Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Фарид Ниязов кызматтан кетти


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов боюнча комментарий берип жатып:

- Фарид Ниязов - мыкты мамлекетчил, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менежер. Ал тууралуу эч ким эч качан жаман нерсе жазган эмес. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. "Кетем" деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар, - деген.

Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы өткөн аптада белгилүү болгон. Былтыр 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалган Ниязов 11-декабрда аппарат башчылыгына барган. Президенттик шайлоо учурунда ал Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын башкарып, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG