Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:00

Мадумаров: Улуттук кадр резерви түзүлүп жатат


Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун "Азаттыкка" айтымында, учурда Улуттук кадр резервинин механизмдери даярдалып жатат.

- Улуттук кадр резерви башкы, жогорку администрациялык мамлекеттик кызматтарга кадр даярдайт. Башкача айтканда жетекчилик гана кызматтарды даярдайт, - деди ал.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде айыл өкмөт башчыларынын, район акимдеринин жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана окутуу боюнча жумушту күчөтүүгө тапшырма берген.

Президент аткаминерлерди Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да окутуу зарыл экенин белгилеген. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG