Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:23

Жээнбековдун заманындагы жетекчилер


Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатат.

Бишкек мэрин шайлоонун айланасындагы талкуу өлкөдөгү кадр саясаты маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

"Бишкек шаарынын жаңы мэрин шайлоо менен Кыргызстанда мурдагы президенттин бийликтеги таасири толугу менен аяктады" деп бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Себеби, ушуну менен өлкөдөгү маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар толук алмашты.

Кыргызстандагы акыркы кадрдык жүрүштөр Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерин шайлоо болду. Мыйзамга ылайык, өзгөчө макамга ээ болгон эки шаардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары сунуш кылып, алардын добуш берүүсү менен шайланды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон Албек Ибраимов баш калаанын депутаттарынын ишинеминен чыкканы үчүн кызматтан кетип, анын ордуна коомчулукка мурда саясий жигердүүлүгү менен анча байкалбаган Азиз Суракматов келди. Ал эми мурдагы бийлик Ошто оппозиция болгон Мелис Мырзакматовго теңата күч катары карманган Айтмамат Кадырбаевдин ордуна өкмөттүн бул облустагы мурдагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев шайланды.

Шаар башчылары шайлоо аркылуу кызматка келсе да, учурдагы бийликтин кадры катары кабыл алынууда. Ошондуктан акыркы өзгөрүүлөр "Учурдагы бийликтин кадр саясатынын өзгөчөлүгү эмнеде?" деген суроону ортого койду. Бул жагынан талдоочулардын пикири бир кылка эмес.

Айрымдар президент Сооронбай Жээнбековдун кадр саясаты экс-президент Алмазбек Атамбаевдикинен анча айырмаланбай, ишке дайындоодо негизги критерий катары саясий салмак же коом алдындагы харизма эмес, жеке берилгендик жана тил алчаактык болуп жатканын белгилешет. Маселен, Жапониядагы саясат таануучу Даниел Кадырбеков акыркы кадрдык жүрүштөрдөн дал ушул өзгөчөлүктү байкаганын билдирүүдө:

Даниэл Кадырбеков.
Даниэл Кадырбеков.

- Бизде акыркы учурда жетекчилик кызматка куруучуну же ишкерди алып келип коюп жатышканын байкап атабыз. Ал адам өз алдынча демилге менен чыкпай, жогору жак эмне десе ошону гана аткарып отура берет. Бул болсо бийликтин институционалдык жактан өнүгүп, фунционалдык демократияны калыптандырууга жол бербейт. Муну авторитардык бийликтен калган калдыктар катары да сыпаттасак болот. Себеби, мындай кырдаалда өлкөнүн жетекчиси өзүнүн жанына демилгечил, күчтүү кадрларды алып келбейт. Кийин алар өзүнө атаандаш болуп чыкпайбы деп коркушат.

Эксперттин пикиринде, мындай кырдаалга көп жылдан бери калыптанган бийлик системасынын "эски адаттары" таасирин тийгизүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жаралган кырдаалды кадр тандоодогу ачыктык жана атаандаштык аксап жатканы менен байланыштырат:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Маанилүү кызматтарга жетекчилерди тандоодо ачыктыкты камсыз кылып, жарандык коомдун пикирин көбүрөөк укса жакшы болмок. Чынында Бишкек мэрин шайлоодо терс пикирлерге карабай "фракциялар тандады" деп чечим кабыл алуу туура эмес болуп калды деп ойлойм. Негизи эле бул маселелерди элге, коомчулукка салып бербесе сын айтыла берет.

Бирок профессор Алмазбек Акматалиев акыркы кездеги кадрдык жүрүштөр мурдагыдан айырмаланып жатат деген пикирде.

- Биринчиден, мурдатан топтолгон, уюшулган командасынын жоктугунун белгиси болуп жатат. Азыр президент негизги критерий тажрыйбасы менен тазалыгына көңүл буруп жатат окшойт. Балким президент өзү тутунган баалуулуктардын негизинде тандап жатышы мүмкүн. Биз ошондуктан, учурда кызматка барып жаткан кадрлардын кандай иш кыларын күтүшүбүз керек.

Кыргызстанда кадр саясаты бир нече борбордон башкарылат. 2010-жылдан соң өкмөттү парламенттеги коалициялык көпчүлүк курап, министрлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар сунуш кылат. Мындан сырткары президент коопсуздук органдарынын жетекчилерин дайындайт.

Бирок ар кандай себептерден улам өлкөдөгү кадрлардын тагдырын чече турган негизги борбор катары бейформал түрдө дагы эле президенттик аппарат аталып жүрөт.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев мамлекеттин жетекчилиги үчүн кадр саясатын жүргүзүүдө өз алдынча демилгеси жок, "берилгендик" деген принциптерди кармануунун кесепети жалпы мамлекетке тиерин белгилейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин мамлекеттик кызматта кесипкөй, таза жана тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги байкалып жатканын жана кадр саясаты чукул реформага муктаж экенин билдирген:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Азыр бизде квалификациясы жогорку адистерди мамлекеттик кызматка тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза сынак жана ачык атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиш же жек-жаат аркылуу кызматка орношууну жоюу - мамлекеттик башкаруудагы реформанын негизги максаты. Мамлекеттик кызматка таза, кесипкөй жана тажрыйбалуу адистердин келиши ушул залда отургандарга көз каранды. Биз кандай кадрларды сунуш кылсак, мамлекеттин өнүгүшүн камсыз кыла турган мамлекеттик кызматтын сапаты да ошондой болот. Кадр маселесине биз абдан аяр мамиле кылышыбыз керек. Жакшы кадрларды сактаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Туугандарыбызды, жакындарыбызды же тааныштарыбызды кимдир-бирөөнүн ордуна "коюп бер" дегенди токтотуш керек.

Мындан соң президент Жээнбековдун кадр саясатындагы ротация ишке ашырууну сунуш кылды. Анын алкагында өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облустарындагы өкүлдөрү алмашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG