Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:45

Финчалгынды Гуламжан Анарбаев жетектейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-июлда өкмөткө караштуу Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына Гуламжан Анарбаевди дайындады.

Аны жазында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Материалдык резервдер фондунун жетекчисинин кызматынан алган. Бул өз кезегинде мамлекет башчы менен премьер-министрдин тымызын саясий тиреши тууралуу талкууга жем таштаган.

Гуламжан Анарбаев президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамы катары белгилүү жана анын таасирлүү кызматка дайындалышы кадр саясаты, андагы тааныш-билиштик тууралуу сөздөрдү козгоду.

Өткөн айда президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда мамлекеттик башкарууда реформа болот деп убада берген жана өң-таанышка карап ишке орношууну жоюу керек экенин айткан.

Гуламжан Анарбаевди Материалдык резердер фондуна 2016-жылы декабрда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда дайындаган. Быйыл апрель айында премьер-министр Сапар Исаков аны күтүүсүз кызматтан алган.

Анарбаев "Кабарлар" маалымат агенттигиндеги маегинде жакшы көрсөткүчтөргө, жетишкендиктерге карабай "саясий чечим" менен иштен алынганын айткан жана Сапар Исаковду "чабал", "мамлекетчил эмес" деп сынга алган:

Гуламжан Анарбаев.
Гуламжан Анарбаев.

- Көрсөткүчтөр жакшы болсо деле, жөн эле "бул саясий чечим" деп туруп эле мени жумуштан алып койгонунун төркүнүн түшүнбөй калдым. Мен Сапар Исаковдун чабалдыгын айтып коюшум керек. Мен ошол киши бул кызматка келгенден баштап, ага кирүүгө жазылып, "өзүмдүн ишканам тууралуу презентация кылып берейин, кандай чечилбеген маселелер бар, өкмөттөн кандай жардам керек" деп айтайын деген тилегим орундалган жок, ал мени кабыл алган жок. Чынында көп катачылык кетти. Бир жөнөкөй эле мисалды айтсам - ал жазгы талаа иштери боюнча селектордук жыйын өткөргөн. Анда ушул жазгы талаа иштери боюнча гана маселе каралган. Кийин ТВдан Сапар Исаков ал жерде айтылбаган көп тапшырмаларды "берди" деп көрсөтүп жатышат. Ошол жыйынга катышкан адам катары анын жалган маалымат бергенине ынандым. Мен бул киши мамлекетчил эместигин баамдадым. Кесипкөй, өз жумушуна так, таза иштеген жетекчилерди өкмөт баалай билиши керек. Бизде андай болбой калды.

Гуламжан Анарбаев ушул маегинде "президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык жайы бар" деген сөздөр негизсиз экенин билдирген. Бирок Жээнбеков менен жакындан тааныш экенин, анын кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев экөө айылдаш экенин ырастаган:

Парламенттик шайлоодо да, президенттик шайлоодо да ал кишиге өзүмдүн электоратым, досторум, жоро-жолдошторум менен жардам берип жүрдүк.

- Мен Ош окуяларында, 7-апрелде, андан кийин парламенттик шайлоодо, кийин президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жанында болуп, жакындан жардам берип жүргөм. Менин Сооронбай Шариповичке, Асылбек Шариповичке эч кандай тууганчылыгым жок. Биздин уруубуз да бир эмес. Парламенттик шайлоодо да, президенттик шайлоодо да ал кишиге өзүмдүн электоратым, досторум, жоро-жолдошторум менен жардам берип жүрдүк. Алиярбек Абжалиев - азыркы күндө парламенттин депутаты. Мен биздин айылдан чыккан депутат экенине сыймыктанам. Ал менин айылдашым, кичинебизден баштап чогуу өскөнбүз. Эч кандай аны менен тууганчылыгым жок. Сооронбай Жээнбеков менен ал президент болгонго чейин эле куда болушкан.

Эскерте кете турган болсок, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо учурунда кайсы бир талапкердин пайдасына үгүт жүргүзүшүнө мыйзам жол бербейт.

"Менин “таза мент” экенимди билишет"

Гуламжан Анарбаев жаңы кызматка дайындалышы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Материалдык резервдер фондун жетектеп тургандан баштап тааныш экенин, жаңы кызматка дайындоо премьер-министрдин чечими болгонун билдирди:

Алар менин иниме мандат бере албай калып, анан ошол партия “байке, сизге ушуну берели” деп туруп ошол кызматты беришкен.

- Биз Мухаммедкалый Дүйшөкеевич менен тыгыз иштешип калбадыкпы. Ал биздин куратор болчу. Ошондо эле “сизди укук коргоо органдарына иштетсек кандай болот, өмүр бою бою эле ушул тармакта иштеген экенсиз” деп айтып жүрчү. Материалдык резервдер фонду менин биринчи жарандык жумушум болду да. “Кыргызстан” партиясына менин иним мүчө. Биз жетиштүү эле добуш алганбыз, бирок алар менин иниме мандат бере албай калып, анан ошол партия “байке, сизге ушуну берели” деп туруп ошол кызматты беришкен. Анан күч органдарынан кеткенге аргасыз болгом. Ошентип анан иштеп калдым.

Гуламжан Анарбаев "ал Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда баңгизат соодасына аралашкан, калкалаган" деген сөздөрдү да төгүндөдү:

- "Ал жакка аралашкан" деп биринчи жолу сизден угуп жатам. Андай маалымат эч жерде жок. Ооганстандан Кыргызстан аркылуу өткөн жол “түндүк жолу” деп аталат. Эл аралык эксперттер, маселен, "Ооганстанда алты миң тонна баңгизат өндүрүлсө, ошонун 30 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөт" деп айтып келишет. Биз болсо адис катары “жок, 30 пайыз эмес, болжол менен 20 пайызга жетпеген баңгизат өтөт” дейбиз. Менин аймагымда "баңгизатка аралашкан, баңгизат өтүп кетти" деген сөз болгон жок. Мага кымбат баалуу автоунааларды сунуш кылышып, “эми көзүңүздү жуумп коюңуз” деген учурлар да болгон. Мен болсо “жок, ал нерсе болбошу керек” дегем. Мына, мен иштеп турганда баңгизатка байланыштуу бирөөнү атып кеткен сыяктуу оор кылмыш болгон жок. Бул биздин эмгегибиз болду. Биз үч жыл чек араны катуу кайтардык. Мени менен иштеген балдар “таза мент” экенимди билишет, ушинтип айтышат.

51-жаштагы Гуламжан Анарбаев 1990-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген. 2006-жылы ИИМден Финансы полициясына өткөн жана 2011-жылга чейин Ош облусунда жана Бишкек шаарында ар кандай жетекчилик кызматтарда турган.

2011-2012-жылдары ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш кызматынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2012-2015-жылдары Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

"Айткандан чыкпаган кадр"

Антсе да ар кандай кылмыштуу жол менен табылган арам акчанын кирген-чыкканын көзөмөлдөгөн негизги органга, мындай маанилүү кызматка Гуламжан Анарбаевдин дайындалганы кызуу талкуу жаратты. Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков кадрларды өз ыгы менен болгонуна, эркинен чыкпаганынан карап тандоо авторитардык бийликке мүнөздүү экенин белгиледи:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- 2012-жылы Финполицияны жоюп, кадрлардын баары жаңы тандалганда бул киши өтпөй калган. Эгерде бул орунга ачык сынак жарыяланып, атаандаштык боло турган болсо, мындай адамдар өтпөйт. Себеби бул адамдардын кадыр-баркы, кылган иштери тууралуу досьелер бар. Авторитардык бийликти кармап калгысы келген адамдар өзүнө жакын, айтканынан чыкпаган адамдарды кызматка коет. Иш билгилик, кесипкөйлүк жок болгондуктан бул жерде эң башкы фактор - "мен айтканды кылат, мага жакын, мени уят кылбайт" деген жагдай болот. Бул түшүнүк негизи мафиядан келген. Уюшма кылмыштуу топтордо лидердин айтканынан чыкпоо - негизги фактор. Мамлекетти же бизнести башкарууда иш билгилик, кесипкөйлүк белгилери менен тандалат да. Эгерде "институционалдык бийлик курабыз" десе - анда кимдин таанышы, кимдин куда-сөөгү, тууганы экенине карабай, ишти алып кете турган адамдарды кызматка коюш керек. Ошондуктан азыркы президенттен, премьер-министрден коомду жана бийлик институттарын өзгөртө турган реформа күтүүнүн кереги жок болуп калды. Президент бир жылда бир жолу чыгып, жакшынай сөздөрдү айтса эл деле "жакшы кылып жатыптыр" деп кала берет. Ошондуктан аны көзөмөлдөп, сындап турганга жарандык коом, оппозиция болушу керек.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов "Гуламжан Анарбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жакын болгону үчүн гана жооптуу кызматка дайындалды" деген сөздөрдү четке какты:

- Эгер жакшы кадр боло турган болсо, анын кайсы партиядан, кайсы аймактан экенине, жашына карабастан кызматка коюш керек. "Партия" деп кызматка коюлгандарды деле көрүп жатасыңар да. Адис болбой калып жатат. "Жаштар" деп келсе жаштары деле жакшы болбой калып жатат. Гуламжан Анарбаев биздин партияда мүчө болуп турган. Азыркы кызматына адис катары эле барды деп ойлойм. Өзү ушул тармакта иштеген. Ошондуктан азыркы кызматка туура келет. Ким тандаганын билбейм, бирок туура эле тандалды деп эсептейм. Анын партиялашы, аны билген адам катары бул кызматка татыктуу жигит деп айта алам. Финчалгындоого туура эле барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн айда Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда мамлекеттик башкарууну реформалоо маселесине да токтолгон. Анда кызматка тааныш-билиш аркылуу келген көрүнүштү жоюш керек экенин эскерткен:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Адилет, натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болот. Ошондуктан жалпы башкаруу системасын реформалоо зарыл. Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таӊкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу — бул реформанын негизги максаты. Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы — мына ушул залда отургандардын колунда. Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды. Мыкты кадрларды өстүрүү же тескерисинче, аларга тоскоол болуу жоопкерчилиги силерде. Кадрдык саясатта — профессионализм башкы сапат. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков кадрлардын улуттук резервин түзүү боюнча Мамлекеттик кадр кызматына тапшырма бергенин да кошумчалаган. Бирок мамлекеттик жооптуу кызматтарга ачык сынак аркылуу тандап коюу иштери качан, кимден башталары азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG