Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Абдил Сегизбаев атайын кызматтан кетти


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана орун басары Болот Сүйүмбаев кызматтан кетти. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары саналган бул адамдардын кызматтан кетиши өлкөдө саясий талкуулар күчөгөн учурга туш келди. Саясий чөйрөдө мындай кадрдык жүрүштөр жаңы президенттин таасирин бекемдейт деп болжолдошууда. Ошол эле учурда жаңы президенттин жоопкерчилигин күчөтөт деген пикирлер да бар.

Апрел ыңкылабынын сегиз жылдыгын белгилеп жаткан чакта УКМК башчысы Абдил Сегизбаев жана анын орун басары, Коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болот Сүйүмбаевди кызматтан бошотуу боюнча президенттин жарлыгы жарыяланды.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлашынча, бул жетекчилер кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазган.

Мындай кадрдык жүрүш мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси олку-солку болуп турган учурга туш келди. Сегизбаев менен Сүйүмбаев экс-президент Атамбаевдин эң ишенимдүү кадрлары катары саналчу.

Дал ушундай кырдаалда өлкөдөгү таасирдүү жетекчи саналган Сегизбаевдин кызматтан кетиши дароо башкы жаңылыкка айланып, ар түркүн талкууларга жем таштады.

"Коомчулуктун талабы эске алынды"

Атайын кызматтын төрагасын алмаштыруу президент Жээнбековдун позициясын бекемдеп, ал эми экс-өлкө башчы Атамбаевдин таасирин азайтат деген пикирлер айтылууда.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

“Жаңы доор” партиясынын лидери Улукбек Кочкоров Сегизбаевдин кызматтан кетиши жаңы президенттин коррупция менен күрөштү күчөтүү талабына шайкеш келет деген пикирде:

- Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөштө мүчүлүштүктөр кетип жатканын айтып, талаптарды койгон. Бирок коррупцияга каршы күрөштө кемчилик кетирген ким болууда? Мурдагы президенттин тегерегиндеги жогорку кызматтагы адамдар. Абдил Сегизбаев болсо аталган команданын мүчөсү болуп, аларга каршы иш алып бара алабы деген маселе чыккан. Ошондуктан андай ишке бара албасын билип кызматтан кетип отурат. Бул жаңы президентке оң таасирин берет.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент коомчулуктун талабын эске алуу менен ушундай кадамга барды деген ойдо:

- Биринчи кезекте бардык нерсе коомчулукту тынчтандыруу, ар кандай кеп-сөздөрдү токтотуу максатын көздөшү керек. Эл эмнени күтсө, ошол багытта болушу керек. Башка чоо-жайын билбейм, бирок коомдогу талаптарды эске алуу менен ишке ашып жатса керек деп ойлойм.

Ошол эле учурда айрым байкоочулар УКМКнын жетекчилигинин кызматтан кетээри күтүлгөн кадам болсо да, мынчалык тез болоорун болжолдобогонун белгилешет.

Февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө ичи чыкпаганын айтып, УКМК баштаган укук коргоо органдарынын ишин сынга алган. Бирок андан соң Сегизбаевди эки-үч ирет кабыл алып, тапшырмаларды берген болчу.

45 жаштагы Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы болуп 2015-жылдан бери иштеп келаткан. Ал буга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Чуулгандуу "Белизгейттин" изи

Серепчилер УКМК башчылыгына Абдил Сегизбаев келгенден кийин "бийликти кулатууга аракет кылган" деген шек менен жана коррупцияга айыпталып, бир катар саясатчылардын камалганын белгилеп жатышат. Алардын айрымдары соттолуп, учурда жаза мөөнөттөрүн өтөп жатат.

Абдил Сегизбаевдин аты чуулгандуу "Белгизгейт" жаңжалында көп айтылган. Анда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракциянын ошол кездеги мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айыпталган.

Бул иштин бети ачылып, такталбаса Абдил Сегизбаев иштен кете турганын ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да айткан болчу. Бирок, тескерисинче, экс-президент Атамбаев Сегизбаевге генерал-майор деген аскердик наам ыйгарган.

Ал эми Болот Сүйүмбаев Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү. Ал 2000-жылдардын башынан тарта экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага да Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

"Акыры ушундай болмок..."

Эксперттер Абдил Сегизбаевдин ишине ар кыл баа беришет. Айрымдар ал атайын кызматтын коопсуздук, терроризмдин алдын алуу сыяктуу функционалдык милдеттеринен оолактап, чуулгандуу саясий иштер менен гана белгилүү боло алганын айтышат. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков буларды айтты:

- Мен башында эле ачыгын айтып жүргөм. Бул киши жарандык жумуштарда гана иштеген. Аскер, атайын кызматтарда иштеген эмес, тажрыйбасы жок. Ачыгын айтыш керек, ыкчам кызматтарды билбейт. Андыктан “Белизгейт” деген сыяктуу иштерде кыйналды. Ошондой эле акыркы учурда саясий иштерде гана белгилүү болду.

Буга чейин камакта жактан бир топ оппозициялык саясатчылар Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы “Белизгейт” окуясы боюнча Сегизбаевди жалган маалымат тараткан деп айыптап, анын кызмат жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүп келишкен.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады.

- Мыйзам ченемдүү көрүнүш, саясаттын дагы өзүнүн эрежеси ушундай. Президент өлкө коррупцияга белчесинен батты деп, ачуу чындыктарды айткандан кийин аны менен күрөшкөн органдардын башчыларын алмаштыруу - учур талабы. Коррупцияны ушундай деңгээлге жеткирген Башкы прокуратура, УКМК акыркы учурда жалаң гана саясат менен алектенип калганы баарына белгилүү.

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен УКМК жетекчилеринин ордуна дайындоолорду көпкө күттүрбөйт шекилдүү.

УКМКнын төрага орун басарлыгына Идрис Кадыркуловду дайындады. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Ал эми Сегизбаевдин ордуна ким дайындалаары азырынча белгисиз. Айрым булактар бул кызматка Сооронбай Жээнбековдун кеңешчилеринин бири келиши мүмкүн экенин болжолдошууда.

Атайын кызматтын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, эми Сооронбай Жээнбеков кадрларды тандоого тыкыр көңүл бурушу керек:

- Сегизбаевдин ордуна кесипкөй, системаны билген, абийири таза адамды алып келиши керек. Эгер андай болсо УКМК өзүнүн милдети болгон терроризмге каршы күрөш, коопсуздук маселелерде иштиктүү жыйынтыкка жетишет. Эң негизгиси бул кызматты саясатташтырып, өз кызыкчылыгына колдонууга жол бербей, мамлекеттик кызыкчылыкка буруу керек.

Эми Атамбаевдин командасындагы күч органдарындагы таасирдүү жетекчилерден башкы прокурор Индира Жолдубаева жана ички иштер министри Улан Исраилов калды. Буга чейин парламенттеги “Ата Мекен” жана “Республика-Ата Журт” фракциялары Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөткөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG