Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Армения: миңдеген адам Саргсянга каршы көтөрүлдү


14-апрелдеги митинг учурунда. Ереван, Армения
14-апрелдеги митинг учурунда. Ереван, Армения

Серж Саргсяндын президенттиктен кетери менен премьер-министрликке умтулушу өлкөдө нааразылык толкунун жаратты. 9-апрелде башталган майдараак митингдер дүйшөмбүдө миңдеген адам катышкан жүрүшкө өсүп жетти. Полиция менен кагылышууда бир нече демонстрант жана оппозиция лидери жаракат алды.

​Негизи нааразылык акциялары өлкөдө жаңы президент ант берип, мурдагысы премьер болот экен деген кабар чыкканда - 9-апрелде эле башталган.

Жекшемби жапырт "жарандык баш ийбөө акциясы" деп жарыяланып, дүйшөмбүдө өзгөчө күчөдү. Миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Оппозициялык "Жарандык келишим" партиясынын лидери, депутат Никол Пашинян жана анын үч кесиптеши элди ээрчите келип, өлкө парламенти - Улуттук Жыйындын имаратына кирүүгө аракет кылышты.

Бирок күн мурунтан кеңсени тикенек зымдар менен тоскон полиция депутаттарды гана өткөрөрүн билдирди. А Пашинян артында журналисттер жана кабылдамасына жазылган эл келе жатканын айтып, тосмону жырып кирүүгө аракеттенди. Ошондо ортодо кармаш болуп кетип, Пашинян колунан жаракат алды. Кагылышуу учурунда полиция атайын каражаттарды колдонуп, андан улам бир нече демонстрант жаракат алганы кабарланууда. Пашинян буга карабастан нааразылык акциялары улана берерин билдирип, полицияны айыптады:

- Серж Саргсяндын үчүнчү мөөнөт башкаруусуна, дегеле "Республика" партиясынын башкаруусуна каршы чыктык. Полициянын аракеттери логикага сыйбайт. Анткени бул жерде Улуттук Жыйындын төрт депутаты кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүп, жумуш ордуна барууга жол ачууну өтүнүштү. Бирок полиция бизди ичкери коё берген жок.

Миңдеген демонстранттар али тарай элек. Аларды баштап жүргөн Никол Пашинян элди Франция аянтына чакырды. Еревандагы бул аянтта жума күндөн бери демонстранттардын айрымдары түнөп жатышат.

Еревандагы Франция аянтында түнөгөндөр
Еревандагы Франция аянтында түнөгөндөр

Бүгүн жүрүшчүлөр кыйла убакыт бою башкалаадагы Баграмян проспекти баштаган негизги жолдорду, көпүрөлөрдү бөгөп турушту. Жүрүшчүлөргө студенттер да кошулду.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Нааразылык жүрүшү 17-апрелде парламенттеги премьер-министрди шайлоону болтурбоо үчүн уюштурулган.

Анда бир жума мурда эле президенттиктен кеткен Серж Саргсян бул кызматка шайланары күтүлүүдө. Бүгүн парламенттеги "Республика" жана "Дашнакцутюн" партиялары Саргсяндын талапкерлигин бир добуштан колдоорун жарыялашты. "Республика" партиясын Саргсян өзү жетектейт.

2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө парламенттик башкарууга өтүп, премьердин бийлиги күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.

Арменияны он жыл башкарган Серж Саргсян мөөнөтү бүткөндө президент да, премьер да болбойм деген. Бирок убадасынан тайып, орусиялык "Известия" басылмасына берген акыркы маегинде премьерликти көздөп турганын бышыктады.

Еревандагы жүрүш, 16-апрель, 2018-жыл
Еревандагы жүрүш, 16-апрель, 2018-жыл

Оппозиция лидери Никол Пашинян экс-президент Серж Саргсяндын кайра бийликке келүүсүнө каршы акцияга колду көтөрүп, алаканды ачып, куралсыз экенибизди жана зомбулукка каршылыгыбызды көрсөтүү менен күрөшөбүз деген эле.

Активисттер колду көтөрүү менен куралсыз каршылыгын билдиргиси келет
Активисттер колду көтөрүү менен куралсыз каршылыгын билдиргиси келет

"Куралсыз каршы чыгабыз" деп жөн жерден айтып жаткан жок.

2016-жылы июлда айрымдар саясатчы Жирайр Сефилян баштаган оппозиция өкүлдөрүн камактан бошотууну, президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылып куралчан каршылыкка чыгышкан. Алар Еревандагы полиция имаратын басып алып, бир нече күн бою адамдарды барымтада кармап турушкан. Атышуу учурунда адамдар өлгөн. Жарым айдан кийин гана куралчан адамдар бийликке багынып беришкен эле.

Армения: экс-президентке каршы нааразылык толкуну
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөшү Арменияда кырдаал дагы өзгөрчүдөй болуп турат. Биз кырдаалга көз салып, убагында кабарлап турабыз. www.azattyk.org сайтын акмалап туруңуз.

Президенттиктен кийин премьер болуш кеп бекен?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:17 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG