Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Чоң Чүй каналына (БЧК) агып кеткен үч адам изделип жатканын билдирди.
Анда издөө иштери 30-декабрда 09:05те башталганын, беш куткаруучу тартылганын, кошумча маалымат берилерин кабарлады.
Мунун алдында социалдык тармактарда Чүй каналына "Тазалык" ишканасынын үч жумушчусу бири-бирин куткарам деп жатып агып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы буга байланыштуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Дагы караңыз
Шерине