Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

"Туура бийлердин" туугандары


Президенттик администрация.
Президенттик администрация.

Бийликтеги таасирлүү адамдын жакын тууганы Алай районунун акими болуп дайындалганы талкуу жаратты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Замир Молдокулов Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалды.

Жаңы аким президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин бир тууган таекеси экени маалым болгондон кийин кадр саясаты сын пикирлерди, талаш-талкууларды жаратты. Кыргыз өкмөтү болсо дооматтардын баарын четке кагып, Молдокулов ириде иш билги, кесипкөйлүгүнө карап тандалган кадр экенин жүйө келтирип жатат.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Замир Молдокулов кесипкөйлүгү, иш билги сапаты үчүн тандалган, анын тууганчылык байланышына көңүл бурулган эмес.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

- Анын жалпы эмгек тажрыйбасы 36 жыл, - деди Чыңгыз Эсенгул. - Анын ичинен мамлекеттик кызматта 26 жыл иштеген. Эл аралык жана республикалык, аймактык ар түрдүү тренингдерге катышкан. Көптөгөн сыйлыктардын ээси. Финансы-экономика кызматынын отличниги. Замир Сарыевич жетектеген Алай райондук финансы башкармалыгы 2017-жылдын жыйынтыгы менен Финансы министрлигинин мыкты башкармалыгы деп да табылган. Анын акимдикке дайындоодо эмгек тажрыйбасы, жамаат менен иштеше алганы, райондогу кадыр-баркы эске алынган. Мурдагы аким башка ишке өткөнүнө байланыштуу анын ордуна Замир Молдокулов келди. Бирок биз ал кимдин тууганы экенин териштирген эмеспиз. Бул кишинин кесипкөйлүгүнө, тажрыйбасына көңүл бурулду.

Замир Молдокулов Алайдын акими болуп дайындалганга чейин райондук деңгээлдеги жооптуу кызматтарда жүргөн. 1995-2000-жылдары райондук кеңешке төрагалык кылган. 2003-2005-жылдары райондук администрациянын аппаратын башкарган. Андан кийин он жылдан ашуун райондук финансылык бөлүмдү, андан кийин башкармалыкты жетектеген.

Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Замир Молдокулов аким болууга татыктуу инсан экенин айтты:

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

- Менин деле бул жакта иштеп жатканыма үч ай болду, карап көрдүм. Чынын айтсам, кимге тууган экенин деле билбейм. Кыргыз болгондон кийин балким мамилеси, тууганчылыгы бардыр. Бирок чынын айтканда "буга тууган, тигиге тууган" деп териштирген "жокпуз.

Анткен менен саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев азыркы бийликти кийинки окуялардан улам "кадр маселесинде тууганчылыкка, өң-тааныштыкка жол берип жатат" деп айыптады:

- Абылгазиев башында турган өкмөт жогору жактын гана тууган-уругун ишке жайгаштыруу менен алектенген бөлүм болуп калды. "Алайдын буга чейинки акими эмне себептен кетти, башка жумушка өтсө, кандай жагдайда кетти, жакшы иштегени үчүн көтөрүлдүбү же кемчиликтери үчүн кызматтан кеттиби, же соодалашуу болдубу?" дегендей суроолор жоопсуз калды. Оштун буга чейинки мэри да түшүнүксүз жагдайда борбордогу кен байлыктар комитетине кызматка кеткен. Ага кысым-басым болдубу, кокустан кызматын тапшырганга эмне себеп болгону да түшүнүксүз бойдон калды, түшүндүрмө берилген жок. Ушундай бүдөмүк жагдайлар коомчулукта терс пикирлерди жаратып жатат. Мына, азыркы күндө кайсы жерге барсаң "анын тууганы, мунун кудасы, бөлөсү, жээни, таекеси, биринчи, экинчи аялынын баланчасы-түкүнчөсү" деген сөздөрдөн башка эч нерсе укпайсың. Азыркы бийлик Акаевдердин, Бакиевдердин кейпин кийип калышы мүмкүн. Эл эч убакта мындайларды кечирбейт. Ошондуктан кыргыз өкмөтү, кыргыз бийлиги кадр маселесине өтө этият мамиле кылышы керек.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров да бийликтеги тууганчылыктын кесепетин эскертти:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Бир үйдөн бирөө чыгып калса, анын артынан баары гений болуп чыга келет. Бул эми уят. Муну уккандан алар уялбаса, айткандан мен уяла баштадым. Илгертен "булбулдун он балапаны болсо да бирөө эле сайрайт" деген сөз бар. Азыр эми бирөө чыкса, артынан калгандарын арабадай кылып чиркештирип алып жүргөндөн тажашпады. Бирөө чыкса эле калгандары гений болуп чыга келишет. Кечээ кайда эле алар? Анан шылтоосу эле "өзү ушундай тың экен, жакшы иштейт экен, көп жылдан бери иштейт экен" деген болот. Көп жылдан бери иштесе эмнеге буга чейин көрүнгөн жок? Бул уят. Бир нерсени көргөнү калды булар.

Мындай пикирлерге саясий эксперт Алмазбек Акматалиев көп кошула бербейт. Ал Каракол шаарынын мэрин шайлоодогу жагдайга токтолуп, президенттин кудасы болгону үчүн шаар башчысы болду деген сөздөрдүн негизсиз экенин айтты:

- Кадрларды билими, иш тажрыйбасынын деңгээли жана "буга чейин ыплас, коррупциялык схемаларга аралашкан эмеспи" деген эки критерийдин негизинде гана тандап, дайындоо керек. Ушул принциптерди колдонсо эле туура болот. Албетте, биз туугандарды дайындоодо Бакиевдерден кийин коркуп калдык. Бирок баарын эле туугандык менен чектей берген да туура эмес. Мисалы, Каракол шаарынын мэрин шайлоодо эки талапкер катышып, бирөө 11, экинчиси 18 добуш алыптыр. Анан эми "кудасынын баласы" деп чектей берсек, кыргызда тууганчылык көп да. Жакында эми "бир уруудан" деп баштайбызбы? Колдон келсе буга азыраак көңүл бурушубуз керек. Эми Жангороз Каниметов аксакалды баарыбыз тааныйбыз. Анын баласы Караколдо вице-мэр болуп иштептир. Депутат болуптур. Анан калса бул шайлоо, депутаттар кимди шайлай турганын өзү билет. "Алардын ар бирин "президенттин кудасы" деп коркутуп-үркүттү" дегенге мен ишене албайм. Эми албетте, анча-мынча таасир болушу мүмкүн, бирок азыркы депутаттардын арасында жөнөкөй мугалим, ишкерлер да бар. Алардан эмнеге коркот? Менимче биз бөйрөктөн шыйрак чыгарып жиберип жатабыз. Албетте, эгер коомчулук буга ушундай реакция кылып жатса, анда муну да бийлик байкап, аша чаппашы керек.

Быйыл жайында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө башкаруу системасы реформага муктаж экенин айткан. Ошондой эле реформанын негизги максаты - тааныш-билиш аркылуу ишке орношуу көрүнүшүн жоюу экенин баса белгилеген:

- Адилет, натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болот. Ошондуктан жалпы башкаруу системасын реформалоо зарыл. Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таӊкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу - бул реформанын негизги максаты. Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы - мына ушул залда отургандардын колунда. Кадрдык саясатта - профессионализм башкы сапат. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл.

"Азаттыктын" архиви: 27-июнь, 2018​-жыл.

​Ушул тушта "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген мазмундагы бир катар уу-дуу кеп-сөзгө кабылып жаткан, Алайдын жаңы акиминин бир тууган жээни Алмамбет Салиев 35 жашта, кесиби боюнча юрист, Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Ал 2008-жылы Ош облустук милициясына ишке орношкону менен бир жылдай гана иштеген. Андан кийин Ош облустук администрациясынын коргоо жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп келип, 2016-жылга чейин иштеген жана бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

Салиев 2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп бир айдай иштеген. Андан кийин өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына 2017-жылдын аягында дайындалган.

Алмамбет Салиев өзү тууралуу айтылган дооматтарга жооп кайтара элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG