Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Зилалиев: Иштен алынаарымды билгем


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Вице-премьерлик кызматтан бошотулган Дүйшөнбек Зилалиев кайсы кызматка барарын азырынча айта албайт. Бирок иштен кетээрин алдын-ала билгенин "Азаттык" радиосуна кабарлады:

- Каякка жөнөтсө, ошол жакта иштейм. Башка жерде да пайдам тиет окшойт деп ойлоп жатам. Билбейм, көрөбүз го кандай болорун.

Вицелик кызматка үч ай мурун келген Зилалиев өкмөт башчы Сапар Исаковдун сунушунун негизинде бүгүн иштен алынды.

Ал башка ишке өтүп жатканына байланыштуу кызматынан алынганы расмий маалымдалган.

Зилалиев президенттик шайлоо боюнча республикалык штабга жаңы дайындалганда Баткенде эл менен жолугуп, бийликтин талапкерине үгүттөгөнү үчүн штабдан кетип, кийин премьер-министрден катуу сөгүш алган. Ошондой эле ал чехиялык "Лигласс" компаниясы менен ГЭС куруу тууралуу кол койгон келишим да кийин ишке ашпай калган.

Баткендеги жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып Зилалиев өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

16-ноябрда Зилалиев парламентке барып "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн мыйзамын кабыл алууну депутаттардан өтүнүп, натыйжада ал документ кабыл алынган. Жарандык коом жана оппозиция өкүлдөрү бул мыйзам Кыргызстанда стратегиялык деп эсептелген мөңгүлөрдү талкалоого жол ачат деп кооптонуп, нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен болчу. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG