Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Президент ишенген кадрларын тандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппаратынын башчысы кылып Досалы Эсеналиевди дайындады. Эсеналиев апрель айынан бери аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп келаткан. Анын ордуна болсо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев барды. Айрыкча Кененбаевдин бул кызматка барышы талкуу жаратты. Социалдык тармактарда буга байланыштуу анын Албек Ибраимовду мэрликтен кетирген "эмгегин" эстегендер да чыкты.

Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын башчысынын орду апрель айынан бери бош турган. Март-апрель айларында аппаратты азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген, ага чейин Фарид Ниязов болгон.

Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин баамында, президент аппарат башчысын тандоого жоопкерчиликтүү мамиле кылды:

- Ушунча убактан бери президенттик аппараттын башчысы дайындалбай турганы бир эле нерседен кабар берет: президент бул тандоого кылдат, этият, жоопкерчиликтүү мамиле кылды деп түшүндүм. Баары эле "жанында көп эле киши жүрөт, ошолордон бирөөнү кое бербейби?" деп ойлойт. Чынын айтканда мындай чоң, жооптуу орунга татыктуу адамды табуу оңой эмес. Президенттин саясий багытына төп келиши керек, президенттин жеке ишеними болушу керек, тажрыйбалуу, мурда-кийин булганбаган, менежер адам болушу керек.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда мамлекеттик катчы болгон Осмонакун Ибраимов Досалы Эсаналиевдин президенттик аппаратта алгач иштей баштаган учурун эстеди. Ал Эсеналиевди азыркы кызматка бышып-жетилди деп эсептей турганын билдирди:

- Ал биздин, Аскар Акаевдин убагындагы идеологиялык команданын мектебинен өтүп, жаргылчагына тартылып, торко элегинен эленген кадр. Карьералык өсүштүн бардык этаптарын басып өттү. Менин терең ишенимимде президенттин аппаратына жетекчи болгонго толук бышып жетилди. Бир "кемчилиги" бар: интриган эмес, трайбалист да, жердешчил да эмес. Жетишкен жагы: коомчулук менен иштегенди жакшы билет. Журналисттер менен башынан эле ымаласы жакшы. Уюштуруучулук жагы да жогорку деңгээлде. Штирлицтин тили менен айтканда, оор басырыктуу, үй-бүлөчүл, адамгерчилиги мыкты.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев 2010-2011-жылдары президенттик аппаратты башкарган. Ал бул кызматтын негизги милдеттерин тизмектеп айтып берди жана Досалы Эсеналиев президенттин сынынан өтүп, купулуна толгондон кийин гана дайындалды деген оюн айтты:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Президенттин аппаратынын жетекчиси деген кызмат негизи эле орчундуу кызмат. Президенттин ишин камсыз кылуу, анын ишин пландоо, алдын-ала даярдык көрүү, документтерди даярдоо, президенттин ар кандай кырдаалда сүйлөй турган сөзүнүн негизги долбоорун даярдоо - мунун баары аппараттын иши. Мунун баарын иштете турган - аппарат жетекчиси. Чынында эле тажрыйбалуу, такшалган киши керек. Эң башкысы - президент менен пикир алышып, анын тилин таап, иштеп кете турган киши керек. Менимче кырдаалга, жагдайга карата президент кимди коёруна өзү көпкө чейин токтоло албай жүрдү окшойт. Бир топтон бери аппарат башчысынын орун басары болуп жүргөн Досалы Эсеналиевдин дайындалышы туура эле болду. Анткени ар кандай шартта иштешти, көрдү. Анын тажрыйбасы жетиштүү. Көп жылдан бери мамлекеттик иштерде, анын ичинде президенттик аппаратта иштеди. Саясаттын күңгөй-тескейин түшүнөт, билет.

Анткен менен президенттик аппараттын жаңы башчысын реформага жөндөмсүз адам катары сыпаттагандар да бар. Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов Досалы Эсеналиевден көп нерсени күтүүгө болбойт деп эсептейт:

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

- Аппарат башчысы - бул техникалык жумуш. Президент кайда барат, эмне кылат ошону гана айтат. Өзүнчө саясат жасоого укугу жок адам. Экинчиден, ал жигиттен өтө көп нерсени күтүүгө болбойт. Ал жигит реформа жасабайт, жогору жактан кандай болсо аны милийсага болобу, сотко болобу, прокуратурага болобу шакылдатып жеткирип гана турат. Үчүнчүдөн, ал жигит көп жылдан бери иштеп жүрөт экен. Карап көрүп мамлекеттин өнүгүүсү жөнүндө, реформа жөнүндө концепция жазганын таба алган жокмун. Чиновник катары балким мыктыдыр, бирок реформатор катары мыктылыгын байкабадым. Негизи эле президенттик аппарат жетекчисинин ордуна же жогорку кызматка кандай адам барышы керек? Ал демократияны жактаган Саакашвилидей, Пашиняндай адам болушу керек. Бизде андай адамдарды баркташпайт, көтөрбөйт. Ошон үчүн эч кандай система өзгөрбөйт, жакын арада демократиялык өзгөрүү болушу мүмкүн эмес.

Досалы Эсеналиев.
Досалы Эсеналиев.

Ал эми коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов президенттин кадр саясаты тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, буларды белгиледи:

Мамбетов кадр саясаты тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00
Түз линк

Досалы Эсеналиев 53 жашта, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болот. 1990-жылы Кыргыз улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган жана эки жыл бул окуу жайында окутуучу болуп иштеген.

1992-жылдан 1999-жылга чейин билим берүү жана илим министринин жардамчысы, Стратегиялык изилдөөлөр борборунун ага референти, "Сорос-Кыргызстан" фондунун менежери, ПРООНдо эксперт болуп иштеген.

1999-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин басма сөз кызматына эксперт болуп жумушка орношкон жана 2008-жылга чейин иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.

2008-2009-жылдары президенттик администрациянын башчысынын орун басары кызматында турган. 2009-2010-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болгон.

Ал 2010-жылы партиялык жумушка кеткен, тактап айтканда, 2010-2012-жылдары "Республика", андан кийин 2013-2015-жылдары "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетин жетектеген жана "Бир Бол" Жогорку Кеңешке өткөндөн кийин бир жыл фракция лидеринин кеңешчиси болгон.

Досалы Эсеналиев 2016-2018-жылдары, тактап айтканда, президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп келгиче Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматты башкарган.

"Алмаз Кененбаевге жардам беришет"

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген Алмаз Кененбаевдин аппарат башчысынын орун басары болуп дайындалышы көпчүлүккө күтүүсүз болду жана түрдүү түкшүмөлдөрдү да жаратты. Кененбаев тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Шаардык кеңештин расмий сайтында 42 жашта экени, үч жогорку билими бар экендиги эле жазылган.

Анын жаңы кызматка барганы тууралуу кабар чыгары менен Кенебаевдин Албек Ибраимовду мэрлик кызматтан алган "эмгегинин үзүрү" болду деген да пикирлер айтылды. Кененбаев өзү буга байланыштуу үн ката элек.

Мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов "Кененбаевдин өлкөдөгү жагдай-кырдаалды талдоого жөндөмү жетишсиз" деген дооматтар негизсиз экенин айтты. Ал Кененбаев Бишкек шардык кеңешинин төрагасы катары тажрыйба топтогонун белгиледи:

- Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты катары 2012-жылы шайланган. Андан кийин төрага болгон. Ал жерде аппарат деле кичинекей эмес. Чынында депутаттар менен иштөө деле оңой эмес. Алты фракция бар, алардын баары менен иштеши керек. Анан аналитикалык жөндөмдүүлүгүн айтып жатышат. Негизи бул киши өзү бухгалтердик эсеп менен иштеген. Адистиги ошондой, менежмент катары иштеген. Бул жерде албетте, аналитика бар. Дагы бир маанилүү жагдай - бул киши жалгыз иштебейт. Аппараттын ичинде бөлүмдөр бар, бөлүмдөрдүн башчылары, кызматкерлер бар. Алардын баары Алмаз Кененбаевге жардам беришет.

Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөөнү колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Кыргызстанда президенттик аппараттын башчысы таасирдүү аткаминер болуп эсептелип келет. Айрым учурда алардын карьерасы сот иштери, кээде трагедия менен да бүткөн учурлар болгон. Атап айтканда, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын аппарат башчысы Медет Садыркулов киши колдуу болгону белгилүү. Андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бул кызматты аркалаган Данияр Нарымбаев коррупцияга байланыштуу чуудан кийин соттолуп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG