Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Арменияда оппозиция лидерлери кармалды


Арменияда нааразылык акцияларын баштап жүргөн оппозициялык депутат Никол Пашинян кармалды. Анын алдында депутат менен премьер-министр Серж Саргсяндын жолугушуусу үзгүлтүккө учураган. Мурдагы президент Саргсяндын өкмөт башчылыкка дайындалышына каршы чыгуулар 10 күндөн бери токтобой келатат.

Никол Пашиняндан тышкары полиция дагы эки депутатты жана жекшемби күнкү демонстрацияга катышкан 230дан көп кишини кармаганын маалымдады. Тартип коргоочулар борбор шаардын Эребуни районуна карай жүрүшкө чыккандардын жолун тороого аракеттеништи.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тирешүүдө жарадар болгон жети киши ооруканага жеткирилгенин билдирди. Кийин полиция Пашиняндын камалганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, оппозициялык лидерди нааразылык акциясынан “күчтөп кетиришкенин” кабарлады.

“Мыйзамсыз жүрүштөрдү токтотуу чакырыктарына карабай Пашинян Еревандагы демонстрацияларды баштап жүрдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ереван
Ереван

Башкы прокурордун кеңсеси болсо оппозициялык үч депутат – Никол Пашинян, Арарат Мирзоян жана Сасун Микаэлян 72 саат камакта калышарын маалымдады. Алар "уруксат берилбеген митингдерди уюштурду, көчөлөрдү, имараттардын кире бериштерин тороого чакырды" деп айыпталып жатат. Бирок депутаттарга кылмыш иши козголуп-козголбогону жөнүндө айтылган жок. 72 сааттан кийин аларга айып коюлса, парламент жыйынга чогулуп, аларды мандаттарынан ажыратуу маселесин кароого тийиш.

Жекшемби күнү Пашинян менен өкмөт башчы Серж Саргсян сүйлөшүү үчүн жолугушкан. Бирок премьер-министр оппозиция аны “шантаж кылып жатат” деп сүйлөшүүдөн чыгып кетти. Үч мүнөткө жетпеген жолугушуунун башында эле депутат премьердин отставкасын талап кылууга келгенин айткан.

Саргсян “шайлоодо 6-7 пайыз добуш алган саясий альянстын өкүлү элдин атынан сүйлөөгө жана шарт коюуга акысы жок” деп жооп берди.

Пашинян Саргсян реалдуулук менен байланышты жоготуп койгонун айтып, анын колдоочуларын тынч, жарандык баш ийбөө акциясына кошулууга үндөдү.

2008-жылдын февралында Саргсян президенттик шайлоону жеңгенде да оппозиция нааразылык акцияларын баштаган. Толкундоолор маалында бир нече кишинин каны төгүлгөн.

Бул ирет саясатчы мамлекет башчылыктан дароо өкмөттү жетектөөгө шайланып, кайрадан демонстрациялар тутанды.

2015-жылы Саргсяндын демилгеси менен өткөрүлгөн референдумдан кийин Армения парламенттик системага өтүп, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылган, премьердики болсо кеңейтилген.

Оппоненттер өткөн жумада өкмөттүн башына келген Серж Саргсян бийликти өз колуна топтоого умтулууда дешет.

Нааразылык акциялары Еревандан тышкары Гюмри жана Ванадзор шаарларында да өтүп жатат.

22-апрелде Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерининин кеңсеси шаркет Армения бийликтери адам укуктарын сактайт жана мыйзам чегинде гана чара көрөт деп күтөөрүн билдирди.

АКШ эки тарапты тең зордук-зомбулуктан карманууга чакырды. Орусия болсо мыйзамдарды урматтоого үндөп келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG