Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Зилалиевдин "заманы"


Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдан бери бешинчи өкмөт башчы менен иштешип жатат.
Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдан бери бешинчи өкмөт башчы менен иштешип жатат.

Дүйшөнбек Зилалиев быйыл жыл башынан бери эле өкмөттө үч ирет кызмат алмаштырды.

Ал соңку төрт жыл ичинде тоо-кен, энергетика тармагын башкарды, коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматты аркалады. Өткөн аптада Мамлекеттик мүлк фондуна башчы болуп дайындалды.

Зилалиевдин аты ГЭС курат деген чехиялык "Лигласс" компаниясынын айланасындагы чыр, Кумтөр, мөңгүлөр боюнча талаш-тартышта айтылды.

Президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүттөгөнү үчүн кызматтан алынышын талап кылгандар болду. Зилалиев мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда да өкмөттө, президенттик аппаратта иштеген.

Милициядан Мамлекеттик мүлк фондуна чейинки жол...

Дүйшөнбек Зилалиевдин эмгек жолу кызыктуу. Ал 44 жашта, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында чоңойгон. 1991-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы Ички иштер министрлигинин жогорку мектебине тапшырган, ошол эле жылы Бишкектеги милициянын жогорку мектебине которулуп келген.

Премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда. 27-сентябрь, 2017-жыл
Премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда. 27-сентябрь, 2017-жыл

Бир жылдан кийин окуусун Түркиядагы полиция академиясында уланткан жана аны аяктагандан кийин Бишкекте райондук ички иштер бөлүмүндө бир жылдай тергөөчү болуп иштеген.

1996-1999-жылдары Москва шаарында ИИМдин академиясында окуп, "Кыргызстан менен Орусияда ачык айыптоо иштери боюнча кылмыштардан жабыркагандарга сот акыйкаттыгын камсыз кылуу" деген темада кандидаттыгын жактаган. Андан соң үч жылдай ИИМдин академиясында окутуучу, илимий катчы болуп турган.

Дүйшөнбек Зилалиев 2002-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагына күтүүсүз келген. Аны бул тармакка ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбеков алып келген. Жээнбеков Зилалиев менен Москвада окуп жүргөндө таанышканын учкай айтып берди:

- Ал убакта биз 20нын тегерегиндеги жигиттер элек. Москавада катарлаш окуганбыз. Дүйшөн ИИМ академиясында, мен болсо Дипломатиялык академияда окугам. Ошол убакта таанышканбыз. Ал кандидаттыгын жактаган. Ал дагы, мен дагы Москвада эки жыл окуганбыз. Мен бул жакка келгенде кызматка туруп калдым. Дүйшөндүн билими терең, адам менен мамиле кылганды жакшы билет, ишин жакшы аткарган жигит. Анан мен аны Мамлекеттик мүлк комитетине жумушка чакырдым.

Эки-үч сапаты менен бардык бийлик менен иштешип келди. Менин убагымда Мамлекеттик мүлк фондуна келсе, кийин Бакиевдердин убагында деле Ак үйдүн тегерегинде иштеди. Эми чоң кызматтар болбосо да эксперт, референт болуп иштеди. Анан Атамбаевдин убагында жетекчилик кызматтарга көтөрүлүп кетти.
Равшан Жээнбеков

Зилалиев алгач бул комитеттин инвестиция тартуу боюнча көзөмөл башчы кызматына кирген. Бир жылга жетпеген убакта эле бул комитеттин Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Дагы бир жылдан кийин эле Мамлекеттик мүлк комитетинин Бишкек шаардык аппаратын жетектеп калган.

Зилалиев 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Көл шаардык округунан ат салышкан. Ошол жылы жазында бийлик алмашканда жаңы президент Курманбек Бакиевдин аппаратына келип, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери, коргоо жана коопсуздук бөлүмдөрүндө эксперт, инспектор болуп иштеген.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин ал кайра Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине барган жана аппаратты бир жылдай башкарган. 2011-жылы Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалып, үч жылга жакын иштеген.

Кыргызстанда 2013-жылдан ушул кезге чейин жалпысынан беш премьер-министр алмашты, Зилалиев беш өкмөт башчынын тең тушунда жетекчилик кызматтарды аркалады.

Ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти 2013-2016-жылдары башкарды. 2016-жылы өкмөттүн курамы өзгөргөндө Зилалиев жаңы түзүлгөн Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетине төрага болуп барды.

Аны мамлекеттик кызматка алып келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков анын ийгилигинин сырын айрым жеке сапаттары менен байланыштырды.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Дүйшөндүн жакшы эки-үч сапаты бар. Билимдүү, кесипкөй юрист, көп окуйт. Адамдар менен мамиле кылганды абдан жакшы билет. Керек учурда талап кое алган жетекчи. Керектүү маалда саясатка жараша ийкемдүүлүк жагы да бар. Мына ушундай эки-үч сапаты менен бардык бийлик менен иштешти. Менин убагымда Мамлекеттик мүлк фондуна келсе, кийин Бакиевдердин убагында деле Ак үйдүн тегерегинде иштеди. Эми чоң кызматтар болбосо да эксперт, референт болду. Анан Атамбаевдин убагында жетекчилик кызматтарга көтөрүлүп кетти. Вице-премьер болуп турганда митингдерде, айрым татаал маселелерде Дүйшөндүн сүйлөшө билген жакшы сапаттары бар. Ошондуктан Дүйшөн "Лигласс", мөңгүлөр, митингдер боюнча, шайлоо маалында да чыгып жатты. Бул Дүйшөндүн начарлыгынан эмес, ошого ылайыктуу жакшы сапаттары бар экенинен улам ушундай жаңжалдуу, татаал маселелерге барып жатты.

Равшан Жээнбеков "Зилалиевдин ишинин илгерилешине анын аялынын салымы бар" деген сөздөрдү четке какты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары анын жубайынын татар кызы экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы менен эже-сиңди катары мамилеси барын, үй-бүлөлүк катышта болгонун жазып чыгышкан эле.

- Бул эч кандай чындыкка туура келбеген нерсе. Менин байкашымча, Дүйшөндүн келинчеги менен Атамбаевдин аялы сүйлөшпөйт деле болсо керек. Ал жөн гана коомдун сырттан көрүп айтып жаткан баасы го. Алардын үй-бүлөлүк эч кандай мамилелери жок.

Зилалиев алгач тоо-кен, былтыртан бери энергетика тармагын кошо башкарып калганда жана вице-премьер-министр кезинде Жерүй, Кумтөр, ГЭСтерди курат деген чехиялык "Лигласс" компаниясы боюнча талаш-тартыштарда өкмөттүн позициясын катуу жактап берди.

Мындан он күн мурун ал вице-премьерлик кызматтан алынганда муну коомчулукта өкмөткө нааразылардын демин басуу аракети менен түшүндүргөндөр да болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Зилалиевди өкмөт эми деле колунан чыгарбайт деген оюн айткан эле:

- Өкмөттүн Кумтөрдөгү эки мөңгүнү талкалоого уруксат алышы менен коомчулукта нааразылык күчөгөнү байкалды. Ага кошул-ташыл болуп "Лигласс" менен чырга байланыштуу өкмөт уят болгон, "Мегакомдун" маселеси бар. "Мына ушуларды жасап жаткан Зилалиевди иштен алдык" деген элди сооротучу кадам болду окшойт. Ал эми Зилалиевге сөзсүз түрдө кызмат беришет. Анткени ал бульдозер сыяктуу өкмөткө жакшы иштеп берди.

Кумтөр
Кумтөр

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде, Кумтөрдөгү мөңгү боюнча чечимде Зилалиев негизги роль ойноду:

- Кумтөр жакка көбүрөөк тартып, өкмөт башчынын, президенттин буйрутмаларын аткарган бала эле. Туурабы же туура эмеспи, бардык нерсеге "ляппай" дегени үчүн өкмөт башчыларына жагып жатат окшойт. Мурдагы бийликтерге да жагып келген. Аткаминерлердин туура жагын, өз оюн айтпай, баарына эле макул болгонунун айынан Кыргызстан өсүп-өнбөй жатат. Мына эң акыркы мыйзамда, Суу кодексине киргизилген өзгөртүүдө Зилалиевдин ким экенин билдик. Ал парламентте "Давыдов менен Лысый мөңгүсү жокко эсе" деп коюп, башка маегинде "бул мөңгүлөр бар, анын жарымын эле алабыз" деп айтып жатат. Биринчиден эки жүздүүлүк, экинчиден маселени түшүнбөгөн адам. Бул чыккынчылык иш. Зилалиев тарыхта кара тизмеде калат.

Зилалиевдин аты соңку президенттик шайлоодо да угулду. Вице-премьер-министр кызматы менен кошо өкмөттүн шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабынын жетектеп турганда Баткен облусунда жергиликтүү актив менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун билдиргени тарап кеткен:

- Мен сиздерден бөлүп суранганым - бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган - бул Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер, кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам түкүрбөгүлө.

Бул сөзүнөн кийин Зилалиевди кызматтан алып, жоопко тартуу демилгеси көтөрүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаков ага катуу сөгүш берген соң ал Шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабдын башчылыгынан бошотулган.

Коомчулукта Зилалиевдин байлыгы, бизнеси тууралуу да уу-дуу кеп бар. Өзү быйыл жазында "Акипресс" маалымат агенттиги менен болгон маегинде "ири бизнеси бар" деген сөздөрдү жокко чыгарган, бирок жалаң айлыкка жан бакпай турганын бышыктаган:

- Мен бизнесмен эмесмин. Бирок жалаң айлыкка жашайм деп айтканым акылсыздык болот го. Убагында Бишкектеги ири базарларда бир канча контейнерлерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүм болгон. Азыр аларды аялым ижарага берип турат. Андан сырткары менин бир канча, эки-үч батирим бар, аларды да ижарага берип, ошонун акчасына жашайбыз. Кандайдыр бир активдүү бизнес менен алектене элекмин. Мурун мен күч түзүмдөрүндө иштегем жана бизнеске шыгым деле жок болчу. Болгону бир нерсе сатып алып, аны ижарага бергенди гана билчүмүн. Бул жакка келгенден бери экономика боюнча көп нерсени үйрөндүм. Качандыр бир убакта бош болуп калсам, анда балким активдүү бизнес менен алектенем. Мен тууралуу "Түркияда пансионаты бар экен, Москвада үйү бар экен" деген өңдүү түрдүү ушак айтылды. Мунун баары жалган.

Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлк фондуна эми дайындалган чакта аны дагы башка кызматтарга, маселен ИИМге барат экен деген өндүү сөздөр тарады.

Ал Мамлекеттик кызмат боюнча 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кетерине жакын айрым өкмөт мүчөлөрүнө ар кандай наам, орден, чин берип жатканда Зилалиев сыйлыкка илинген жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG