Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Президент кадр саясатын аныктады


Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматка тааныш-билиш аркылуу орношууга чекит коюп, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын келишине шарт түзүүнү талап кылды.

Президент мамлекеттик кызматчылардын тазалыгын камсыз кылыш үчүн алардын киреше жана чыгаша декларацияларына болгон көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Саясат талдоочулар мамлекет башчысы маселе көтөргөнү менен эми аны ишке ашыруу жагы бар экенин белгилешти.

Мамлекеттик башкаруунун маңызы өзгөрөбү?

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнь күнү парламентке жана калкка кайрылуусунда азыркы учурда мамлекеттик кызматта кесипкөй, таза жана тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги байкалып жатканын билдирди.

Муну менен Сооронбай Жээнбеков адилеттүү жана натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болорун, мамлекеттик башкаруу тутуму жана кадр саясаты чукул реформага муктаж экенин айтты:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Азыр бизде квалификациясы жогорку адистерди мамлекеттик кызматка тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза сынак жана ачык атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиш же жек-жаат аркылуу кызматка орношууну жоюу - мамлекеттик башкаруудагы реформанын негизги максаты. Мамлекеттик кызматка таза, кесипкөй жана тажрыйбалуу адистердин келиши ушул залда отургандарга көз каранды. Биз кандай кадрларды сунуш кылсак, мамлекеттин өнүгүшүн камсыз кыла турган мамлекеттик кызматтын сапаты да ошондой болот. Кадр маселесине биз абдан аяр мамиле кылышыбыз керек. Жакшы кадрларды сактаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Туугандарыбызды, жакындарыбызды же тааныштарыбызды кимдир-бирөөнүн ордуна "коюп бер" дегенди токтотуш керек.

"Сөздөн ишке..."

Ошол эле учурда саясат талдоочулар мамлекеттик башкарууну реформалоо маселеси көптөн бери айтылганы менен ийкемдүү кадр саясаты ишке ашпай келе жатканын белгилешет.

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков сөздөн ишке өтүүгө мезгил жеткенин айтып, президент саясий эркин эми иш менен далилдеши зарыл деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Президент Сооронбай Жээнбеков бардыгын айтты. Азыр эми ошонун баарын ишке ашырышы гана керек. Президенттин ишке киришкенине жарым жылдан ашып калды. Мамлекет башчысы реалдуу кадамдарды жасашы керек. Антпесе андан сурай турган учур деле алыс эмес. Мисалы, атайын комиссия түзүп, ага өзүнүн командасынан, парламенттен жана жарандык коомдон өкүлдөрдү киргизип, реформа жүргүзүү демилгесин башташы керек. Ошондо айтылган сөздөр ишке ашып, иш өзүнөн-өзү кете бермек. "Реформа чынында эле башталыптыр" деген коомдук пикир түзүлмөк. Бирок азырынча мен андай иш-аракеттерди көрбөй турам. Реформага биринчи кезекте демилге, саясий эрк, акча жана натыйжалуу команда керек. Президентте саясий эрк бар экени байкалып турат. Бирок анда акча жана иштей ала турган команда барбы?

Сынактан сырт калгандар

Мыйзамга ылайык, учурда бардык жарандар муниципалдык жана мамлекеттик кызматка орношуу үчүн тест тапшырып, сынактан өтүүгө милдеттүү. Бирок буга саясий кызматка же атайын административдик кызматка бараткандар кирбейт.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрамжан Мадумаров талапкерлиги саясий кызматтарга көрсөтүлгөндөрдүн сынактан сырткары калышын тиешелүү тараптардын жоопкерчилиги менен байланыштырды:

- Маселе бул жерде - бизде саясий жана атайын административдик кызматтар бар. Бул жерде эң негизги жоопкерчилик талапкерлерди ошол кызматтарга көрсөткөн саясий партияларда же кайсы бир саясий топтордо болушу керек. Ал саясий чечимдин негизинде саясий же атайын административдик кызматка сунуш кылган талапкер үчүн жоопкерчиликти конкреттүү түрдө ошол тарап ала турган механизм иштеши керек. Анткени мыйзам боюнча, ал кызматтарга көрсөтүлгөндөр сынактан сырткары калып, алардын кесипкөйлүгү, тажрыйбасы жана билими терең текшерилбей калышы мүмкүн.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматчылардын арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтыш үчүн алардын киреше-чыгашасын иш жүзүндө көзөмөлгө алуу маселесин көтөрдү. Ал мамлекеттик кызматчыларга жана алардын жакындарына жазылган мүлктүн эсебин алуу менен казынаны уурдоо жана пара алуу сыяктуу кылмыштардын алдын алуу амалын жайылтууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул чаралар жакын арада ишке киргизиле турганын айтты:

- 1-июлдан тартып президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга каршы күрөш чараларындагы олуттуу компонент. Ар бир аткаминер таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашашы керек. Мүлкүн жакындарына же тууган-уругуна жаздырып коюп, мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгын жашыргандардын кирешелери менен чыгашаларын ачык аныктоо тутумун калыптандыруу зарыл. Муну менен биз мамлекеттик кызматкерлердин таза иштешин камсыз кылуучу механизмдерди киргизүүбүз абзел.

2018-жылдын январынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгаша декларацияларын көзөмөлдөө Мамлекеттик кадр кызматынан алынып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген. Буга чейин мамлекеттик кызматчылардын декларация толтуруу милдеттенмеси татаалдашып, андагы берилген маалыматтардын тактыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрамжан Мадумаров мындан ары киреше-чыгаша декларациялары салык декларациясы менен кошо текшерилип, талдоого алынарын билдирди:

Акрамжан Мадумаров.
Акрамжан Мадумаров.

- Мындан ары эки башка мамлекеттик орган декларацияларды чогултпастан, киреше-чыгаша декларациялары жана салык декларациясы болуп бардыгы бир органда - Мамлекеттик салык кызматында тескелет. Ошол орган аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тиешелүү декларацияларды толтуруу талап кылынып, андагы маалыматтардын баары бир жерден текшерилип, бир жерден талдоого алынат. Ошондо жыйынтыктуу иш жүргүзөт деген ойдомун. Анткени мыйзам боюнча декларациядагы так эмес жана туура эмес же бурмаланган же жазбай койгон маалыматтары үчүн жоопкерчилик каралган. Буга байланыштуу материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет. Эми бул багытта иш жүрүп, көзөмөл күчөтүлө турган болду.

Мындан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматчыларды даярдоо жана аларды жайгаштыруу үчүн кадрлардын улуттук резерви түзүлө турганын жарыялады. Анын жобосуна ылайык, талапкерлер сынактан өтүп, ошол улуттук резерв аркылуу гана мамлекеттик кызматка алынмакчы.

"Азаттыктын" архиви: Эски, жаны өкмөт: кадрлар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG