Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:35

Мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар толтурган декларациядагы маалыматтар чындыктан алыс экендиги айтылууда.

Мамлекеттик кызматкерлерди декларация тапшыруу талабы өзүн актадыбы, чиновниктер эмне үчүн тапкан байлыгын, кирешесин жашырат, негизги мүлктөрүн эмне үчүн аялына жаздырат, топтогон байманасы менен декларациясы канткенде дал келет? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга коомдук-мамлекеттик ишмер Алманбет Матубраимов жана Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын кирешелерди декларациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жанара Иманалиева катышты.

«Азаттык»: Жанара айым, мамлекеттик кызматкерлерди жыл сайын тапкан киреше-чыгашалары боюнча ачык декларация тапшырууга милдеттендирүүнүн негизги принциби же максаты эмнеде?

Декларация толтуруунун негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапкан кирешеси, короткон чыгашасы, мүлктөрүнүн ачык-айрым болушу жана коомго жарыяланышы.
Жанара Иманалиева

Жанара Иманалиева: 2004-жылы декларация жөнүндө мыйзам кабыл алынган, акыркы өзгөртүүлөр 2015-жылы киргизилген. Декларация толтуруунун негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапкан кирешеси, короткон чыгашасы, мүлктөрүнүн ачык-айрым болушу жана коомго жарыяланышы. 2012-жылы өкмөттүн токтому чыгып анда эки жобо чыккан, биринчиси - декларациялоо, экинчиси - аны анализдөө. Биз ошо жобонун негизинде ишти алып келе жатабыз.

«Азаттык»: Сиздердеги маалыматтар боюнча кандай, мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери өсүп жатабы, алар кайдан пайда таап жатат, ушул боюнча кандайдыр бир изилдөө, анализ, мониторинг жүргүзүлөбү?

Жанара Иманалиева: Бизде декларацияга карата гана анализ жасайбыз. Сиз айткандай негизде анализ жасабайбыз. 2013-жылы 12 мамлекеттик орган арасында түзүлгөн комиссия бар, алардын арасында прокуратура, салык кызматы, бажы кызматы ж.б. бар. Алардын ар бири мамлекеттик кызматкерлер боюнча өзүнө тиешелүү маалыматтарды жиберет. Чиновниктин же депутаттын кирешеси, мүлкү тууралуу маалыматы менен биздегини салыштырып, анализдеп чыгабыз, дал келеби же келбейби текшеребиз. Анын баарын корутундулап туруп, эң жогорку беш мамлекеттик органга (президент, өкмөт башчы, парламент спикери, Конституциялык палата, Жогорку Сот) жөнөтөбүз...

«Азаттык»: Алманбет мырза, мамлекеттик жогорку даражадагы кызматкерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын тапшырган декларацияларындагы маалыматтар менен чыныгы жашоодогу байлыгы дал келбейт, алар реалдуу байлыгын жашырат деп калышат. Ушунун чындыгы барбы, болсо алар эмне үчүн тапканын жашырат?

Бизде ачык-айрым салык төлөө маданияты жок. Мыйзамдар эл үчүн иштеген жок, тескерисинче эл мыйзам үчүн, бийлик үчүн эле иштеп жаткандай.
Алманбет Матубраимов

Алманбет Матрубаимов: Баарынын байлыктарын жашырып жатышы - салык төлөөдөн качуу. Бир мисал айтайын, Кытай тараптын маалыматы боюнча Кыргызстанга 10 миллиард долларлык товар өткөрсө, бизге киргени бир миллиард долларга жетпеген товар көрсөтүлүп жатат. Кытайда эмне үчүн толук маалымат деген суроо туулат. Аларда көптөгөн жеңилдиктер бар. Бизде болсо салыктарды жашырабыз, анын айынан декларацияны туура эмес толтурабыз. Бизде ачык-айрым салык төлөө маданияты жок. Мыйзамдар эл үчүн иштеген жок, тескерисинче эл мыйзам үчүн, бийлик үчүн эле иштеп жаткандай.

Азыр кайсы карапайым кишини укпаңыз мыйзамдарга нааразы, ал эми бийликте отургандар болсо жоопкерчиликтен качып, бардык мүлктөрүн мыйзамдан жашырып жатышат. Декларация маселесин жөнгө салуу үчүн убагында Америкада болгон “улуу депрессия” саясаты жүрүшү керек. Анда салык кызматына чоң бийликти, милдетти, жоопкерчиликти беришкен, керек болсо курал колдонууга чейин укук беришкен. Ошентип Америка өз депрессиясынан чыккан. Өлкө президенти Рузвельт “бизге коррупцияга аралашкан бийлик башындагы кландар жолтоо болуп жатат” деп айткан. Алар кимдер экен деп териштиргенде 118 кишинин тизмесин беришкен. Президент сотсуз, тергөөсүз, изилдөөсүз аларды жок кылууга уруксат берген. Мен муну менен дал ушундай ыкманы колдонуу керек дегенден алысмын. Бирок Америка болбосо да салык төлөбөгөндөр, байлыгын жашыргандар менен натыйжалуу күрөш жүргүзгөн Сингапурдун, Германия, Жапония, Кореянын тажрыйбасын неге албайбыз, Монголиянын мисалын эле карап көрсөк болот...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG