Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

“Улуу Биримдик” партиясы: Садыркуловдун өлүмү –терракт


“Улуу Биримдик” партиясы президенттик администрациянын мурдагы башчысы, белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун кайгылуу өлүмү анын мындан аркы саясий ишмердигин токтотуу үчүн жасалган терракт деген билдирүү таратты. Буга анын үй-бүлөлүк башкарууга кызмат кылуудан баш тартып, кызматтан кеткени башкы себеп деген партиянын лидери Эмилбек Каптагаев ага кечээ Медет Садыркулов менен Аалы Токомбаевдин музейинин жанындагы жолугушууда болгон сүйлөшүүсүн мисалга тарткан. Анда Садыркулов бийликти чыңдап, өлкө абалын жакшыртуу үчүн Бакиевге ишенип, чын көңүлдөн жардам бергендигин, бирок үй-бүлөлүк башкаруу такыр башка багытка пайдаланып жаткандыгына макул болбой кызматтан кеткендигин ачык айтып, Бириккен элдик кыймылдын максатын толук колдоорун билдирген. Андан тышкары жакын арада өлкөдөгү бардык конструктивдүү күчтөр биригээрин жана өзү ага өзү активдүү катышаарын билдирген. Партия ушундан улам Медет Садыркулов азыркы бийликке коркунуч туудургандыктан аны күч менен жок кылууга барды жана бийлик мындай коркунучтуу ыкмасын эл унчукпаган учурда гана уланта алат деп, жалпы өлкө элин ага каршы турууга чакырды.(BD)

XS
SM
MD
LG