан.

Бул күн саясий салмакты көчөдөгү эл тарапка оодарды. Жети депутаты бар “Дашнакцутюн” чыгып кетип, коалиция бузулду. Алар дайындаган үч министр, эки губернатор да кызматтарын тапшырышты. Тогуз депутаты бар “Елк” фракциясы лидери, 13-апрелден бери элди баштап көчөдө жүргөн Никол Пашинянды премьерликке көрсөттү.

31 депутаты бар, оппозициядагы "Царукян" фракциясынын лидери да Пашинян менен жолукканы белгилүү болду. Ага чейин алар тарапташтарын жүрүштөрдү колдоп, кошулууга чакырышкан.

Бүгүн парламент спикери Ара Баблоян премьер-министрди шайлаш үчүн 1-майда кезексиз жыйын болорун билдирди. Премьер болуш үчүн 53 добуш керек.

Мурдагы президент, элдин сүрүнөн кийин премьерлик кызматын да тапшырган Серж Саргсяндын Республикачылар фракциясында 58 депутат бар. Бирок Пашинян жүрүштү "баркыт революциясы" деп атагандан кийин революциялык талаптарды коюп, "республикачылар премьерликке талапкер көрсөтпөсүн" деп жатат.

Никол Пашинян (ортодо) нааразылык жүрүшүн улантууда. 26-апрель, 2018-жыл
Никол Пашинян (ортодо) нааразылык жүрүшүн улантууда. 26-апрель, 2018-жыл

​Кечээ кечиндеги митингде Пашинян алардын айрымдары да өзүн колдой башташканын билдирди:

- Бүгүн республикачылар фракциясынын депутаттары мага келип, элдик талапкерди премьер-министрликке колдой тургандыгын расмий айтышты. Бир нече күн мурда "Серж Саргсян Арменияда бийлигинен ажырады" дедим эле. Азыр да ошондой эле жоопкерчилик менен айтам, Арменияда Карен Карапетяндын да бийлиги жок!

Республикачылардын парламенттеги лидери Ваграм Багдасарян фракциянын жыйынынан шашып чыкты. Журналисттерге коридордон шаша-буша жооп берип, ынтымактуу турушканын улам кайталап жатты:

- "Элдик талапкер" деген салыштырмалуу түшүнүк. Биз Конституция алкагында аракет кылып, анын бир да пунктун бузбайбыз. Калганын кийин сүйлөшөбүз. Баарыбыз биримдиктебиз. Республикалык партия бирдиктүү.

Деген менен республикачылар эч бир шарт койбостон оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярдыгын билдирди. Бул Пашиняндын "премьер көрсөтпөйсүңөр" деген талабына макул болуубу же башка мааниби - анысы ачык айтыла элек.

Эл бийликке каршы курал колдонуп, зомбулукка барган жок, дүкөндөр тонолгон жок.
Эл бийликке каршы курал колдонуп, зомбулукка барган жок, дүкөндөр тонолгон жок.

Бул тапта экс-президент, экс-премьер Серж Саргсян Республикалык партиянын башчылыгынан да кетери белгилүү болду. Анда кубаттуу партияны орун басары, азыр премьер-министрдин милдетин аткарып турган Карен Карапетян жетектеп калат.

Мыйзам боюнча өлкөдө убактылуу биринчи киши болуп турган Карапетян премьерликке талапкерлигин коёр-койбосу белгисиз.

Пашинян да 1-майга чейин кандай кадамдарга барарын айта элек. Ал элди күн сайын аянтка чакырып турабы же эл тарайбы - азырынча билине элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG