Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Абдраимов бийликке ыңгайлуу кадрбы?


Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду. Ушул эле күнү аны вице-премьер-министр Кубатбек Боронов облус аппаратына тааныштырды.

Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн милдетин буга чейин Улан Карагулов аткарып келген.

Туйгунаалы Абдраимовдун Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлү болушун кубаттагандар да, сындагандар да көп болууда.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев БШКнын мурдагы жетекчисине иш билги, өзүнүн көз карашы бар инсан катары баа берди:

- Өзүңөр байкагандай эч ким тааныбаган кадрлар көбөйүп кетти. Аларга караганда облус, район башына тажрыйбалуу, эл менен иштей алган адамдар келсе жакшы эле. Туйгунаалы Абдраимов жакшы аткаруучу. Чүйдө кадыр-баркы бийик. Алмазбек Атамбаевдин досубу же касыбы, ал башка маселе. Жеке мамиленин мамлекеттик кызматка тиешеси болбошу керек.

Туйгунаалы Абдраимовду жамаатка вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. 25-май, 2018-жыл
Туйгунаалы Абдраимовду жамаатка вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. 25-май, 2018-жыл

Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президент Абдраимовго Чүй облусунун тизгинин карматуу менен аймактык тең салмакты сактоого аракет кылып жатат деген пикирде.

- Чүйдөн качан министр шайланчу эле? Азыр мына чүйлүк төрт министр отурат. Менимче, өкмөт башчы да, президент да аймактык тең салмактуулукту сактаганга аракет кылып жатат. Туйгунаалы мырза тууралуу айтсам, ал бул кызматка татыктуу. Биринчиден, эл менен иштегенди билет. Экинчиден, шар жүрөт. Башкаларга окшоп жаман көрүнүп калбайын деп саксынбайт.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков Абдраимовдун Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп дайындалышын президенттин стратегиялык кадамы катары сыпаттады:

- Менин оюмча президент саясатчыларга басым жасап жатат. Азыр билинбегени менен саясий абал курч. Ал күндөн күнгө оорлой бериши мүмкүн. Ошол себептүү тажрыйбалуу саясатчылар менен кызматташууга барып жатат. Эл менен тил табыша билген аткаминерлерди өз тегерегине топтоп жатат десек болот.

"Азаттыктын" архиви: Эски-жаңы кадрлар. 2-май, 2018-жыл

"Туй" байкенин ишмердиги

Туйгуналы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясын бир эмес, эки жолу жетектеген. 2006-жылы Балыкчы шайлоо округунан жеңип келген кримтөбөл Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат бербей койгону менен коомчулуктун эсинде калган.

Жогорку чөйрөдө "Туй байке" деген ат менен таанымал Туйгунаалы Абдраимовду "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин досу" деп айтып жүрүшөт.

60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган жана парламенттин депутаты болгонго чейин шаардык, райондук ооруканаларда врач-хирург, бөлүм башчы, бир канча жыл Ысык-Ата райондук ооруканасынын жетекчиси болуп иштеген.

Туйгунаалы Абдраимов БШКны эки жолу жетектеген. 2011-жылы тартылган сүрөт.
Туйгунаалы Абдраимов БШКны эки жолу жетектеген. 2011-жылы тартылган сүрөт.

1995-жылы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына шайланган жана ошол эле маалдарда, тактап айтканда, 1996-1998-жылдары саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 1998-2000-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун башчысы, 2007-жылы жети ай саламаттык сактоо министринин кызматын аркалаган.

Президент Атамбаев менен депутат болуп, парламентте чогуу отурганда ымалашып, достук мамилеси башталганы жана Социал-демократтар партиясынын мүчөсү да болгону айтылып жүрөт.

Абдраимовдун жеке ишкерлик кылган да жайы бар. 2001-2005-жылдары ооруканаларды медициналык жабдуу менен камсыздаган “Дентал системс” деген ишкананы башкарган.

Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2002-жылы келген. 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийлик алмашканда ага чейин оппозицияга ачык ылым санап келгендиктен, эч тоскоолдуксуз Боршайкомдун төрагасы болуп шайланган. Эки жылдай иштегенден кийин, 2007-жылы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп кеткен жана бул кызматта 2010-жылы бийлик алмашканга чейин отурган.

Саясий жүрүштөрү

Убагында Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болгон коомдук ишмер Эдил Байсалов 2016-жылы “Азаттыкка” курган маегинде эки президентке мандат тапшыруу шыбагасы буюрган Абдраимовдун Алмазбек Атамбаев менен оош-кыйыш мамилеси тууралуу буларды айткан.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

​- Курманбек Бакиев аны Түштүк Кореяга элчи кылып жибергенде Атамбаев экөөнүн ортосунда таарынычтар болгон. "Сатып кетти" дегендей сөздөр айтылган. 2010-жылдан кийин бул кишини Атамбаев өзүнө көп жолотпой, жакындатпай, Абдраимов өзү деле күнөөсүн сезгендей болуп жакындабай жүргөн. Өзү жакшы билген, көп иштеген БШКга мүчөлүккө “Ар-намыс” партиясы аркылуу шайланган. БШКнын төрагасы болуп шайланганда саясий чөйрөдө "Атамбаевге каршы иштейт, өчүн эми алат, шайлоодо катуу талашып-тартышат" дегендей сөздөр чыккан. Бирок Абдраимов башкача саясий жүрүштөргө барган, Атамбаев анын тилин тапкан.

Абдраимов коомчулуктун оозуна негизи Борбордук шайлоо комиссиясын алгач жетектеп турганда илинген. Март ыңкылабынан кийин президенттик шайлоо маалында Урмат Барыктабасовду Казакстандын жараны деген жүйө менен талапкер кылып каттабай койгон. Бул калайман нааразылык акциялар менен коштолгон.

Бир жылдан кийин кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болуп өлгөн бир тууган иниси Тынычбек Акматбаевдин ордуна Балыкчы округунан депутат болуп шайланганда мандат бербей койгон. Бул окуядан көп узабай эле Рысбек Акматбаевди белгисиз адамдар атып кеткен.

Шек келтирген мандат талаш

Парламентке “Ар-намыс” фракциясынан атынан барган, мурдагы депутат Бөдөш Мамырова 2016-жылы депутаттардын мандатына байланышкан чырдан улам анын ишин сынга алган эле:

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

- Бул же тигил кызматка “Ар-намыс” фракциясынын атынан баргандардын көбү эле партияга да көлөкө түшүрдү, фракцияны жаманатты кылды. БШКнын айланасында болуп жаткан азыркы ызы-чуу, мандат бөлүштүрүү, мандат чырын мен такыр түшүнбөй турам. Бир да бийлик системасында мындай болгон эмес. Биз жаман деген, үй-бүлөлүк башкаруу, тууган-туушканы аралашкан, мыйзамдуулуктан тайган деп кетирген Акаевдин да, Бакиевдин убагында да БШКнын мындай чуусу болгон эмес.

Мурдагы депутат Жылдыз Жолдошева да убагында БШКда иштеп кеткен. Ал Абдраимовду коом алдындагы жоопкерчилигин сезбей жатат деп сынга алган:

- Абдраимовдун адам катары жакшы дагы жактары бар. Анча-мынча адамдар менен мушташам деп да турат. Эгер ал Атамбаевдин досу экени чын болсо ага сөз тийгизбеш үчүн жоопкерчилиги он эсе экенин сезиш керек.

Туйгунаалы Абдраимов "мандат талаш партиялардын ички иши, кааласа атышсын, БШКнын буга эч бир тиешеси жок" деген таризде өз позициясын билдирген жайы бар.

Былтыр жазында БШКнын чыгымдары боюнча чуу чыккан эле. Май айында жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, БШКнын эсепсиз каржылык чыгымдары боюнча чара көрүү тууралуу кайрылуу жолдогон болчу. Анын алдында БШКнын ошол кездеги мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Абдраимов төрага болгондон бери миллиондогон сом каражат негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан болчу.

Анын эсебинде, чет өлкөлүк сапарларына, кымбат баалуу унаасына жана башкага кеткен чыгымдардын баарын кошкондо Абдраимовго ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5 - 3 миллион сомдой акча коройт. Көп учурда бизнес-класс менен учат жана кызматына тиешеси жок айрым сапарларда да болгон.

Кадырбеков ошондой эле шайлоо комиссиясында иштебеген адамдардын чет өлкөгө чыккандагы чыгымдары төлөнүп берилгенин, БШКга тиешелүү унааны башка адамдар айдап жүргөнүн, бөтөн эле адамдардын телефонунун акчасы төлөнүп калган учурлар болгонун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин жана күбөлүктөрүн даярдоо үчүн акча чогултулганын жана ушул сыяктуу башка да фактыларды ачыкка чыгарган болчу.

Абдраимов өз кезегинде бул дооматтардын баарын четке каккан. Анын досу, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов Абдраимов тууралуу дооматтарды негизсиз деп четке каккан:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Ал принципиалдуу, сабаттуу жигит. Экинчи ыңкылаптан кийинки негизги саясий окуялардын баарына катышты. Президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрдү. БШК тараптан мыйзам бузуу, мүчүлүштүк болгон жок. БШК, анын төрагасы тууралуу дооматты уга элекмин.

60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимовду жакындан билгендер маселени дароо чечкен өткүр, бетке чабар, ошол эле учурда кызуу кандуу адам катары мүнөздөшөт. Ал Чүйдүн тыңчыкмаларынын сап башында жүрөт жана аймактагы кадр саясаты, кадр маселелери анын кеп-кеңеши, таасири аркылуу чечилет деген сөздөр бар. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу, кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен маал-маалы менен чай ичишип турганы да айтылган.

Туйгунаалы Абдраимов 2016-жылы депутатка мандат берип, кайра алып, кайра бергени менен да эсте калган. "Республика" партиясы менен шайланып келген Жыргалбек Саматовду эки ирет депутат болуу укугунан ажыратып, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы ага кайрадан депутаттык мандатын тапшырган.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын эки депутатын фракциянын чечиминин негизинде деп мандатынан ажыраткан.​ Мандатынан ажыраган депутаттар БШК бул чечимди алардын макулдугусуз чыгарганын айтып, сотко арызданган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG