Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Акаев: Зилалиев кетирген каталар кайталанбашы керек


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөттүн башчылары элге үлгү болгудай иштеши керек деп эсептейт. Бүгүн парламентте вице-премьерлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги талкууланып жатканда ал вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге кайрылып, бул орунга келген “биринчи айда эле Кыргызстанда атактуу кишиге айланганын” айтып, кийинки жетекчилер анын каталарын кайталабаса деген каалоосун айтты:

- Биринчиси – “Лигласс”, экинчиси – сиз Баткенге барып алып “ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө, мамлекеттен айлык алып жаткандан кийин бир талапкерди колдошуңар керек” дедиңиз. Дайыр Атакулович, сизди колдойбуз, бирок сиз да досторуңуздун, курсташтарыңыздын катасын кайталабаңыз. Ар бир сөзүңөргө жоопкерчиликтүү болуп иштеш керек. Өкмөт элге үлгү болушу зарыл. Эгерде өкмөт ошентип жалганы чыгып, ай сайын бирден калп айтып отурса элибизге эмне дейбиз?

Бүгүн Жогорку Кеңеш буга чейин өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп иштеген Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин вице-премьерликке жактырды. Ал реалдык секторду тейлери, ал эми бул кызматты ээлеп турган Зилалиев коопсуздук маселелерине жооптуу болору айтылды.

Зилалиев президенттик шайлоо боюнча республикалык штабга жаңы дайындалганда Баткенде эл менен жолугуп, бийликтин талапкерине үгүттөгөнү үчүн штабдан кетип, кийин премьер-министрден катуу сөгүш алган. Ошондой эле ал чехиялык "Лигласс" компаниясы менен ГЭС куруу тууралуу кол койгон келишим да кийин ишке ашпай калган.

Баткендеги жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип Зилалиев өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

Зилалиевдин каталары кайталанбашы керек деген пикирин парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова да билдирди.

Бүгүн парламентте өзү тууралуу айтылгандар боюнча Зилалиев комменатрий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG