Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Өкмөт өз кадрларын азайтат


Өкмөт үйү
Өкмөт үйү

Аткаруу бийлиги кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартып, мамлекеттик мекемелердин түзүмүн оптималдаштырууга киришти.

Оптималдаштыруу аркылуу өкмөт жылына 200 млн. сомдой каражат үнөмдөөнү ниет кылууда. Жаңы өкмөт демилгелеген бул кыскартуулар, кайра бөлүштүрүүлөр жана бириктирүүлөр иштин сапатына кандай таасир этет?

Мамлекеттик органдарды оптимизациялоого байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, кызматкерлердин саны 10 пайызга, тагыраагы 1,5 миңге жакын адамга кыскарат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты иш менен камсыз кылуунун көчмө кызматы башкармалыгы, ушул эле министрликтин Жаштар эмгек биржасы, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк региону боюнча аймактык борбору жоюлат. Дээрлик бардык министрлик менен мекемелерде штаттык бирдик кыскарат.

Мамлекеттик каттоо кызматына республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук департаменттерди өзүн-өзү каржылоого этап менен өткөрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Кубаныч Шадыбеков оптималдаштыруу аракеттери туурасында буларга токтолду:

- Биздин анализ боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймактык борбору норманы бузуп, өкмөттүн токтому менен эмес, министрдин чечими менен гана түзүлүп калган. Токой чарбасынын түзүмү да өзгөрөт. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо департаменти Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине кошулат. Ал эми токой чарбасы боюнча 42 токой чарбасы жана сегиз токойчулук бар. Ошолордун базасында 33 токой чарбасын түзөбүз. Өкмөттүн токтому менен штаттык бирдикке чектөө койгонбуз, көбөйбөсүн деп мораторий жарыялаганбыз.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Айыл чарба, андан кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү, Маданият, Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги кызмат орундары кыскарат.

Нурбек Мурашев
Нурбек Мурашев

Айыл чарба тармагында иштеген 500дөн ашуун адам кыскартууларга байланыштуу бошотулат.

Министр Нурбек Мурашевдин айтымында, иштен кеткендердин көбү Суу чарба департаментине туура келерин билдирди.

- Көбүрөөк суу чарба департаментинен кыскартылды. Эмнеге 5 миңден ашуун киши Айыл чарба министрлигинде иштейт деген суроо көтөрүлө берет. Анын 4,5 миңи эле суу чарба департаментинде. Ар бир каналдын жоопкерчиликтүү кишилери болот. Ошолорду кошкондо ушунча болуп кетет.

Мамлекеттик кызматтардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, чыгымдарды азайтуу боюнча өкмөттүн бул аракетин сындагандар да бар.

Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев кыскартуу облустарды, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюудан башталышы керек деп эсептейт.

Ал кайталанма, мекемелерди жоюп, кызматкерлердин санын 50 пайызга чейин кыскартууну сунуштап жатат.

- Булар Саакашвили (Грузиянын мурдагы президенти - авт.) болбогону үчүн 30-40% кылып жиберсе өлкөдө дүрбөлөң болуп кетиши мүмкүн деп чочулашат. Ошол себептүү 10% гана кыскартууга барып жатышат. Айыл чарба, Экономика министрлигинин алдындагы эле департамент болуп статистика, прогноздоо, тренддерди көрсөткөн 50 киши калса болмок. Барсаң тизмеге кире албайсың же бир маселең чечилбейт. Жөн эле акча кетирип сасыган имаратта отурушат. Кыскартуунун эсебинен 10 миң сом айлык алган кызматкерлер 30-40 миң алып калса кандай сонун болмок. Мотивация да пайда болот эле. Андан көрө имараттарды ижарага берсе дагы бюджетке акча түшмөк.

Кыргызстанда ар бир келген өкмөт ишин кыскартуу, түзүмүн өзгөртүү менен баштайт. Анын канчалык натыйжалуу экенин, иштин сапатына таасирин тийгизип жатканы анализ жасалбайт дегендер бар.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Мурдагы экономика министри, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев кыскартуулар орун алмашуу менен чектелбесе деген тилегин айтты.

- Постсоветтик чөйрөдө кыскартуулар көп учурда жөн эле бир адамды башкага алмаштыруу максатында жасалат. Кыскартуу шылтоосу менен айрымдардан арылып, кайра өз адамдарын топтоп алмай көрүнүш бар.

Экономика боюнча адис Искендер Шаршеев мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарын, штаттык орундарды азайтуу менен чакан өкмөт түзүү заман талабы экенин белгиледи. Анын пикиринде, мындай демилгелер өкмөттү автоматташтырууга өткөрмөйүн чечилбейт. Ал үчүн бир катар мыйзамдарды өзгөртүү зарыл жана саясий эрк керек.

- Кызматкерлер кошумча пайданы жаратпайт. Алар көбүнчө мамлекет ичинде кагаз иштерин алып барышат. Автоматташтыруу акырындап келе жатат, эгер ошол ишке ашса, кагаз менен иштеген кызматкерлер өзүнөн өзү кыскармак. Мисалы Норвегияда бир аймакты 19 киши башкарат. Ошондо бир өлкөнү 100 киши башкарып жатат. Бизде алардын саны 20 миңге жакын. Бул күч түзүмдөрүн кошпогондогу сан.

Ал эми жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинин мурдагы башчысы Бакыт Рыспаев айрым маселелерди чечүүнү жергиликтүү бийликтин өзүнө берүү керек деп эсептейт.

Кыргызстанда жалпысынан 27 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров айрым министрликтердеги бири-бирин кайталган, артык баш саналган кызмат орундары жоюларын билдирген. Бирок өкмөттүн аппараты, министрликтерде өзгөрүү болгон эмес.

Учурда 12 министрлик, эки комитет, алты агенттик, алты фонд жана инспекция бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG