Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:15

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин, айрыкча анын кадр саясатын кескин сындаган, кайсы бир талаш-тартыштуу маселелер боюнча оюн ачык айткан депутат катары таанылып келе жатат.

Бирок ушул тушта анын айрым фракциялаштары, жогорку бийликтеги таасирлүү адамдар менен мамилеси начарлап, ал тургай "фракциядан чыгаруу аракети башталды" деген да сөз тарады.

Момбеков 2010-жылы бийлик алмашканга чейин укук коргоочу болгон, оппозициялык гезиттерде иштеген жана мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен тааныш-жакындыгы ошол кезде башталган.

Укук коргоочу, демократ, оппозиция...

Жогорку Кеңештин расмий сайтында Рыскелди Момбековдун 2010-жылдан кийинки гана эмгек жолу тууралуу маалымат бар. Ага ылайык, депутат 1968-жылы Таластын Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин дээрлик он жыл эмне менен алектенгени белгисиз.

Момбеков жогорку окуу жайга кечирээк, тактап айтканда, 30 жашында тапшырган. Улуттук университеттин юридика факультетин 2003-жылы, Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны болсо 2014-жылы аяктаган.

Момбековдун карьерасы 2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин кескин көтөрүлгөн. Ал апрель-июнь айларында маданият министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2011-жылы февраль-октябрь айларында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны башкарган. "Учкун" басмаканасын 2012- 2015-жылдары жетектеген.

Момбеков 2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

Негизи Рыскелди Момбеков тууралуу алгачкы маалымат 2000-жылдары, гезиттерде баяндамачы, Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин мүчөсү болуп иштеп турганда чыга баштаган. Биз Момбековдун эмгек жолу тууралуу укук коргоочу Качкын Булатовдон сурадык. Ал экөөнүн тааныштыгы 2002-жылы башталганын айтып берди:

- 2002-жылы Замира Сыдыкованын "Республика" гезитинде чогуу жүрүп калдык. Рамазан Дырылдаевдин Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинде чогуу мүчө болуп калдык. Рыскелди ошол кезде макала жазып, журналистикага жаңыдан аралаша баштаган. Ошондо оппозициялык макалаларды жазып жүргөндө Дырылдаев аны Талас облусунун бир району боюнча координатор кылып кызматка алды. Анан ошол жерде иштеп жүрдү, макаласын да жазып жүрдү. Ал убакта Дырылдаев Европада болчу. Сводка берип, бир далай иштерди кылдык. Чынында укук коргоочулар ал убакта пикет, митинг дегендерди да уюштуруп жиберчүбүз. Куловду коргоп чыкканбыз. Андан кийин Аксы окуясы болду. Мен Кочкорго барып митинг өткөрүп, камалып дегендей, баарыбыз чогуу эле жүргөнбүз.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинде Рыскелди Момбековдун аты талаш-тартыштарга байланыштуу чыкты. 2003-жылы жамаат эки жаатка бөлүнгөн. Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов жана Болот Тыналиев уюмдун жетекчиси Рамазан Дырылдаевге каршы чыккан топтун башында турушкан. Алар Дырылдаевди "каржылык мыйзам бузууга барды" деп айыпташкан жана чет өлкөлүк донорлор берген акчанын, материалдык каражаттын сарпталышын иликтөөнү талап кылышкан. Натыйжада ошол учурда Европада жүргөн Дырылдаевди жетекчилик кызматтан түшүрүп, анын ордуна Болот Тыналиевди шайлап, уюмду Юстиция министрлигинин каттоосунан кайра өткөрүшкөн.

Ошол кездеги "Жарандык коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бул жаңжалды ошол кездеги президент Аскар Акаевдин саясатын ачык сындаган Рамазан Дырылдаевге карата атайын жасалган иш деп баалаган.

Качкын Булатов.
Качкын Булатов.

Укук коргоочу Качкын Булатов "ошол кездеги бийлик менен тымызын келишип алган" деген дооматты азыркыга чейин жокко чыгарып келет. Анын айтымында, Рыскелди Момбеков экөөнүн мамилеси 2010-жылдан кийин үзүлгөн:

- Бизди "өкмөткө сатылган, тигил-бул" деп чыгышкан. Биз чынында ал маалда таптаза болчубуз. Революцияны биз баштап бербедикпи. Бабырбек Жээнбековдун "Алиби" гезитине редактор да болуп калбадыбы. Анан ал Алмазбек Атамбаев менен жакшы болуп калды. Атамбаев менен кандайдыр психологиясы туура келди окшойт. Болбосо Атамбаевдин жанында биз деле жүргөнбүз, биз деле чоң кызматтарды кылганбыз. Болбосо анын кандайдыр бир феноменалдуу сапаттары деле жок болчу. Бирок фанат болуп сүйлөгөн, "андай болсо мындай болот, тигиндей болот" деп талдай алган жактары бар эле. Рыскелдинин ошонусу Атамбаевге жакты окшойт. Башында мунун Бабырбек Жээнбеков менен мамилеси абдан жакшы болчу, аны "папаша" дечү. Мен 2009-жылы жети ай Европада жүрбөдүмбү. 2010-жылы келгенден кийин Роза Отунбаева болуп кирсек эле "алыс тур" дегенсип колумду түртүп учурашып калыптыр. Ошол жерден эле "бул эмне дегени" деп шагым сынып калды. Анан ошентип эле кайра оппозиция болуп калдым. Таарынган деле жокмун, кудайга койдум. Анан ошону менен эле катышпай калдык.

Рыскелди Момбеков 2010-жылга чейин "Аалам", "Асаба" гезиттеринде баяндамачы болуп иштеген. Андан кийин "Алиби" гезитине башкы редакторлук кылган. 2008-жылы ошол кездеги Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев "Алиби" менен "Де-факто" гезиттерин сотко берип, бир миллион сомдон айып пул салдырган. Натыйжада "Алиби" жабылып, анын ордуна "Ачык саясат" деген гезит чыга баштаган.

Момбеков ошол маалда "Бириккен элдик кыймыл" же БЭК деген оппозициялык кыймылдын катарында болгон.

2009-жылы жайында "Ачык саясатта" жаңжал чыгып, жамааты экиге бөлүнгөн. Бабырбек Жээнбеков "Назар", ал эми Момбеков "Эл сөзү" деген эки башка гезит чыгарууга киришкен. Экөө кийин соттошкону да белгилүү.

Момбеков 2010-жылы "Форум" гезитинин башкы редактору болгон, бул гезитке апрель айында прокуратура "бийликти конституциялык жол менен эмес өзгөртүүгө болгон чакырык жасаган" деген айып таккан жана апрель ыңкылабына туура бир апта калганда жабуу тууралуу соттун чечими чыккан.

"Мандатымды ок же сот гана алат"

Рыскелди Момбековдун ооматы апрель ыңкылабынан кийин башталды. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин маданият министри болду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны жетектеди. "Учкун" басмаканасын башкарып турду.

Рыскелди Момбеков парламенттеги жигердүү депутаттардын катарына кирет, куюлуштуруп, жармакташтырып сүйлөгөнгө уста экени белгилүү. Ал өкмөттү сындап жүрөт. Маселен, былтыр жыл этегинде, жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу Ички иштер министрлигине каарын төккөн эле:

- Кыргызстан деген мамлекет, "Кырсыкстан" деген мамлекетке айланып калды. Кызыл күнүбүз кыргын күнгө, майрам күнүбүз кайран күнгө айланды. Беш күндүн ичинде 30 кишибиз о дүйнөгө кетти. Эмне, бүгүнкү күндө Кыргызстанда каскадерлордун кастинги, "шумахерлердин" тренинги болуп жатабы? Бизде эки жыл мурун ИИМ "реформа" деп Патрулдук милицияны түптөгөн. Килтейген акча каражаттарын кетирген. "Жол кырсыгы, кылмыштуулук азаят" деген. Азайдыбы? Эки эсе көбөйбөдүбү! Эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Сирияда согуш болуп жаткан жерде бир күндө ушунча адам өлбөйт болушу керек. Фронттон келгендей эле сводка келип жатпайбы. ИИМ эмне кылып жатат? ИИМге ичим жылыбай жатат. Булар ОПГ менен күрөшүп жатабы же ОПГ булар менен күрөшүп жатабы? Реформадан дайын жок. Бирок генерал наамдарын алып жатат. "Коопсуз шаар" долбоору "Жоопсуз шаар" долбооруна айланды.

Момбеков 2016-жылдын башында "Азаттык" менен болгон маегинде 2010-жылдан кийин иши илгерилешин оппозицияда жүргөндөгү эмгеги менен түшүндүргөн. Депутат болуу бала кезден берки кыялы экенин, мандатын өз эрки менен тапшырбай турганын да айтканы жайы бар:

- Менин мандатым мага гана тиешелүү. Мага мандатты кудай, буйрук, эл берген. Менин мандатым менин жеке пикириме көз каранды. Мен аны кайсы убакта тапшырарымды өзүм билем. Мандатты парламентте өз ыктыярымдан башка сот жана ок менен гана ала алат. Башка убакта менин мандатымды тапшырайын деген ниетим жок. Эгер мамлекеттик кызмат боюнча сунуштар түшүп калса, мен анда карап көрөм деп айтканым чын. Маселен мага бир нече жолу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүн, дагы бир топ министрликтерди, фонддорду, агенттиктерди сунуш кылышкан. Бирок чынын айтканда мен депутаттыкка 2010-жылы аттанып, 2015-жылы гана мандатка жеттим. Бала кезимден бери эле депутат болсом деген тилегим бар болчу. Азыр менде мындан башка ой жок.

Момбеков: Мандатымды сот жана ок гана алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:03 0:00

Момбеков менен аны фракциялашы Жылдыз Мусабекова апрель ыңкылабына чейин оппозициялык гезитте чогуу иштеген. Ал Момбековдун адамгерчилигин жогору баалады жана депутат катары коомго пайдасы тийип жатат деп билдирди:

- Мен Рыскелдини "Рыся" деп эркелетип коем. Анын оргу-баргы мүнөзү бар, тарс этип бир айтат. Бирок адамгерчилиги өтө жогору. "Арты кайрылуу" деп коет го, кээ бир маселелер боюнча пикир, көз караштар келишпей, урушуп-талашып, сөгүшкөнгө чейин барсак деле, кээ бир биздин мырзалардай болуп ошону кектеп-жектеп, баскан-турган жеринде айтып "ал-бул эле" деп жамандап аркаңдан түшүп албайт. Рыскелдиде андай сапат жок. Дароо эле унутуп калат. Үй-бүлөсүндө да балдарына жакшы ата. Бала бакчага, мектепке өзү алып келип, өзү алып кетет. Өтө эле камкор. Сөзүнө турат. Депутат катары Социалдык маселелер боюнча комитетте иштеди. Эл көйгөйү боюнча келген маселелерди катуу принциптерге туруп, кандай кырдаал болбосун пикирин билдирип келет. Бул жигиттик сапат. Ойлогон оюн тарс этип айтып, элдин маселесине келгенде тикесинен тик туруп берген жайы бар. Биз ал экөөбүз эки жылдан ашык бир бөлмөдө отуруп иштешип калдык. Эки жылдан бери чогуу депутат болуп жүрөбүз. Жакындан билбегендерге сыртынан орой, кепке-сөзгө келбеген адамдай көрүнөт. Ал өтө боорукер адам. Өзүнүн деле ашып кеткен байлыгы жок, бирок бирөөнүн кайгысын көрсө же бирөөнүн акча-тыйындан каржалып жатканын көрсө чөнтөгүндө болгонун бермейи бар.

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

Жылдыз Мусабекова КСДП фракциясында Рыскелди Момбековду чыгаруу туурал сөздөрдү негизсиз деп атады:

- Бирөөнүн жашоосун изилдеп, ушактап, "ээрден ооп калса экен, жардан куласа экен" дегендер көп. Эки жылдан бери чогуу бир фракциядабыз. Мисалы, мен ошол сөздү уга элекмин. Ооба, Рыскелди фракцияда да чаң салат, ызы-чуу кылып жиберет. Бирок мен "фракциядан чыгарат элек, андай-мындай эле" деген сөздөрдү уга элекмин. Сөз боло элек ал жөнүндө. Рыскелдини фракциядан чыгаргысы келсе эбак эле чыгарып коюшмак. Анын эмгеги партияга жакшы эле сиңген. Оор күндөрдө турган, жакшылыкты, жамандыкты тең бөлүшкөн, жүзүн жашырып качкан эмес. Бир нанды, бир момпосуйду бөлө жеген оор, кыйын күндөр эле да. Гезитибизди камап салчу, өтпөй калчу, акча деген жок. Артыбыздан аңдыган учурларда мени унаасы менен коштоп барып үйгө чейин жеткирип койчу.

Оң жээк, сол жээк...

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков - Рыскелди Момбековдун саясатка келишине салым кошкон адамдардын бири.

- Ал менин жолдош балам катары биздин "Алиби", андан кийин "Ачык саясат" гезитибизде иштеди. Көп оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен аралашып, 2010-жылга чейин Атамбаев, Текебаев, мени менен дагы көп кызуу иштешип жүргөн. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин учурунда оппозициялык жээкке, саясатчыларга журналист катары колдоо көрсөткөн. Азыркы убакта Жогорку Кеңеште бийлик тарапта болсо дагы сөз эркиндиги, оппозиция тууралуу кээде туура сөздөрдү айтып калып жатпайбы. Булардын баары мурунку көз караштарынын уландысы болуп эсептелет. Саясатта жүрүп бышкан адам катары бийликтин депутаты болсо дагы ушундай сөздөрдү айтып турганы мени - Рыскелдини саясатка аралаштырган адам катары кээде кубандырат. Азыр биз сый мамиледебиз. Ал бийликчил, мен оппозициямын. Турмушта кээде жакшы мамиледе болсоң деле эки тарапта болуп каласың да. Сый болгонубуз менен мурдагыдай жакын мамилебиз жок.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков Рыскелди Момбековдун мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тилин тапкан себептерин төмөнкүчө чечмеледи:

- 2010-жылга жакын гезиттин ичинде бир аз конфликт болуп калган. Ошондон баштап ал Атамбаевге жакын иштеп калды. Бул биринчи себеби. Атамбаев деле убагында өзүнө кызмат кылган, жардам берген журналист катарында көтөрмөлөп, колдогонго аракет кылды окшойт. Экинчиси - таластыктардын ичинен ал убакта Атамбаевге жакыны эле ушул эле. Башка саясатчылар эмес, ушул Рыскелди жакын болуп калды. Эми парламентке келатканда аймактык дагы квота бар да. Үчүнчү дагы бир маанилүү себеби бар. Рыскелди оппозициялык саясатчылар менен аралашып жүрүп бир топ бышып, саясатты сүйлөгөндү үйрөнүп калды. Кээде көрүнүктүү, тың депутат болуп жатканы да "атамбаевчилерге" жакты окшойт. Жалпысынан кээде мен Рыскелдиге нааразы болсом, кээде ыраазы болуп да калам. Парламентте "оппозицияны жерибеш керек, оппозицияны сыйлаш керек" деген көз караштарды айткан депутаттардын бири. Сөз эркиндиги боюнча анча-мынча жакшы түшүнүгү бар. Айрыкча КСДПнын ичинде отуруп алып бул сөздү айтуу оор. Ушундай нерселери менимче бийликке бир аз жакпай жатат окшойт.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Деген менен "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо жетекчиси Төлөкан Исмаилова Рыскелди Момбеков адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалын жакшыртууга жетиштүү салым кошпой жатканын сынга алды:

- Азыр мырза Момбеков депутат болуп иштеп жатат. Бирок булар системага келсе эле сөз эркиндигин баса баштайт. Ал киши жазуучу болуп жакшы макалаларды да жазып калчу. Бирок, тилекке каршы, бийликке келип ушул кландык-аймактык жаман саясатты жасап жатканы трагедия, өкүнүчтүү нерсе. Баалуулуктарды унутпаш керек. Анткени баарыбыз адамбыз, адамдык касиеттен кетпешибиз керек. Ошондуктан мен бүгүнкү күндө "Момбеков депутат катары адам укуктарынын корголушуна салым кошту же жакшы иштерди жасап жатат, жакшы мыйзамдардын демилгечиси болду" деп айта албайм.

Жогорку Кеңештин ички ишин жакшы билгендер Рыскелди Момбеков парламенттин спикери болуп Дастан Жумабековду дайындоо учурунда саясий упай топтоп алганын айтып жүрүшөт. Төрага шайлоо үчүн жашыруун добуш берилип жатканда ал үкөктүн жанында туруп, депутаттардын бюллетендерин карап, тескеп турганы коомчулуктун эсинде калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG