Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:35

Өкмөт башчы милицияны полиция кылып өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө. Ага ылайык Ички иштер министрлигинде жумушчу топ түзүлүп, ишке киргени кабарланды.

Ички иштер органын полиция деп атагандан эмне өзгөрөт? Реформанын маңызы, майнабы эмнеде болот? Полициянын коомдогу орду, келечеги кандай болуш керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ички иштер министрлигинин байкоочулар кеңешинин мүчөсү Чынара Касмамбетова катышты.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, өкмөт башчы Сапар Исаковдун милицияны полиция кылып кайра түзүү демилгесин сиз кандай кабыл алдыңыз? Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча демилгелер көп эле болгон, бирок көбү орто жолдо калып кетти окшойт...

Кеңешбек Дүйшөбаев: Көтөрүлгөн демилге - бүгүнкү күнү абдан актуалдуу маселе. Милицияны полиция деп атоо демилгеси мындан туура 20 жыл мурда, 1998-жылы көтөрүлгөн, өкмөттүн атайын токтому да чыккан.

Ички иштер министрлигинде милицияны реформалоо боюнча министрдин биринчи орун басары башында турган атайын топ түзүлгөн. Чоң концепция иштеп чыкканбыз. Ал документке ылайык криминалдык милиция, муниципалдык милиция, коопсуздук милициясы ж.б. кызматтар түзүлмөк. Ошондой эле милицияны полиция деп атоо сунуш кылынган. Милициянын укуктук базасы толугу менен жаңырмак.

Көп талкуулардан кийин бул концепция өкмөттүн токтому менен бекитилген. Тилекке каршы, ал концепция ишке кирбей токтоп калды. Анын ар кандай себептери болду.

Совет заманынан бери келаткан мамлекеттик органды түп-тамырынан бери өзгөртүш үчүн бир топ каражат керек болду. Анан мамлекет башчыларынын эрки керек болчу. Башканы коёлу, КМШ өлкөлөрүнүн баарында ички иштер органдары полиция деп аталат, биз эле калдык, эски ат менен.

Совет заманынын алгачкы жылдарында милиция “куралданган эл”, б.а. азыркыга чейин “дружина - элдик кошундардын” негизинде түзүлгөн орган болуп келатат. Полиция болсо мамлекеттеги укук тартибин коргогон орган болушу керек. Бийликтен, саясаттан көз каранды эмес болуш керек болчу. Полиция үчүн укук саясаты баарынан бийик турушу керек.

Реформалардын ишке ашпай калышына мурдагы бийликтегилер милицияны өз таасиринен чыгаргысы келбегени себеп болду окшойт. Анткени милиция тартип коргоо органдарынын ичинде күчтүүсү жана саны жагынан да көп эмеспи.

“Азаттык”: Чынара айым, өкмөт башчынын демилгесинен кийин жумушчу топ түзүлгөнү айтылган. Сиз азыр ошол топтун биринчи жыйынына катышып чыктыңыз, ишти эмнеден баштадыңыздар?

Чынара Касмамбетова: Жумушчу топтун биринчи жыйынында "Мындан ары кандай тартип менен иштейбиз?" деген суроо талкууланды. Азыр элдин өзү “милиция деген эмне, полиция деген эмне” деп кызуу талкуулап жатат. Эл өзү талдап, көп сунуштар айтылууда. Каршы чыгып, коркуп жаткандар да бар.

Эң негизги маселе - милициянын аты эмес, затын алмаштыруу боюнча чоң сөз болуп жатат. Милициянын түзүмү, анын иштөө ыкмасы өзгөрүш керек. Бир нече мыйзамдар иштелип чыгышы керек. Ал үчүн милициянын жалпы ишине талдоо жүргүзүү талабы коюлууда, ал иш тобу ошол талдоонун үстүнөн иштеген атат. Юристтердин атайын тобу мыйзам долбоорлорун жазат. Бардык документтер чоң талкуулардан өтмөкчү. Реформа жүргүзүүгө канча каражат сарпталат - бул дагы чоң маселе.

“Азаттык”: Жумушчу топтун курамы боюнча да суроолор жаралды, ага кимдер кирди? "Милиция өзүнө караштууларды эле чогултуп алды, башка сунуш-пикир айтчуларды кошушпайт" деген сөздөр бар.

Чынара Касмамбетова.
Чынара Касмамбетова.

Чынара Касмамбетова: Жумушчу топтун көпчүлүгү - Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын өкүлдөрү. Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык уюмдардан көз каранды эмес эксперттер катары 3-4 киши мүчө болду. Бардыгына оюн, сунушун ачык айтууга мүмкүнчүлүк берилип атат.

Бул топ башка мамлекеттик органдар менен да иштеп, алардын оюн угат, талкуулайт. Ошондуктан "бул топ жабык иштеп жатат" же "өздөрүнүн кишилерин киргизүүдө" деп айта албайм. Мисалы, мен бейөкмөт уюмдун өкүлү катары бул топко кирип жатам. ИИМдин коомдук кеңешинен да эки киши бул топко кирип жатат. Биздин коомдук кеңеш милицияны реформалоо боюнча өз сунуштарын киргизип жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен бир нерсени түшүнбөйм. "Премьер-министр Сапар Исаков милицияны полиция кылабыз деди" деп баары чаң-тополоң эле түшүп калышты. "Топ түзүп ишке кирдик" деп жатышат. Элдин эсине салып коё турган бир факты бар.

2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин укук тартибин коргогон органдардын ишин реформалоо боюнча комплекстүү чаралар жөнүндө жарлыгы чыккан. Анда дагы атайын топ түзүп, шымалана ишке киришкен. Жасала турган иштер аныкталган болчу. Арадан эки жыл өттү, алар эмне иш кылышты, эми алардын иши жарабай калдыбы? "Милицияда жаңы беш кызмат түзүп, реформа жасадык" дешти, ошондо эмне үчүн полиция деп атап коюшкан эмес? Ушундай суроолор чыгып жатпайбы. Баш-аягы жок эле иштерди кыла беребизби? Мындай ишти системалуу, комплекстүү түрдө жасаш керек болчу.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Милициянын аты эмес, заты өзгөрсө...
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:44 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG