Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Жээнбеков колдогон Жамшитов ким?


Сооронбай Жээнбеков жана Өткүрбек Жамшитов
Сооронбай Жээнбеков жана Өткүрбек Жамшитов

Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештеги 109 депутат колдоду. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Аты мурда-кийин коомчулукка анча белгисиз Жамшитов тууралуу пикирлер бир кылка эмес.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка дайындоо жөнүндө сунушун Жогорку Кеңештин 109 депутаты колдоду. Жыйында эл өкүлдөрү жаңы башкы прокурордун мыйзам чегинде гана иштешин талап кылган бир катар суроолорду узатышты.

Өткүрбек Жамшитов “мурдагы башкы прокурорлордун бири Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштейм” деп сөз берип, андан бата алганын да жашырган жок.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичтин алдынан өтүп, батасын алып, "ушул адамдай таза иштейли, прокуратуранын коомдогу бедел-баркын көтөрөлү" деп жакшы ниеттен баштадым. Кечээ күнү сиздер тараптан айтылган бизнести коргоо, кайталап текшерүүнү азайтуу, жарандардын арыздарын кароо жана резонанстуу кылмыш иштерин аягына чыгаруу - орчундуу маселелер. Бул багытта өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө болот деп сиздерди ишендирем. Жемкорлук менен күрөшүүнү, тазаланууну өзүбүздөн баштайбыз. Өзгөрүүлөр болот.

Буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жамшитов кесипкөй, тажрыйбалуу жана таза жетекчи катары бул кызматка татыктуу экенин айткан.

Ал арада медиа-чөйрөдө "Өткүрбек Жамшитов - Сооронбай Жээнбековдун кудасы, парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин инисинин досу, президенттин жардамчысы Эрнис Толтоевдин жээни" деген сыяктуу маалыматтар таратылып жатат. Бирок бул маалыматтар алардын өздөрү тарабынан жалган каралоо катары жокко чыгарылды.

Ошентсе да президент Жээнбеков Өткүрбек Жамшитовду кайсы критерий менен тандаганы азырынча айтыла элек. Жамшитовду колдогон депутаттардын көбү аны буга чейин “таза” иштеген прокурор катары мүнөздөшүүдө. Бул пикирге мурдагы башкы прокурорлордун бири Аида Салянова да кошулат. Ал кызматта турганда Жамшитов Лейлек районунун прокурору болуп иштечү.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Күнүмдүк ишин облустук, райондук деңгээлде бул киши жакшы эле аткарып келген экен да. Мен башкы прокурор болуп турганда жаман сөз уккан эмесмин. Жаман иштерге аралашпаган, тынч прокурор болчу, - деди Салянова.

Анткен менен оппозициялык маанайдагы саясатчы Адахан Мадумаров президенттин кадр саясаты “мага иштеп берет” деген жалгыз чен-өлчөм менен жүрүп жатканына нааразы. Ал кадр саясатында бир гана президенттин айтканын кың дебей аткарып жаткан парламенттин жоопкерчилигин караш керек деп эсептейт.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Кадрларды "мен буга ишенем, мен муну жакшы көрөм, бул мага иштеп берет" деген чен-өлчөм менен коюп жатат. "Кыргыз мыйзамдарына, мамлекетке, элге иштеп берет" деген түшүнүк сыртта калды. "Бул мага иштеп берет" деген принцип гана иштеп жатат. Абдан чабал, даярдыгы жок кадрлар коюлуп жатат. Кадрдык саясатта жалаң эле президент эмес, парламенттин да жоопкерчилигин караш керек. Президент бирөөнү алып келип "баатыр кылгыла" десе баары макташат, "жамандагыла" десе баары тең бир атанын балдарындай тепкилеп беришет.

Мадумаров айтмакчы, ушул эле парламент президенттин мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны иштен алуу жөнүндө сунушун да көпчүлүк добуш менен колдогон.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Жамшитовдун прокуратура тармагындагы 21 жылдык тажрыйбасын эске алып, буга чейинкилерге салыштырмалуу түзүк деп баа берүүдө.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Мурда бул кызматка прокуратурада бир күн иштебегендер деле коюлуп келбеди беле. Мен буга чейин кеткен эки кызды айтып жатам. Аларга караганда бул 15-20 жыл иштептир да. Мен тажрыйбасына таянып, иштеп кетет го деп ойлоп жатам. Эң башкысы - билими болуп, иштин көзүн билсе болду да.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Прокуратура органдарына 1997-жылы келген жана 2011-жылга чейин Таласта, Ошто жана Баткенде шаардык, райондук, облустук прокуратурада прокурордун жардамчысы, тергөөчү, прокурордун орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. 2011-2015-жылдары Баткен облусунда Лейлек районунун прокурору болгон. 2015-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG