Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Башкы прокуратура: Индира Жолдубаева Кыргызстандан кеткен жок


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым булактарда "Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени" тууралуу маалыматтар туура эместиги, ал жыл башынан бери башка мамлекетке бара электиги айтылат кабарда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны отставкага кетирүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган. Парламент бул сунушту 11-апрелде колдоп берди.

Жыйынга Жолдубаева өзү келген жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү суранганын спикер Дастан Жумабеков билдирди.

Депутаттарга Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди. (SE)

Парламент баш прокурорду кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

XS
SM
MD
LG