Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Ереванда куралдуу топ колго түшүп берди


Колго түшкөн куралдуу топтун мүчөсү
Колго түшкөн куралдуу топтун мүчөсү

Арменияда 17-июлдан бери созулган куралдуу кризис аягына чыкты. Еревандагы полиция имаратын басып алган куралдуу адамдар 31-июлда полициянын колуна түшүп берди.

17-июлда Еревандагы полиция имаратын куралдуу адамдар басып алып, жети полиция кызматкерин барымтага алышканы кабарланган. Барымтага алынгандар арасында Армения полициясынын башчысынын орун басары генерал - майор Вартан Егизарян да болгон.

Жирайр Сефилян
Жирайр Сефилян

Полиция имаратын басып алгандар “Уюштуруучу парламент” уюмунун лидери Жирайр Сефиляндын тарапкерлери экени маалым болгон. Сефилян өзү июнь айында камакка алынган. Ал Тоолуу-Карабак согушунун ыктыярдуу катышуусу болгон. Анын тарапкерлеринин курал көтөрүп бийликке каршы чыгуусунун негизги себептеринин бири катары апрель айынын башындагы Тоолуу-Карабактагы Азербайжан-Армения ортосундагы кыска мөөнөттүк согуштун жыйынтыгы, тактап айтканда ал согушта Армениянын жоготууга учурашы аталууда. Сефилян жана анын тарапкерлери президент Серж Саргсян куралдуу күчтөрдү чыңдоого жетиштүү көңүл бөлгөн эмес, анын натыйжасында кыска мөөнөттүк согушта 800 гектар жерди алдырды деп айыптаган. Ошондуктан алар президент Саргсяндын кызматтан кетишин жана Сефиляндын абактан бошотулушун талап кылышкан.

Ал талаптар тууралуу Армения парламентинин мүчөсү Никол Пашинян буларды билдирген:

- Алар биринчи кезекте Жирайр Сефилянды бошотуп алып келүүнү, экинчиден, Серж Саргсяндын кызматтан кетишин, үчүнчүдөн, улуттук ишенимдеги өкмөттүн түзүлүшүн талап кылышты. Мен алардан эч кандай агрессивдүүлүктү байкаган жокмун. Бирок мындай абалдын түбөлүк уланышына жол берилбешин баарыбыз түшүнөбүз.

Никол Пашинян бийлик менен куралдуу адамдардын ортосунда диалог болушуна ортомчулук кылган.

Куралдуу адамдарды полиция ар тараптан курчап, атайын операция өткөрүүгө буйрук күтүп жатканы кабарланган. Бирок кан төгүүгө жол бербөө талабы күчтүү болгондуктан, бийлик аярлап отуруп, акыры 31-июлда куралдуу барымтачыларды полициянын колуна түшүп берүүгө аргасыз кылышты.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы 31-июлда тараткан билдирүүдө “Армениянын тартип коргоо органдарынын атайын бөлүктөрү туруктуу жана макулдашылган аракетинин натыйжасында куралдуу топту бийликтин колуна түшүп берүүгө аргасыз кылды” деп айтылды. Ошондой эле “жыйырма террорист колго түшүрүлдү” деп куралдуу топту террорчуларга теңеген.

Куралдуу топтун өкүлү Варужан Аветисян “биз каршылык көрсөтүүнү токтотуп, күрөшүбүздү аскер туткуну түрүндө улантабыз” деп билдирген. Ал мындай чечим кабыл алуу “өтө оор болгонун” белгилеген.

"Куралдуу топтун каршылыгынын максаты - жалпы элдик кыймыл пайда болушуна түрткү берүү болгон, андай жараян эртелеп башталып, жалпы жеңишке жетишсек жакшы болот эле", деп кошумчалаган Аветисян.

17-июлдан бери жүргөн тирешүүдө эки полиция кызматкери өлүмгө учурады. Эки тараптан бир нече адамдар жарадар болду.

Ереван шаарынын тургундары куралдуу топ басып алган имараттын айланасында бир нече ирет митинг да өткөрдү. Полиция менен демонстранттардын ортосундагы кагылышуудан жабыркагандар жана кармалгандар да болгону кабарланган.

Ошентип, 17-июлдан бери созулган куралдуу каршылык көрсөтүү Ереванда басылды. Бул маселе чечилер алдында Жирайр Сефилян дагы бир кайрылуу менен чыгып, анда бийлик алдында “Уюштуруучу парламенттин” талаптарын жарыялады. Ал талаптардын сап башында Тоолуу-Карабакты Армениянын бөлүнгүс бөлүгү катары таануу турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG