Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Армениядагы митингдердин лидери премьерликке көрсөтүлдү


Никол Пашинян Еревандагы нааразылык акциялары учурунда.
Никол Пашинян Еревандагы нааразылык акциялары учурунда.

Армения парламентиндеги оппозициялык "Елк" фракциясы өз лидери, митингдердин башында турган Никол Пашинянды өлкөнүн премьер-министрлик кызматына көрсөттү. Бул кызматка бекитилиш үчүн Пашинян парламентте 53 депутаттын добушун алышы керек. "Елк" партиясынын өзүндө тогуз депутат болсо, башка оппозициялык партия - "Царукян" фракциясында 31 гана добуш бар.

Көпчүлүк орун башкаруучу “Республикачылар” партиясына тиешелүү. Ал Армян революциялык федерациясы "Дашнакцутюн" фракциясы менен коалицияда болчу. Башкаруучу коалиция 25-апрелде тарап кеткен.

Арменияда нааразылык акциялары эки жумадан бери уланууда. Дүйшөмбүдө 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болду. Саргсян менен кошо анын өкмөтү да кызматтан кеткен.

Кечээ Никол Пашинян баштагандар бийликте Серж Саргсяндын партиясынын өкүлү калып жатканына макул болбой, Еревандын көчөлөрүнө нааразылык иш-чараларына кайра чыгышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG