Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Ереванда автобуста жарылуу болду


Жарыялуу болгон автобус, Ереван, 26-апрель, 2016-жыл
Жарыялуу болгон автобус, Ереван, 26-апрель, 2016-жыл

Армян баш калаасындагы жарылуудан эки адам ажал таап, жети киши жаракат алды. Иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыгы буга чейин айтылып жаткан теракт ыктымалдыгын четке какты.

Окуя дүйшөмбү күнү кечки ондор чамасында Еревандын борбордук бөлүгүнө жакын Алабян жана Арзуманян көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Окуядан кийин тартылган тасмадан айнеги күбүлүп, темир сөлөкөтү эле калган автобусту көрүүгө болот. Жардыруудан жол боюна жакын турган үйлөрдүн да терезелери талкаланган. Ичинде жарылуу болгон автобус шаардагы 63-каттамды аткарып жүргөн.

Өлкөнүн тергөө комитетинин төрагасынын кеңешчиси Сона Трузян окуя болгон жерде журналисттерге буларды айтты:

- Бул окуядан эки адам мерт болуп, жети киши жаракат алды. Автобустун айдоочусу эсен-соо, аны менен азыр тергөөчүлөр иштеп жатат.

Армения полициясынын башчысы Владимир Гаспарян жарылуудан кийин ал кандай болгонун алдын ала маалыматтарга таянуу менен окуя болгон жерге жетип келген кабарчыларга мындайча билдирди:

- Автобус дизельдик күйүүчү май менен жүргөн. Демек газ баллон жарылды дегенге негиз жок. Жарылуу фугастык, толкун сымал болгон, - деген полиция башчысы жарылуу автобустун оң жак капталындагы экинчи отургучтан чыкканын кошумчалады. Ошондой эле теракт ыктымалдыгын ырастоо же четке кагуу азырынча мүмкүн эместигин айткан.

Бул окуя тууралуу дароо өлкө президенти Серж Саргсянга ыкчам маалымат берилип, ал полициянын кайгуул-күзөтүн күчөтүүгө буйрук бергенин президенттин маалымат катчысы Владимир Акопян айтып чыкты.

Бирок жарылуудан 18 сааттан кийин армян башкы прокуратурасы ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында теракт ыктымалдыгы толугу менен четке кагылганын кабарлады. Анда жазылганга караганда, окуя болгон жерден мобилдик байланыш картасы табылып, ал мурда эки жолу соттолгон армян жаранына тиешелүү экени аныкталды. Бул шектүү жарандын үйүн тинтүү учурунда тротил жардыргыч заты, детонатор жана түрдүү электрдик түзүлүштөр табылган. Алгачкы иликтөөлөр жарылуу болгон жерден табылган мобилдик карттын ээси туугандары менен келишпей калып, жардыруу жасоо менен өч алгысы келгени аныкталганын көрсөтүүдө. Азыр ал бул окуяда каза тапкан эки адамдын бири болгон-болбогону аныкталып жатат. Анткени азырынча сөөктү таанууга мүмкүн болбой жатканы кабарланды.

Жарылуу болгон автобуста жалпысынан он адам - айдоочу менен тогуз жүргүнчү болгон. Жогоруда айтылгандай, тогуз жүргүнчүнүн экөө мерт болуп, жетөө жаракат алды. Бул окуя боюнча коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар алып жүрүү, этиятсыздык менен эки же андан көп адамдын өмүрүнө зыян келтирүү беренеси боюнча иш козголуп, аны тергөө комитетинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы карап жатат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG