Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

"Белизгейт": "Ата Мекендин" өктөм талабы


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна чогулгандар. 15-август, 2017-жыл/
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна чогулгандар. 15-август, 2017-жыл/

"Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" иши боюнча мурдагы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылып, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилерине кайрылды.

Фракция чечиминде "Белизгейт" иши саясатчылар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовго каршы атайын токулуп, жасалмаланганы көрсөтүлгөн. Анда кара өзгөй саясий авантюрага Коомдук Биринчи канал дагы тартылып, саясатчыларды жазыксыз жерден каралоо өнөктүгү жүргүзүлгөнү белгиленди.

Ошондуктан фракция өз чечиминде КТРК жетекчилигин жасалма документтердин негизинде даярдалган маалыматтарды төгүндөөгө милдеттендирүү талабын киргизди. КТРКнын башкы директору ал мыйзамдуу болгонун, аны соттун чечими менен гана төгүндөөрүн айтты.

Ырасталбаган документтер

"Ата Мекен" фракциясы 27-апрелде өткөн жыйынында 2016-жылдагы "Белизгейт" иши боюнча маселени көтөрүп, талкууга алды. Анда мурдагы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева ыкчам маалымат катары парламентте билдирүү жасаган айыптоолорун иш жүзүндө далилдей албаганы белгиленди.

Ошондуктан документтерди жасалмалоо менен "Белизгейт" ишин уюштурганы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага расмий кайрылды.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул ишти ашынган саясий авантюра деп атады:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Абдил Сегизбаев президентке жагынам деп парламентте Белизден үч трасстык документ келди деп билдирүү жасаган. Анда биздин "Ата Мекен" фракциясынын үч мүчөсү "Мегакомдун" 24 пайыз үлүшүн алышкан экен деп айыптаган. Буга КТРКны тартып, атайын репортаж даярдап, ырасталбаган, жасалма документтердин негизинде жалган жалаа жана карандай каралоо жүргүзүп, укмуштай бир чоң саясий авантюрага барышкан. Абдил Сегизбаев башкы прокурор экөө биригип алып, мына ошол документтерди жасатып, аны кайра пайдаланып жатпайбы. Биз болсо Лондондон атайын адвокат жалдап, ал Белизге расмий кайрылуу жасап, анын негизинде биздин наамыбызда трасстык документтер жок экенин ырастап бергенбиз.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов "Белизгейт" иши боюнча Сегизбаевдин аракетинде документтерди жасалмалоо, кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат берүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу кылмыш беренелеринде каралган белгилер бар экенин белгиледи.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев мурда мыйзамсыз токтотулган же мыйзамсыз токулган кылмыш иштеринин баары учурда териштирилип жатканын билдирди:

- Ал жакта бул иштер боюнча атайын өзүнчө бир экспертизалар дайындалат. Көп адамдар суракка алынат. Анан мунун баары көлөмдүү болгону үчүн жана иштин татаалдыгына байланыштуу кичине убакытты алып жатат. Бирок биз бул иштерди аягына чыгарып, аларды сотко чейин жеткиргенге аракет кылабыз.

Авантюранын маалыматтык чабуулу

Ошол эле кезде "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев мурдагы президент Атамбаевдин тушунда саясий атаандаштарга каршы кылмыш иштерин ачуу, аларды коомчулуктун астында каралоо өнөктүгү өрчүгөнүн айтып, анын айынан запкы жеген саясатчылар аз эмес экенин белгиледи.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Сегизбаевдин авантюрасы КТРК аркылуу ишке ашып, коомдук пикир түзүүгө далалат болгон жагдайга токтолду. Ошондуктан ал фракциянын чечимине КТРК жетекчилигине "Белизгейт" иши боюнча маалыматтарын төгүндөөгө милдеттендирүү сунушун киргизди:

- "Белизгейт" - бул намыстын иши. Бир жарым жылдан ашуун КТРК баш болгон мамлекеттик телеканалдар жалган маалыматтардын жана жасалма документтердин негизинде биздин кесиптештерди элге жек көрүндү кылып көргөзүштү. Анан бул иш ырасталбагандан кийин бул үчүн кимдир бирөөлөр жазасын тартышы керек да. Салянова, Текебаев жана Шыкмаматовду КТРК эки жылдан ашуун жалганды чындай айтып, аларды эфирден Бен Ладендей эле кылып көргөзүп, сюжеттерди берип жатты. Мындан ары дагы ошондой болбошу үчүн ошол иштер эми жөн эле калбашы керек. Адамдын алгач өмүрү, анан намысы кымбат да.

"Ата Мекен" фракциясынын жыйыны. 27-апрель, 2018-жыл

"Ата Мекен" Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

​Анткен менен КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков телеканал атайын кызматтын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин көрсөтмөсү менен саясий авантюрага аралашкан деген дооматка макул эмес.

Илим Карыпбеков "Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" иши боюнча сотко берип, сот аркылуу маалыматтардын чындыкка дал келбесин далилдей алган учурда гана аны төгүндөөгө бара турганын билдирди:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

- "Ата Мекен" фракциясы кандай чечим кабыл алса, ошондой чечим кабыл ала берет. Бирок биз аны төгүндөгөн материалды сөзсүз түрдө соттун чечими менен гана беребиз. Эгерде ал фракция тигил же бул маалымат чындыкка дал келбейт, алардын кадыр-баркына, беделине шек келтирген деген дооматтары бар болсо, анда мен аларды сотко берүүсүн сунуштайт элем. Сот төгүндө деген чечим чыгарса, аны аткарууга даярбыз.Биздин эфирден "Белизгейт" боюнча маалыматтар мыйзам чегинде берилген.

"Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" иши боюнча Сегизбаевдин тапшырмасы менен тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Мусакановго, оперативдүү кызматкер Асел Жекшеновага Белизге барып, жасалма документтерди жасаган жагдайды териштирүү талабын койду.

Бул иликтөө ишинин жыйынтыгын июнь айына аягына чыгаруу үчүн Башкы прокуратурага мөөнөт берилди. Абдил Сегизбаев 2016-жылы Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн ырастаган документтер Белизден алынганы ырасталганын билдирген. Ал буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Атамбаев бул иш далилденбесе Сегизбаев жооп берерин айткан болчу.

"Азаттыктын" архиви: Парламентте Текебаевдин иши каралды. 1-март, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG