Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Жээнбековго аппарат башчы табыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл март айынан бери президенттик аппараттын жетекчиси дайындала элек. Анын милдетин азыр аппараттын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев аткарып жатат. Мындай тыныгуу коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратып, "татыктуу кадр табылбай жатат" дегендер да, "талапкерлер президенттин сыноосунан өтө албай жатат" дегендер да чыгууда.

Ушул жылдын 7-мартында президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арызын кабыл алган. Анда президент “кетем” деген кишини кармай албай турганын, анын айланасында бул кызматка татыктуу кишилер бар экенин журналисттерге айткан.

Анткен менен акыркы эки айдан бери бул кызмат орду бош турат. Учурда президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин анын орун басары Досалы Эсеналиев аткарып келет.

Президент Жээнбековдун кадр тандоосу узакка созулуп кеткенин айрым талдоочулар кадр тартыштыгы менен түшүндүрсө, башкалары президенттин бул маселе өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылганынан көрөт.

Саясат талдоочу Марс Сариев азыр президент Жээнбеков өзүнүн командасынын ичинде системалуу администратор таппай жатат деген ойдо. Анын айтымында, азыркы саясий күрөш бул кызматка мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен оолак болгон кишини дайындоону шарттайт:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Күч түзүмдөрүндөгү, башка мамлекеттик кызматтардагы акыркы кадрдык дайындоолорду карап көрсөңөр, алардын баары мурда Жээнбеков менен тааныш болуп, анын ишенимине кирген адамдар. Бирок алардын арасында Фарид Ниязовдой "системачы" жок. Тажрыйбасы жана дарамети жагынан ага теңеле турган кадрлар президенттин айланасынан чыкпай жатат.

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев бул маселени кадр тартыштыгынан көрбөйт. Ал ар бир эле президент үчүн аппараттын жетекчисин дайындоо кыйын экенин, өлкө башчысы шашып дайындай салганга караганда созуп, эч кимди койбой турганы оңураак деген ойдо:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Бул өзгөчө кызмат. Бул адам бир топ критерийлерге жооп бериши керек. Биринчиден, президентти уят кылбагандай болушу керек, экинчиден, ишти билиши керек. Коомдо абройго ээ болуп, оппоненттери менен тил табыша билиши зарыл. Президенттик аппараттын жетекчиси болуп президенттин сыноосунан өткөн, кийин саясий фигурага айланып кетпей турган, мурда жаман иштерге аралашпаган, өз ишин кынтыксыз аткарган киши дайындалууга тийиш. Мурдагы президенттерден анын аппарат жетекчиси эмес, анын орун басарлары да чоң фигураларга айланып кеткенин көрбөдүк беле.

Ал арада президенттик аппаратынын жетекчилигине өзүнүн талапкерлигин укук коргоочу, президентик шайлоодо ат салышкан талапкер Рита Карасартова да сунуш кылып чыккан. Анын пикиринде бул кызматты аркалай турган адам президент кабыл алган чечимдерге таасир этип, өлкөдөгү мыйзамдуулукту орнотууга чоң салымын кошо алат.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Конституция боюнча президенттин эки негизги милдети бар: элдин биримдигин жана бийлик бутактарынын биримдигин камсыз кылуу. Эл эмненин тегерегинде биригет? Эл мыйзамдуулуктун тегерегинде бириккенге мүмкүнчүлүгү бар. "Аппарат башчыңызды тандай албай жатасыз, мен өзүмдү сунуш кылат элем" дегендин артында укуктук агартуу ишин жүргүзүү турат. Элди мыйзамдуулуктун тегерегинде биригүүгө чакырып, баарыбыз ошого жапа тырмак аракет кылсак, сонун иштерди жасай бермекпиз.

Президенттик аппараттын жетекчисин президент Сооронбай Жээнбеков өзү тандап, өзү дайындайт. Мыйзамда аны дайындоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Адистер эгемен Кыргызстандын тарыхында президенттин ишмердиги жана анын мамлекетти башкаруудагы кадыр-баркы аппарат башчынын дараметинен көз каранды болуп келгендигин айтып жүрүшөт. Эгемендик жылдары президенттик аппаратты башкарган күчтүү уюштуруучулардын катарында Медет Садыркулов, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев сыяктуу адамдардын аттары аталып жүргөн.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG