Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Арменияда эл кайра толкуду


Арменияда толкундоолор уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Арменияда толкундоолор уланууда

Ереванда бир күн тынчый түшкөн нааразылык жүрүштөрү кайрадан уланды. Буга оппозиция лидери Никол Пашинян менен өлкөнү убактылуу башкарып турган Карен Карапетяндын тил табышпай жатканы себеп болууда.

Никол Пашинян миңдеген демонстранттарды баштап, кайрадан көчөдө. Үн күчөткүчү да колунда.

Полиция, атайын аскерлер да чопкутталган аскер техникасы, тикенек зымдар жүктөлгөн УАЗдары, автозактары менен кайрадан аянтка келишти.

11 күндүк нааразылык акцияларынан соң 23-апрелде президенттиктен премьерликке өткөн Серж Саргсян кызматтан кеткен. Буга шыктанган эл майрамдап, 24ү тынч өткөн.

Пашинян элди кайрадан көчөгө чакырууда.
Пашинян элди кайрадан көчөгө чакырууда.

Бүгүн, 25-апрелде Никол Пашинян менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян жолугуп, бийликти ооштурууну сүйлөшмөк.

Бирок “Пашинян өзүнүн гана талаптарын талкуулагысы келет, ал тургай биз тараптан сүйлөшүүгө келчү кишилерди да тандап жатат” деп Карапетян жолугушуудан баш тарткан.

Ошол эле маалда эки лидер тең "кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүп, анан премьер-министр шайлансын" дегенге макул. Бирок экөө ага чейинки убактылуу өкмөт кандай түзүлөт, аны ким жетектейт деген маселеде тил табышкан жок.

Полиция бүгүн жүрүшкө чыккандарды азырынча кармай элек.
Полиция бүгүн жүрүшкө чыккандарды азырынча кармай элек.

Пашинян өзү "баркыт революциясы" деп атаган жүрүштөрдүн жеңиши бекемделиши үчүн Серж Саргсяндын башкаруучу партиясы тез арада аткаруу бийлигинен кетиши керек экенин айтты:

- Республикалык партия Серж Саргсяндын кызматтан кетишин бетке кармап, кайра эле бийлигин сактап калгысы келип жатат. Бул партиянын өкүлү премьер-министр болушуна макул эмеспиз. Бул коррупциялашкан система уланышына жол бербейбиз.

Пашинян убактылуу өкмөттү “элдин талапкери”, тактап айтканда, жүрүшкө чыккандар аянтта көрсөткөн адам жетектеши керек деп эсептейт. Ал орунга өзү барууга да даяр. Оппозиция республикачылар бийликте турганда административдик ресурс колдонулуп, шайлоо таза өтпөйт деген ишенимде.

Бийликтин эки тизгин, бир чылбырын убактылуу кармап турган Карен Карапетян премьерди аянттагылар шайлашына караманча каршы:

Карен Карапетян.
Карен Карапетян.

- Эл өкүлү ушундай жол менен шайланган кайсы бир өлкө барбы? Мына, ошон үчүн биз кезексиз шайлоо өткөрүүнү сунуш кылып жатабыз. Эгер чын эле аны эл тандаса, шайлоодо да утат. Экинчи вариант: алардын Улуттук Жыйындагы фракциясы премьерликке талапкерлигин көрсөтүшүнө Конституция тыюу салбайт. Көрсөтүшсүн. Жеңсе мейли.

Деген менен ушу тапта айрым аткаминерлер, саясий күчтөр көчөдөгү элдин талабына кошулуп жатат.

Еревандагы демонстранттар. 25-апрель, 2018-жыл.
Еревандагы демонстранттар. 25-апрель, 2018-жыл.

Жаштар жана спорт министри Грачья Ростомян кырдаалдан улам өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Буга чейин демонстрацияларга аралашпай турган, парламентте экинчи орундагы оппозициячыл фракциясы бар “Бакубат Армения” партиясы тарапташтарын көчөдөгү эл менен бирге болууга чакырды.

Еревандын башкы аянтындагы демонстранттар:

Жүрүштү таасирдүү саясатчы Равви Ованнисяндын партиясы да колдоп жатат.

Армениядагы үчүнчү чоң шаар Ванадзордо да мамлекеттик университеттин студенттери көчөгө чыкты. Алар калган курбалдаштарын өз катарына чакырууда.

Ал арада жүзгө жакын демонстрант Ереванда эл аралык "Звартноц" аэропорту менен баш калааны туташтырган кара жолду жабышты. Жүздөгөн машинелер шаарга кире албай калды. Ошол эле учурда аэропортко бараткан авиажүргүнчүлөр машинелерин таштап жөө жөнөштү.«Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Иран менен чек арасын туташтырган Ереван – Мегри жолу, ошондой эле түндүктөгү Ереван – Севан жолу да тосулганын жазды. Ошондой эле Армениянын башка шаарлары да наразылык иш-чараларына кошула баштаганы маалым болууда.

Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Евробиримдик баштаган эл аралык коомчулук Армениядагы жааттарды саясий диалогго, Конституция алкагында бийликти тынч алмаштырууга чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG