Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Ереванда эми дарыгерлер барымтага алынды


Ереван
Ереван

Армениянын баш калаасы Ереванда өткөн аптада полиция бекетин басып алган куралчан адамдар 27-июлда медицина кызматкерлерин барымтага алышты. Маалыматка караганда, алгач топтун мүчөлөрү медициналык жардам талап кылышып, аларга келген “Тез жардам” кызматынын дарыгерлерин коё бербей коюшкан.

Ереванда он күндөн бери полиция бекетин басып алган куралчан топ дарыгерлерди барымтага алганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады. Министрлик окуя боюнча атайын билдирүү таратып, куралчан топту өз ишин аткарып жаткан ак халатчандарды токтоосуз бошотууга чакырды.

“Тез жардам” кызматынын директору Тагуи Степаняндын “Азаттыктын” армян кызматына билдиришинче, дарыгерлер куралчан топ ээлеп турган бекетке жарадарларды алып чыгуу үчүн кирген. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, жарадарлар ооруканага жеткирилген соң куралчандар төрт дарыгерди чыгарбай коюшкан.

Степанян дарыгерлер барымтада калганын жана барымтачылардын талаптары тууралуу телефон аркылуу билдиргенин кошумчалады:

- Алар саламаттыкты сактоо министри башка хирургдар менен биргеликте келишин талап кылышкан, ошондон кийин гана “Тез жардамдын” кызматкерлерин бошотушарын айтышкан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, барымтага алынган бир дарыгер бошотулуп, үч кызматкер куралчан топтун колунда калууда.

Полиция бекетинин ичиндеги куралчан топтун мүчөсү.
Полиция бекетинин ичиндеги куралчан топтун мүчөсү.

“Азаттыктын” армян кызматы маалымдагандай, дарыгерлер полиция бекетин он күндөн ашуун кармап турган куралдуу топтун лидери Павел Манукянга жардам көрсөтүү үчүн кирген. Манукян жана анын уулу Арам коопсуздук күчтөрү менен болгон атышууда жаракат алышкан.

“Атышуу болду, полициячылардан бирөө, куралдуу топтун мүчөсү Павел Манукян менен анын уулу жаракат алышты. Үчөө тең ооруканага жеткирилди. Азыр атышуу токтоду, эми куралдуу адамдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп жазды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына полициянын маалымат катчысы Ашот Агаронян.

Атышуу тууралуу кабарды өзүн “Сасна црер” (Сасун азаматтары) деп атап алган куралдуу топ да жарым-жартылай ырастады.

Полиция болсо ушу тапта куралдуу топтун жаракат алган эки мүчөсү имараттын ичинде экенин маалымдап жатат. Ал эми топтун Гагик Егиазарян жана Арам Акопян аттуу мүчөлөрү андан мурунураак полицияга багынып берген.

Ал эми жарадарлар жеткирилген “Эребуни” медициналык борбору жабыркаган үч адам тең буттарына ок жегенин билдирүүдө. Маалыматка караганда, Павел Мунакян жана анын уулуна операция жасалып, реанимацияга которулду. Ал эми атыш учурунда жараат алган полициячынын абалы канааттандырарлык.

Ошол эле кезде оппозициялык кыймылдын мүчөсү Алек Енигомшян шаршембиде өткөргөн маалымат жыйында медицина кызматкеринин барымтага алынганын төгүндөдү.

- Балдар эч кимди барымтада кармаган жок. Алар болгону полиция бекетинин ичинде такай медицина кызматкерлери болушун талап кылышууда. Бул бригаданын ордуна экинчилери барса болот, - деди ал.

Нааразычылыкка чыккан жүздөгөн адамдар
Нааразычылыкка чыккан жүздөгөн адамдар

Өздөрүн “Сасун азаматтары” деп атаган куралдуу топтун өкүлдөрү 17-июлда Еревандагы полиция бекетин басып алышып, ичиндеги беш адамды барымтага алышкан.

Алар президент Серж Саргсяндын отставкасын жана камактагы “Жаңы Армения” оппозициялык кыймылынын лидери Жирайр Сефиляндын бошотулушун талап кылышууда.

Чабуулда бир полициячы набыт кетип, алты адам жарадар болгон. Алардын бешөө полиция кызматкерлери.

Бийлик менен сүйлөшүүдөн соң 23-июлда топтун мүчөлөрү барымтада калган акыркы төрт адамды коё беришкен. Ошентсе да куралчан топ азыр полиция имаратында кала берүүдө. Учурда полиция бекети коопсуздук күчтөрү менен курчалган бойдон турат.

Өткөн түнү окуяга байланыштуу нааразылыгын билдирип Еревандагы Хоренаци көчөсүнө акцияга чыккан адамдардын 64ү кармалган. Алардын арасында “Аспарез” журналисттер клубунун төрагасы Левон Барсегян да бар. Укук коргоочулар полиция тынч митингге чыккандарды күч менен кармап кеткендерин айтып, нааразы болушууда.

XS
SM
MD
LG