Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

"Өңдү көрдү, жүз тайды" кадр саясаты


Азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевдин жана КСДПнын саясий таасирин жок кылыш үчүн анын кадрларын коррупцияга шылтоолоп куугунтуктап жатабы?

Жемкорлук менен күрөштүн жемиши көрүнөбү? Демократиялык принциптер эмес, бийликте кландык күчтөрдүн билеги жоон болуп жатабы? Кыргыз саясатында алдыда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, "мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ал башкарган КСДПнын кадрларынын бийликтен четтетилиши коррупцияга каршы күрөш менен байланышы жок, тескерисинче, Атамбаевдин саясий таасирин азайтуу максатында эле жасалып жатат" деген пикирлерге кошуласызбы?

Алмамбет Матубраимов: КСДП Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештердин баарында бийликте отурат. КСДП талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков президент болду.

Коррупцияга малынып калгандар эптеп андан кутулуунун амалын көрүп, ар кандай жолдорду издеп жатышат. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин убагында кетти, "экинчи мөөнөткө бийликке барам" деген жок, ал үчүн ага рахмат айтыш керек. Досуңбу, кудаңбы же башкасыбы, атайын ишенип бийликти берген соң кийинки президенттин ишине кийлигишпеш керек.

Алмамбет Матубраимов.
Алмамбет Матубраимов.

Экөө жеке жолукканда кандайдыр бир сунуш-пикирлерин, кеңештерин бири-бирине айтсын, бирок жалпы коомчулукка чыгып алып ар нерсени айтып сындоо туура эмес. Жээнбеков жалпы эл аркылуу президент болуп шайлангандан кийин мамлекеттин бардык жоопкерчилигин моюнга алышы керек.

Бирок азыркы президенттин 2017-жылдын 1-декабрына чейинкидей бийлиги жок, бийликтин көбү парламент менен өкмөттө. Кеп - ошол бийликти туура колдонуп иштеш керек. "Президент кадрлар боюнча кийлигишип жатат" деп айтышууда. Президент эки кызмат ордун: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилерин жана Башкы штабдын жетекчилерин гана дайындап жатат. Көз каранды эмес сот, өз алдынча бийлик бутагы Жогорку Кеңеш болгондон кийин ошондой макамдарын колдонуп иштеши керек.

Башкы прокурорду кызматка ким бекитет? Жогорку Кеңеш. Отчетту кимге берет? Жогорку Кеңешке берет. Көрдүңүзбү, ар ким өз ордун билиши зарыл. Ошондон улам президент Жээнбеков акыркы кайрылуусунда “үч бийликтин бутагы чогуу иштейли” деп чакырык жасап жатат. Тилеке каршы, үч бийлик үч жакты карап жатат. Бизде мыйзам ченемдери бузулган учурлар көп болууда.

“Азаттык”: Руслан мырза, Атамбаевдин эң ишенимдүү, жакшы санаалаш кадрларынын бири, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө процессинде укуктук принциптер, моралдык-адамгерчилик эрежелер канчалык сакталды деп ойлойсуздар?

Руслан Казакбаев: Бул жерде көп кызык нерселер бар. Ачык айтканда, эски кадрларды жаңысы менен алмаштыруу жүрүп жатат. Чындыгында акыркы алты жыл социал-демократтар партиясынын жылы болду. Бардык жерде КСДПнын өкүлдөрү отурду.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

​Бирок ошого карабай социал-демократтар партиясынан шайланып келген Жогорку Кеңештеби же Бишкек шаардык кеңешиндеби, депутаттардын акыркы кадамдарына таң калып отурам. Мындан алты ай мурда шаардын депутаттары Албек Ибраимовду мактап-жактап, анын ири долбоорлорун колдоп жатышкан.

Биздин “Республика - Ата Журт” фракциясы шаардык кеңеште оппозицияда экенибизге карабай Албек Ибраимовду жакшы иштеп жаткан мэр катары билчү. Анан эле кечээ шаардык кеңеш бир добуштан “мэр кызматтан кетсин” деп чечим чыгарганы мага өтө таң калычтуу.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, Бишкек шаардык кеңешин башкарып турган КСДП фракциясы эмне үчүн өз партиялашын коргой алган жок? 100 пайыз ишеним көрсөтпөөнүн негизги жүйөсү эмнеде? Же "Ак үй тараптын басым-кысымы менен жасалды" дегендин чындыгы барбы?

Алмамбет Матубраимов: Ушул убакка чейин республиканын шаарларында, айыл өкмөттөрүндө канчалаган шайлоолор бузулуп келди? Эгер КСДПдан талапкери өтпөй калса канча жердеги шайлоолорду жараксыз кылып жатышты го?

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Мисалы, Жалал-Абад шаарында эле үч жолу шайлоо болду. Бул эмнени айтып турат? Бир партия бийликте тургусу келгенде ушинтип кризис болот. "Ал кадр ким, мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы барбы, билими барбы?" деген суроолорду эч ким талдабай эле коюп жатышат.

"Бишкек шаарынын мэри жаман иштеди" дешет, шаардык кеңеш да иштей албай жатат. Мисалы, шаардагы салыктар боюнча маселелерди чечкен жок.

Мэрия менен шаардык кеңештин ортосунда маселе көбөйүп, жыйылып келип ушундай абалга алып келди. Шаарда реалдуу экономиканы түшүнгөн, системалуу башкарууну билген киши мэр болушу керек. Туруктуу иштей турган система түзүлгөндө гана шаарда абал оңолот.

Шаардын бийлигин кармап турган КСДП фракциясы өз партиялык принциптерин аткара алган жок. Шаар мэри эмгек өргүүсүндө жүргөндө ишеним көрсөтпөй жатышы да көп суроолорду жаратууда. Мэр өкмөт башчыдан уруксат алганбы, шаардык кеңешке “эмгек өргүүсүнө чыгам” деп кабар бергенби?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Өңдү көрдү, жүз тайды" кадр саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:56 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG