Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Суу кодекси боюнча талкуу ызы-чуу менен аяктады (видео)


Бишкектеги Суу кодексине каршы акция. 8-ноябрь, 2017-жыл.
Бишкектеги Суу кодексине каршы акция. 8-ноябрь, 2017-жыл.

Бишкекте Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча жыйын ызы-чуу менен аяктап, жарандык активисттер менен өкмөт мунаса тапкан жок.

Активисттер бул өзгөртүүлөр экологияга олуттуу зыян алып келет деген негизде мыйзам долбоорун парламенттен артка чакыртып алууну талап кылышты.

Талкууга катышкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "өкмөт мыйзамды артка чакыртпайт, анткени Кумтөрдүн үзгүлтүксүз ишин камсыздоо милдетин алган" деп жооп берип, жарандык коом өкүлдөрү буга катуу нааразылык билдирип чыгышты.

Өз талаптары аткарылбагандан кийин талкууга катышып кажети жок деген негизде жыйындан чыгып кетишти. Мөңгүлөрдү коргоо боюнча мөөнөтсүз акцияга чыгарын маалымдашты. Зилалиев өкмөт Кумтөрдө ишти улантуу боюнча Жогорку Сот менен парламенттин чечимин аткарып жатканын айтты. Ал активисттер аталган кенге барып, андагы абалды чогуу көрүп келүү тууралуу өкмөттүн сунушуна макул болор деген ишенимин кошумчалады.

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү, парламенттин айрым депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулаган. Айрым депутаттар жана жарандык активисттер өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырып келишет.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. (SDz/NT)

XS
SM
MD
LG