Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Зилалиевдин иштен күтүүсүз кетиши


Вице-премьер-министр башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди кызматтан алуу тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун сунушунун негизинде, башка ишке өтүп жатканына байланыштуу иштен алынганы маалымдалды.

Өкмөттөгү эң жооптуу тармакты аркалаган жана олуттуу маселелер менен алектенген вице-премьердин кызматтан кетиши коомчулук үчүн күтүүсүз болуп, ар кандай талкууларга жем таштап жаткан кези.

Буга чейин шайлоо жараянына байланыштуу жана андан кийин деле коомчулукта Зилалиевдин дарегине айтылган көптөгөн сын пикирлерге, аны кызматтан кетирүү тууралуу талаптарга бийлик сыртын салып келген.

Суу кодексин талкуулоо учурунда.
Суу кодексин талкуулоо учурунда.

Дүйшөнбек Зилалиев өзү кызматтан алынарын билгенин, мындан ары деле жетекчиликтин буйругун кынтыксыз аткарарын "Азаттык" радиосуна айтты:

- Биз бир команда болуп иштейбиз. Кайсы жакка жөнөтсө, ошол жакка иштейм. Жетекчилик менин башка жерде пайдам көп болорун көрсө керек. Буга чейин премьер менен бул маселени сүйлөшкөнбүз. Бирок кандай кызматка барарымды азыр билбейм.

Бир учурда Зилалиев менен бирге иштеген, учурдагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, аткаминерди иштен бошотуу менен бийлик нааразы маанайдагы коомчулуктун демин басууну көздөп жатат.

- Ар кандай себептери болушу мүмкүн. Элде Дүйшөнгө карата терс мамиле түзүлүп калды, ушул аркылуу элдин нааразылыгын жеңилдетебиз деген максат болушу мүмкүн. Анткени кыйын, элге жакпай турган, көпчүлүк жасай албай турган маселелер боюнча Дүйшөндү жиберип жатышпадыбы. Себеби, ал билимдүү, жөндөмдүү кадр. Экинчи жагынан ал оппозициялык саясатчылар менен да жакшы мамиледе. Ал өз позициясынан тайбай, бирок башкалар жакшы сүйлөшө алган мамлекеттик кызматкер. Бул да себеп болушу мүмкүн.

Дал ушундай эле пикирди колдогон Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Зилалиевди өкмөт өз ыңгайына жараша колдонууга аракет кылып жатат деген ойдо:

- Өкмөттүн Кумтөрдөгү эки мөңгүнү талкалоого уруксат алышы менен коомчулукта нааразылык күчөгөнү байкалды. Ага кошул-ташыл болуп "Лигласс" менен чырга байланыштуу өкмөт уят болгон, "Мегакомдун" маселеси бар. "Мына ушуларды жасап жаткан Зилалиевди иштен алдык" деген элди сооротучу кадам болду окшойт. Ал эми Зилалиевге сөзсүз түрдө кызмат беришет. Анткени ал бульдозер сыяктуу өкмөткө жакшы иштеп берди.

Ал эми Социал-демократиялык партиядан шайланган парламент депутаты Бакыт Жетигеновдун баамында, Зилалиев өкмөттө жакшы иштеди. Дал ушул жөндөмүн көрүп, ага өлкө жетекчилиги жооптуу кызматты тапшырганы жатат дейт депутат:

- Зилалиев болушунча өзүнө тапшырылган милдетти аткарды. Кандай маселе болбосун аткарганга аракет кылды. Мына ушуларды көрүп өлкө жетекчилиги башка кызматка которууну чечти деген ойдомун.

44 жаштагы Зилалиев кесиби боюнча милиционер. Ал укук коргоо тармагында бир нече жыл эмгектенген.

Апрель ыңкылабынан соң Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган жеринен Геология жана кен байлыктар агенттигинин жетекчилигине дайындалган.

Күч кызматкерин кен байлыктар тармагына дайындоого бул агенттиктеги бир нече жетекчиге кылмыш иши козголгону себеп болгону айтылган. Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген агенттикке комитет макамы берилип, ага энергетика жана өнөр жай тармактары да кошулган.

Кыргыз өкмөтү менен чехиялык Liglass Traiding компаниясы 28-июлда келишим түзгөн. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышкан.
Кыргыз өкмөтү менен чехиялык Liglass Traiding компаниясы 28-июлда келишим түзгөн. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышкан.

Бул комитетти жетектеп турганда ​Зилалиев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык "Лигласс" компаниясы менен келишим түзгөн. Бирок ал ишке ашпай токтотулган. Ошол келишимге кол койгону үчүн Зилалиевдин дарегине абдан көп сын айтылган.

Кийин аталган компания ири долбоорду ишке ашырууга жөндөмсүз экени белгилүү болуп, өкмөт келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Бирок ага карабай Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан жогорулап, вице-премьерликке дайындалган.

Ал бул кызматта турганда президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабды жетектеген. Бирок Баткен облусундагы сапарында жергиликтүү жетекчилерди бийлик талапкерин колдоого үндөгөнү ачыкка чыгып кетип, бул милдеттен бошотулган. Аталган окуядан соң коомчулуктун талабы менен премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге катуу сөгүш жарыялаган.

Вице-премьерлик кызматта Дүйшөнбек Зилалиевди сындын бутасына айланткан дагы бир окуя Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу болду.

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, которуштурууга уруксат берген Cуу кодексин өзгөртүү мурдагы өкмөттөрдүн учурунда башталган. Бирок коомчулуктун сынынан улам артка чакыртылган эле. Дал ушул талаштуу мыйзамды парламентте коргоо Зилалиевге жүктөлүп, анын дарегине абдан катуу сын айтылган.

Ошого карабай өкмөттүн сунушу менен Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү 16-ноябрда колдоп берди. Дал ушундай талаштуу мыйзам кабыл алынгандын эртеси күнү өкмөт башчынын орун басарынын кызматтан кеткени күтүүсүз болуп турат.

Зилалиев вице-премьер катары эң жооптуу жана чалкеш милдеттерди өзүнө алып, коомчулук алдында ачык маалымат берүүдөн качпаганын журналисттер белгилешет.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Зилалиевди кайсы кызматка сунуш кылганы белгисиз. Өкмөттөгүлөр бул маселеге азырынча комментарий берилбей турганын айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG