Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Өкмөттүн ротациялык биринчи кадамы


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ошол эле кызматты эми Ош облусунда аткара турган болду. Өкмөт муну президенттин аймактык ротациялоо саясаты менен түшүндүрдү. Кадрларды которууну колдоого алгандар да, сынга алгандар да чыкты.

Ысык-Көл облусун башкарган Узарбек Жылкыбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 25-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү Узарбек Жылкыбаев Ош облустук жана райондук жетекчилердин катышуусунда жаңы кызмат ордуна отурду.

Узарбек Жылкыбаев, Замир Аскаров жана Таалайбек Сарыбашев. Иш ордуна отургузуу.
Узарбек Жылкыбаев, Замир Аскаров жана Таалайбек Сарыбашев. Иш ордуна отургузуу.

​Жаңы губернаторду тааныштырган вице-премьер-министр Замир Аскаров өкмөттүн чечимин президенттин “кадрларды ротациялоо саясаты" менен байланыштырды:

- Аймак-аймак, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, калкты бирдиктүү эл катары калыптандырыш үчүн акыркы убакта чоң жумуштар жасалып жатат. Бул туурасында президентибиз Таласта, Ысык-Көлдө жана Чүй облусунда эл менен жолугушуу учурларында да белгилеген. Мамлекет башчы кадрларды ротациялоо кылууну, жер-жерлерге алып барып, жер которуштуруп иштетүү маселесин көтөргөн. Мына ошол саясаттын алгачкы кадамдары ишке ашып жатат. Ош облусу илгертен эле стратегиялык аймактардын бири болуп саналган. Бул аймактын жетекчилигине дайындалган Узарбек Жылкыбаев ишти татыктуу алып кете алат деп ишенем.

Узарбек Жылкыбаев 2017-жылдын март айынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп келе жаткан. Андан мурдараак КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Облус которгону болбосо бир деңгээлдеги кызматка өткөн Жылкыбаев киришип жаткан​ишинде жергиликтүү активден колдоо күтөөрүн айтты:

- Ош облусуна жетекчи болуп келиш мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Анткени бул аймак чынында Кыргызстандагы эң чоң аймактардын бири. Тарыхы да бай, ресурстарга да, адам ресурстарына да бай. Бирок менде бул ишти алып кете турган тажрыйбам жетиштүү. Илгерки ротациялоо салтын кайра жандандырууда милдетти аркалоо менин маңдайыма жазылыптыр. Буюрса президентибиз Сооронбай Шарипович койгон талаптарды, өкмөттүн программасын сиздер менен бирге аткарабыз. Сиздерден чоң колдоо күтөм.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Таласта жергиликтүү тургундар менен жолугушууда кадрларды ротациялоо салтын жандандыраарын билдирген. Мамлекет башчы кадрларды өздөрү туулуп-өскөн аймагынан башка жактарга жөнөтүүнү күч органдарынан башташ керек экенин айткан. Президенттин пикиринде, бул кадам аймак аралык ажырымды азайтат. Бул демилгени ошол кезде да, азыр анын алгачкы кадамдары жасалган учурда да колдоого алгандар көп болду.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев кадрларды алмаштырып иштетүү жек-жааттыкты жоет деп эсептейт:

Жыпар Жекшеев
Жыпар Жекшеев

- Кадрларды ротациялоо саясатын абдан туура деп эсептейм. “Өзүбүздүн кулун, өзүбүздүн бала” деп эле кызматка коё бергенден алысташыбыз керек. Советтер Союзунун тушунда да ушундай, жер которуштуруп иштетүү салты жакшы иштечү. Түндүктөн канча кадр түштүктө бир топ жыл иштеп келген. Султан Ибраимов да буга мисал. Же тескерисинче түштүктөн канча кадр келип, түндүктө орун-очок алып, эмгектенип калышты. Эми азыр жердешчиликти, тууганчылыкты жоюунун бирден-бир ачкычы да ушул саясат деп ойлойм. Жылкыбаевдин коюлушу ошонун башталышы болуп жатат, бирок бул системалуу түрдө жүрүшү керек деп ойлойм. Бирок ротациянын максаты ротация болбошу керек, ал саясат иштин натыйжалуулугу үчүн жасалышы шарт.

Ротациянын жакшы жактары көп экенин белгилеген талдоочулар ошол эле учурда бул ыкма кодулоонун, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоонун бир амалы болуп калбашы керек экенин эскертишет. Адистер ошондой эле башка аймактын кадрларын тандоодо алардын кесипкөйлүгүнө да басым жасалышы зарыл деп эсептешет.

Серепчи Абдыжапар Аккулов - ротация саясатын аргасыздан колдогондордун бири.

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

- Мурдараак ротация кылуу керек деп демилге көтөргөндөрдү кезегинде мен колдоп да жүргөм. Бирок мунун экинчи жагы да бар экен. "Айыл өкмөттүн, райондун деңгээлинде ошол жердин өзгөчөлүгүн, эл-журттун кулк-мүнөзүн, менталитетин билген киши башкарганы туура" дегендер да чыкты. Ошол өңүттөн кээде "өзү башкарган аймактын коён жатагына чейин билген киши кызматка келгени оң" дегендерге да ынанып кетесиң. Эгер ага да карабай ротация кылсак, анда биринчи чен-өлчөм - мамлекеттик кызматтын этаптарын баскан киши болушу керек. Мына, буга чейин Ошко губернатор болуп ким келбесин “бул байпакчы”, “бул базарчы”, “бул кара” деп сынга алып келатышпайбы. Ошондой болбой, эрудициясы, интеллекти жана маданияты төп келишкен, компетенттүү, кесипкөй адамдар келсе эл макул тапмак. Ошондо жыйынтык да болот. Бирок "кыргызды бириктириш үчүн ротация кылыш керек" десе, мен ага кошула албайм. Ички интеграция үчүн башка ыкмалар керек, - деди Абдыжапар Аккулов.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды ротация кылууга караманча каршы чыккандар да жетиштүү. Ал тургай кадрларды дайындоонун өзүн жоюу керек дегендер да четтен чыгат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов ушундай позицияны карманат.

Өмүрбек Абдырахманов
Өмүрбек Абдырахманов

- Ротация деген бул борбордук бийлик өз кадрларын башка аймактарга жиберип, ошол кадрлар аркылуу көзөмөл кылат деген эле сөз. Советтер Союзунун тушунда бардыгы ротация менен чечилчү, демек бардыгын Коммунисттик партия чечет деген сөз болчу. Бирок ротация деген нерсе демократияга каршы келет. Анткени демократияда ар бир айыл, район, шаар, облус өз жетекчисин өзү шайлап алышы керек, тандап алышы керек. Тилекке каршы, бизде андай система жок. Бизде баары эле советтик доордогудай нерселер сакталып келе жатат. Каржы маселеси да, кадр маселеси да борбордон чечилет. Ошондуктан бизде аймактардын баары жатып ичер болуп отурушат. Саясий системаны түп-тамырынан бери өзгөртүп, демократиялык эрежелерге туура келе тургандай реформа жасамайын бул ротация да жоголбойт, - дейт Өмүрбек Абдрахманов.

Азыркы Кыргызстандын үч облусу - Жалал-Абад, Баткен жана Ош - СССР убагында бир эле Ош облусу деп аталчу жана “Кадрлардын устаканасы” деп айтылчу. Аны кезинде Султан Ибраимов, Темирбек Кошоев, Акматбек Сүйүнбаев, Ренат Кулматов сыяктуу түндүк аймактардан барган кадрлар жетектеп, кийин республикалык деңгээлдеги жетекчилерден болуп чыгышкан. Ошол эле учурда бул аймактан чыккандар түндүк облустарды башкарган учурлары да бар.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев президенттик бийликте турганда да буга окшош ротациялык дайындоолор анча-мынча болгон. Бирок көп эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден жарым жылдан кийин бул тема жөнүндө үн катып, аракет баштады.

Маалым болгондой, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Ал эми Ысык-Көл облусунун жетекчилигине ким жана кайсы аймактан келери азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG