Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

ИИМ: жаңы министр кадрларды алмаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен милициянын бир топ жетекчилери кызматтан алынып, 12 кызматкер административдик-тартиптик жазага тартылды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин ички иштер органдарындагы коомчулукка жаманатты болгон айрым жооптуу жетекчилер тууралуу парламентте да маселе көтөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин өткөн ишемби күнү болгон коллегиясынын чечими менен милициянын бир катар түзүмдөрүнүн иши начар деп бааланды. Ага ички иштер органдарынын 2018-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыгы негиз болду. Буга байланыштуу ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери кызматынан алынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов ишти уюштуруудагы кемчиликтери үчүн кызматынан алынган, убактылуу четтетилген жана сөгүш берилген жетекчилер тууралуу билдирди:

- Криминалдык милиция башкармалыгынын Түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасеитов Тогуз-Тородогу кетирген кемчилиги үчүн кызматынан алынды. Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Муктаров ыкчам издөө иштерин уюштуруудагы кемчилиги үчүн кызматынан кетти. Борбордук аппараттын криминалдык милиция кызматынын №3 уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Таштан уулу Нурлан кызматынан алынды. Кадрлар кызматы менен өздүк коопсуздук кызматынын жетекчилери Болот Имангазиев менен Скандарбек Көчөрбаев кызматтык иликтөө бүткөнгө чейин кызматтарынан убактылуу четтетилди. Мындан сырткары ИИМдин борбордук аппаратында жана райондук бөлүмдөрдө иштеген 12 кызмат адамына ар кандай деңгээлдеги административдик-тартип жазалары колдонулду.

Шектүү иштер, күчтүү байланыштар

Кызматтагы кемчиликтери үчүн иштен алынган жетекчилердин бири, Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматынын иштен алынган башчысы Скандарбек Көчөрбаев "мурда үч сыйра кылмыш жообуна тартылган" деген маалыматты Интернеттеги сайттар жазган.

Көчөрбаев 2004-жылы Таласта Манас райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп турганда жана облустук милициянын коррупцияга каршы бөлүмүн башкарган кезинде маяналардан мыйзамсыз акча кармап алуу жана пара талап кылуу сыяктуу үч кылмыш эпизоду боюнча жоопко тартылганын Башкы прокуратура ырастаган. Анын УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен туугандык байланышы туурасында да маалыматтар чыккан.

Көчөрбаев мындай кинелердин бардыгын айрым басылмалар аркылуу төгүндөгөн. Анын ичинде Абдил Сегизбаев менен туугандык жайын танбай турганын айтып, бирок бул кызматка келишине аны тиешеси жок экенин белгилеген. Ал эми айтылып жаткан кылмыш иштери "жасалма токулган жана далил табылбагандыктан кыскарган" деп билдирген.

Ички иштер органдарындагы коомчулукта көп сын ээрчиген жооптуу кызматкерлердин бири - министрдин орун басары Данияр Абдыкаров. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламенттеги фракция жыйынында ага кайрылып, анын дарегине айтылган дооматтарга эмнеге жооп бербей жатканын сураган:

- Коррупция ушул күч түзүмдөрүндө токтосо эле, калган бийлик түзүмдөрүндө 99 пайызга кан буугандай токтойт эле. Ошондуктан ИИМ, прокуратура, УКМК, Финпол сыяктуу органдарда иштеп, коррупцияга малынган кызматкерлерди тазалаш керек. Мен ички иштер министринин орун басарына суроо берейин деген элем. Мен үчүн интернет-сайттарда "анын учурунда "Мегакомго" кол салып, бир топ миллиондорду алган" деген сыяктуу маалыматтардын чыкканы жаңылык болду. Сиз көптөн бери министрдин орун басары болуп иштеп келе жатасыз. Буга кандайдыр бир тиешеңиз болгонбу? Себеби ушундай маалыматтар чубалжып чыгып жатса, сиздин унчукпай отурганыңыз менде суроо жаратты. Сиз министрдин орун басарысыз. Генерал наамын алдыңыз. Мындай болбойт да. Сиз эгерде таза болсоңуз, маалымат жыйынын өткөрүп, муну тактап, оңдоо киргизип коюшуңуз керек. Эгерде сиз унчукпай жүрө берсеңиз, биз өкмөт башчысына кайрылабыз.

Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Анткен менен ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров массалык маалымат каражаттарына чыккан ал тууралуу ар кандай маалыматтардын баары "сары басма сөздүн" деңгээлиндеги ушактар болушу мүмкүн экенин айтып, алардын баарына жооп берүүгө милдеттүү эмес экенин билдирди:

- Мен андай ойдон чыгарылган нерселерди жаза берген гезиттерге эч кандай жооп бербейм. Менин андай иштерге эч кандай тиешем жок. Менин ал жакты басып ала тургандай мүмкүнчүлүгүм да жок. Ошол сыяктуу нерселерди "сары" басма сөзгө жаза беришет экен да. Менде бирөө-жарым менен талашып-тартышып, актангыдай себеп жок.

Кызмат ордуна эки жылдан кийин кайтып келген ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоон топ кызматкерлерди иштен алган коллегиясында Данияр Абдыкаровдун жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлгөн жок.

Анда министр Кашкар Жунушалиев милицияга карата элдин ишенимин кайтаруунун үстүндө иш алып баруу зарыл экенин айтып, коррупцияга малынган, кыйноо ыкмаларын колдонгон жана кесиптик жактан талапка жооп бербеген милиция кызматкерлери тез арада жумуштан алынарын билдирген.

Буга чейин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ички иштер министрин кабыл алган учурда милициянын арасын анын беделине көлөкө түшкөн жана "колу таза эмес" жетекчилерден тазалоо маселесин көтөргөн.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет комититетинин мурдагы төрагасы, депутат Мирлан Жээнчороев кыргыз милициясынын ийгилик өксүктөрү тууралуу "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү. Анын төмөндө угуңуз:

"Милицияда ийгилик бар, өксүк да көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG