Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Андан сырткары, документке ылайык, эл аралык сот органдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясына же эл аралык келишимдерге негизделбеген чечимдери дагы аткарылбайт.

Буга чейин Орусиянын юристтер биримдигинин башчысы Владимир Груздев бул мыйзам Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерине дагы тиешелүү болорун билдирген. Юристтер ошондой эле Украинага байланыштуу ыктымал трибуналды дагы камтырын белгилешкен.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы мартта Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого ордер чыгарган. Ошондой эле Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага дагы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер чыккан.

Гаага соту эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт. Путин “мындай ишти жасаган же ага жол берген жарандарды жана өзүнө баш ийген аскерлерди тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес” деп жазылган эл аралык соттун билдирүүсүндө.

Айрыкча Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Мындан көп өтпөй Орусиянын Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ахмад Ханга, судьялар Томоко Аканэ, Розарио Сальваторе Айтала жана Серхио Жерардо Угальде Годинеске кылмыш ишин козгогон.


Шерине

XS
SM
MD
LG