Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Президенттердин сырын билген Абылгазиев


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

19-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирген. Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү тууралуу парламенттеги азчылыктын сунушун колдоп, ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

"Азаттык" быйыл 1-мартта Мухаммедкалый Абылгазиев тууралуу кенен макала жазган эле. Соңку окуяларга байланыштуу талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Абылгазиевдин эмгек жолун, саясий айдыңдагы ролун дагы бир сыйра окурмандардын эсине салып коюуну туура көрдүк.

Өкмөткө Жээнбеков менен келген

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 жашта, Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Константин Скрябин атындагы Айыл чарба институтун 1994-жылы аяктаган. 2003-жылга чейин "Кыргызстан" финансылык агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары, "Ажар" фирмасынын аткаруучу директору, өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти, Калкты ишке жайгаштыруу департаментинин райондук бөлүмүнүн башчысы, департаменттин жетекчиси өңдүү кызматтарда иштеген.

Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.
Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.

Абылгазиев Социалдык фонддо баш-аягы он жылдан ашык иштеди. 2003-жылы Социалдык фонддун Ички аудит башкармалыгын башкарган, бир канча айдан кийин эле Чүй облустук башкармалыгына жетекчи болуп барган жана бул кызматта беш жылга жакын турган. Андан кийин эки жыл Социалдык фонддун аппаратын башкарган.

2009-жылы Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп көтөрүлгөн жана 2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин төрага болуп дайындалып, 2016-жылга чейин иштеген.

Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген. Ошол учурда саясий айдыңында дээрлик белгисиз Абылгазиевдин биринчи вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлүшү күтүүсүз болгон. Ал кездеги өкмөттү жакшы билгендер бул жерде аймактык фактор негизги роль ойногонун, тактап айтканда, "премьер түштүктөн, анын биринчи орун басары түндүктөн" деген принцип менен тандалганын айтып жүрүшөт.

2016-жылы күзүндө парламенттеги башкаруучу коалиция ыдырап, кайра түзүлүп, өкмөт курамы жаңырганда Абылгазиев өз ордунда калган. Бирок парламентте буга нааразы болгондор да чыккан. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Бабанов Абылгазиевди "депутаттарды ушактайт" деп айыптаган жана бул кызматка татыксыз деп билдирген:

- Сооронбай Шарипович, мына төрт вице-премьериңиз отурат. Жаныңызда Абылгазиев отурат, сиз менен жети ай иштеген, экономикага жооп берген. Мен ал тууралуу "отурган жеринде депутаттар тууралуу сөз кылат экен" деп угуп жатам. Мен Мухаммедкалый Дүйшекеевичке расмий айтам: депутаттарды сындап, ушак сөз айтканча экономика боюнча иштесеңиз туура болмок. Сиз биринчи вице-премьерге татыктуу эмессиз.

Абылгазиев болсо Бабановдон айткан сөздөрүн факты менен далилдеп беришин талап кылган жана жумуштан башка эч нерсени сөз кылбай турганын айтып жооп берген.

Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп турганда Бишкектин жанындагы Дача-СУ аймагындагы кулаган учакка байланыштуу коомчулуктун эсинде калды. Ал кырсыктын кесепетин жоюу боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияны жетектеди. Комиссияга бир катар сын пикирлер да айтылганы менен Абылгазиев дооматтар жөнсүз экенин билдирип келген.

Өткөн айда кырсыктын бир жылдыгы эскерилип, эстелик коюлган иш-чарада Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берген. Анда "39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына болжол менен учкучтар күнөөлүү" деп айткан жана тергөө аягына чыга элек экенин эске салган. ​

Абулгазиев: Кырсык учкучтардын катасынан болгон деп ойлойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00

Абылгазиев жана анын кийинки кызмат орду тууралуу бир катар саясатчылар, депутаттар, талдоочулар пикир айтууну каалаган жок. Антсе да Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев анын адамдарды оппозиция, бийлик деп бөлүп-жарбаганын, депутаттар менен иштеше билген сапатын белгиледи: ​

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Бул кадрды мен жаман деп айта албайм. Ушул убакытка чейин парламентте ага байланыштуу терс пикир айтылган жок. Бир нерсеге илинчеги болуп, аркы-берки болгону деле эсимде жок. Интригага аралашпады. Көп эле адамдар саясатка келгенде интригага кирип кетип же болбосо өз чөнтөгүнө иштеп коюп жатпайбы. Абылгазиевдин андайын эч ким байкай элек.

Былтыр август айында Абылгазиев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган жана бир ай гана иштеген соң президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп келген.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов Абылгазиевди жакындан тааныгандардын бири. Ал Абылгазиевдин иш билги сапатын баалады:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Республикалык деңгээлде ойлоно алат, салмактуу саясатчы, салмактуу ишмер десек болот. Азыр бизге ар кайсы тепкичти басып өтүп, тажрыйба алып, ысык-суукка күйүп, өйдө-төмөндү баамдап, акыл калчап, токтоо, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган инсандар керек болуп турбайбы.

​Ак үйдөгү кырдаалды жакшы билгендер ушул тушта ал президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамдарынын бирине айланганын айтышат. Аппаратта башкы адам анын жетекчиси Фарид Ниязов эмес, Абылгазиев экенин, президентке кирип-чыккандары ал иргеп-тейлеп жатканын, ошондуктан аппаратты башкарып калышы толук мүмкүн экенин белгилешет.

Президент Жээнбеков быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган жана жумушчу топ түзгөн. Топко Мухаммедкалый Абылгазиев да кирген.

Мухаммедкалый Абылгазиевди жакын тааныгандар ага "Мукан" деп кайрылышат жана анын эң ириде эч кимдин көңүлүн оорутпаган, баарынын тилин тапкан, сылык-сыпаа, коңур, токтоо мүнөзүн белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG