Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:02

"Белизгейт" жаңжалынын жаңы өңүтү (видео)


Белиз мамлекетинен келди деген документтер.

"Белизгейт" чатагына качан жана кандай чекит коюлат деген суроо азырынча ачык бойдон калууда.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн "Мегакомго" таандык акциялар боюнча "эч кандай документтер келген эмес" деп жарыялады.

Коомчулукта "Белизгейт" жаңжалы катары белгилүү бул окуяда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 2016-жылы “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты "Мегакомдун" 50% акциясын сатууну көздөгөнүн жар салган.

Коррупцияга айыпталып козголгон кылмыш иштеринин негизинде мандаты алынган камактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана парламенттеги фракция лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун терс иштерге аралашканы Белизден келген документтер менен ырасталганын билдирген.

Эми УКМК бул айтылгандарды четке каккан документтерди Башкы прокуратурага жолдогону ачыкка чыкты. Бирок аталган орган кылмыш ишин козгой элек.

УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда билдиргендей, үч депутаттын коррупцияга аралашканы тууралуу Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок.

Мүсүралиевдин айтымында, атайын кызмат фракциянын талабы менен алты адистен турган комиссия түзүп, "Белизгейт" жаңжалын иликтеп чыккан. Анда УКМКнын дарегине 2016-жылдан тартып ушу кезге чейин "Мегакомдун" акциялары боюнча Белизден трасттык документтер келбегени жана ал комитетте катталбаганы белгилүү болгон:

- 2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура жиберген каттын негизинде УКМК "Мегаком" компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо багытында кызматтык иликтөө жүргүздү. Аны калыс жана толук жүргүзүү үчүн 4-июнда УКМК төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлүп, ишти компетенттүү кызматкерлер териштирди. Комиссиянын алдына Белизден расмий түрдө УКМКнын дарегине парламенттин айрым депутаттарынын "Мегакомдун" акцияларын "Southfield Management Inc"​ компаниясы аркылуу сатуу жөнүндө түзүлгөн трасттык декларацияга тиешеси бар деген документтер келип түшкөнбү, эгер келсе качан жана кандай номур менен катталган, ал документтер азыр кайда деген суроо коюлган. Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө "Мегакомго" таандык акциялар боюнча трасттык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды. Иликтөөнүн материалдары 10-июлда түп нускада Башкы прокуратурага жиберилген.

Мүсүралиевдин айтымында, иликтөөдө УКМК кызматкерлери Нурлан Мусаканов менен Асел Кенжешеванын Белизге атайын барып, трасттык документтерди алып келген деген маалыматы ырасталган эмес. Атайын кызматтын Кадр жана Финансы башкармалыктары берген маалымат боюнча, Мусаканов 2016-жылдын 18-декабрынан тартып 21-декабрга чейин алты кишиден турган делегациянын курамында Орусиянын Москва шаарында иш сапары менен болгон.

Ал эми Кенжешева 2016-жылдын ноябрында башка кызматкерлер менен бирге Ташкентке бир жумалык кызматтык сапар менен барган. 2017-жылдын январында Кытайдын Бээжин шаарына үч күнгө барып-келгени тастыкталган.

Бакытбек Мүсүралиев кошумчалагандай, кезинде УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн документ да табылбады. Комиссиянын өкүлдөрү сураганда Сегизбаев "ал кагаздарды ыкчам булактар аркылуу алгам" деп жазып берген экен.

- Бул документтерди (Ред: Абдил Сегизбаев парламентке, президентке көрсөткөн документтердин түп нускасы) комиссия аныктап, көрө алган жок. Жок экен. УКМКда андай документтер катталбаптыр. Кайсы документти алып барып көрсөткөнүн чындыгында айта албайбыз. Абдил Сегизбаев комиссияга түшүнүк кат жазып берген. Анда "документтерди ыкчам булактардан алгам" деп жазылыптыр. Мыйзам боюнча ыкчам булактардан алынган документтер УКМКда болушу керек.

УКМК: Белизден документ келген эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:30 0:00


Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белизден алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. ​

"Ата Мекен" чет элдик юристтерди жалдап, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин кабарлаган. Бул чатак коомчулукта эки ача пикирлерди жараткан.

Кийинчерээк, бийлик алмашкандан кийин "Ата Мекен" фракциясынын өтүнүчүнүн негизинде УКМК менен катар эле Башкы прокуратура да "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча комиссия түзгөн. Бирок ал комиссия кандай тыянак чыгарганы ушул кезге чейин жарыялана элек.

Фракция жыйынында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев материалдарда "өтө жашыруун" деген белги коюлганын айтып, аны маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жок талкуулоону сунуштады:

- Белизге тиешелүү материалдарда өтө жашыруун деген белги турат. Анда (Ред: журналисттердин катышуусунда талкууланса) биз айта албайбыз.

Башкы прокуратуранын мындай сунушу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматовдун нааразылыгын жаратты:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Айтпасаңар, силер да бул ишке аралашкан болосуңар. Ал жерде эч кандай өтө жашыруун нерсе жок. 2016-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизден бизге ыкчам документ келди" деп парламентке, президент Атамбаевге көрсөтүп, Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун "Мегакомго" тиешелүү компаниядан ар биринин 8 пайыздан үлүшү бар деген. Муну менен жалпы коомчулукту, парламентти, президентти саясий авантюрага кептеген. Аны КТРК баш болгон мамлекеттик маалымат каражаттары күндүр-түндүр берип турган. Элдин кыжыры кайнап, ушундай да коррупция болобу деп ойлогон. Биз ошондо Лондондон адвокаттарды жалдаганбыз, алар тез аранын ичинде Белизден келген кагаздардын баары башка эле өлкөгө таандык документтер экенин аныктаган. Даяр эле апостилдин артына бир баракты чаптап коюшкан. Фамилияларыбызды ката кылып, фейктерди көрсөткөн. Бир эле гезитке эле маек берип койгон жок да. Бүгүн бул мамлекеттик сыр болуп калдыбы? Же УКМКнын мурдагы төрагасы кылган кылмыш мамлекеттик сыр болобу? Же аларга болушуп атасыңарбы?

УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз боюнча материалдарга эмне себептен "жашыруун" деген белги коюлганын мындайча түшүндүрдү:

- УКМК түзгөн комиссия өзүнүн иши калыс болсун деп, биздин тиешелүү башкармалыктарга өтүнүч жиберген. "Жашыруун" деген белги пайда болгону ошондон. Ошол себептүү материал "өзгөчө жашыруун" деп прокуратурага кеткен.

"Белизгейт" жаңжалы чыккандан кийин ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева документтердин чын-төгүнүн билүү үчүн дипломатиялык жолдор менен Белизге өтүнүч жиберген. Ага былтыр октябрда жооп келгени алты-жети айдан кийин ачыкка чыккан.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев фракция жыйынында Белизден келген кат дароо эле ачылбаган бойдон башкы прокурордун дарегине жиберилгенин билдирди:

- Биздин өтүнүчүбүзгө жооп 2017-жылы 16-октябрында Белизден жиберилип, бизге 23-октябрда келген. Бизге Башкы прокуратура өтүнүч жибергендиктен, ошол эле күнү аталган органга жөнөткөнбүз. Аны ачкан эмеспиз. Биздин андай укугубуз жок болчу.

"Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" жаңжалына чекит коюп, жалган документтерди жарыялаган тараптарды жоопко тартууну талап кылып жатат:

- Менин 8 пайыз акциям барбы же жокпу айтпайсыңарбы? Карга карганын көзүн чукубайт болуп атасыңар? Эгер 8 пайыз акциябыз бар болсо бизди жоопко тарткыла. Ал аныкталбаса, Абдил Сегизбаевди жазага тарткыла, - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Ошол эле маалда Башкы прокуратура быйыл 31-июлда бул иш боюнча кандайдыр бир кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алганы белгилүү болду. Башкы прокурордун басары Нурлан Дүйшөмбиев "жашыруун сыр" деген белги бар деген негизде мындай чечимге так түшүндүрмө бере алган жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.

Фракцияда "Белизгейт" чатагы талкуулангандан кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев дайыны жок делип жаткан документтер тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Ал кагаздар мыйзамдуу алынганын айтып, УКМКнын "Белизден келген документтер жок" деген маалыматын төгүндөдү:

- УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Ошол кат УКМКда бар.

Кезинде бул чатак боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын ошондогу төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берерин жана кызматтан алынарын эскерткен.

Коомчулукта Сегизбаевдин саясий жоопкерчилигин кароо үчүн атайын комиссия түзүү керек деген сунуштар айтылууда. Саясат талдоочу Эмил Жураев бул иштерге өз убагында баа берүүгө чакырды:

- Парламент, журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү муну тынымсыз көзөмөлдөп, карап турушу керек. Азыр иликтеп, чекит койбосо келечекте мындай ыкмалар кайталанып, укук коргоо органдары тарабынан колдонулушу толук мүмкүн. Сегизбаев УКМКда жалгыз өзү иштеген эмес да.

"Атамекенчилердин" талабы менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Белизге кайра өтүнүч жибере турган болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG