Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусунун биринин сөөгү табылды


Чоң Чүй каналы. 2025-жылдын 30-декабры. Куткаруучулар издөө жүргүзүүдө.
Чоң Чүй каналы. 2025-жылдын 30-декабры. Куткаруучулар издөө жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн, 30-декабрда эртең менен Бишкектеги Чоң Чүй каналына агып кеткен "Тазалык" ишканасынын бир жумушчусунун сөөгү табылганын билдирди.

Калган эки адамды издөө уланып жатканын, жалпы сегиз куткаруучу тартылганын кабарлады.

Бишкек шаардык мэриясы кырсык тууралуу билдирүү таратып, окуя шейшемби күнү 08:00-08:30дар чамасында болгонун, үч жумушчу эртең мененки иштен кийин үйлөрүнө баратканда техникалык каналга агып кеткенин маалымдады.

Мэр Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге өзү барганын, набыт болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын кесиптик кошуунунун каражаттарынан сырткары шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Дагы караңыз


Шерине

XS
SM
MD
LG