Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды


Кыргызстанда 2022-жылы эле мамлекеттик мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды бул заводдон сатып алууга милдеттендирилген.
Кыргызстанда 2022-жылы эле мамлекеттик мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды бул заводдон сатып алууга милдеттендирилген.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун айрым жумушчулары ишканадагы соңку абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров баштаган бийлик башчыларына кайрылды. Анда заводдун иши жүрбөй жатканын, акыркы үч айдан бери айлык алыша электигин, кыскартуу башталганын, азыркы жетекчилери аларды өз эрки менен иштен кетүүгө мажбулап жатышканын айтып чыгышты.

"Майлуу-Суу шаарындагы эң чоң лампа завод акыркы эки жылдан бери аксап, жакшы иштей албай келатат. Аты эле иш болуп жатат, бир жумада үч күн иштеп, төрт күн дем алабыз. Биз акыркы үч айдын айлыгын ала элекпиз. Айлыктан мурда бизди заводдун тагдыры ойлондуруп жатат. Ушунча адам кайда барабыз? Чакан завод болсо дагы макул эле. Ар келген директор иштейбиз дейт, иштебей эле артка кетип жатабыз.Силерден сураныч, ушул жакка келип жыйын өткөрүп, элге ачыгын айтсаңар. Азыр бизге шарт коюп коюшту, июлга чейин күтөсүңөр, инвестор келип калышы мүмкүн, болбосо азыр эсеп-кысабын алып кете бергиле деп айтышты. Азыр арыз жазсаңар айлыгыңарды беребиз, жазбасаңар айлык жок деп жатышат",-деди чогулгандардын бири.

Буга байланыштуу аталган заводдун жетекчилиги, президенттин администрациясы жана басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.

Майлуу-Суу лампа заводуна байланыштуу маселе соңку курултайда дагы көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров бул шаардан келген делегаттын суроосуна жооп берип жатып ишкана иштерин билдирген.

"Жакында эле бир миллиард сом бердик. Биз "ушуну өлтүрбөй жандандырып, тирилтип, өнүктүрүп кеткиле" деп айттык. Мамлекеттик компаниялар өзү жакшы иштечү эмес да, банкрот кылып туруп жеке менчикке сатылып кетчү. Биз болсо, тескерисинче, кайра жандандырып жатабыз. Кудай буюрса иштеп кетет го деп ойлойбуз, бир миллиард сом менен иштете албаса анда ал өлүк адам, өлүк жетекчи болот",-деген Жапаров.

Мындан туура үч жыл мурун, 2022-жылдын аягында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров лампа заводго байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда ишкананы, айнек идиштерди чыгаруу, айнек эритүүчү мешти оңдоого байланыштуу долбоорлордун бет ачары болуп, заводду тынбай иштетүүнү, сапаттуу буюм-тайым чыгарууну тапшырган. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарылдыгын белгилеген.

Өкмөт бул заводго ошондо эле бир миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлгөнү айтылган.

Ошол жылы Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды бул заводдон сатып алууга милдеттендирилген. Мындай талап президент Садыр Жапаровдун бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу тескемесинде жазылган.

Акылбек Жапаров 2022-жылы июнда парламентте лампа заводун өкмөт өзүнө кайтарып алганын маалымдаган.

1967-жылы ачылган завод 1974-жылы 1 миллиард электр лампасын өндүрүүгө жетишкен. Советтер Союзунан кийин иши солгундаган заводду 2003-жылы орус ишкерлери 3,6 миллион долларга сатып алышкан, бирок мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы ишкана банкрот деп жарыяланган.

Кийин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаментинин карамагына өткөн.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG