Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун колдоду


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Жогорку Кеңеш депутаттары баш прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду.

11-апрелдеги жалпы жыйында эл өкүлдөрүнүн 105и Жолдубаеваны иштен кетиши керек деп чечти. Эки адам "каршы" болду. Добуш берүү ачык өттү.

Жыйынга Жолдубаева өзү катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү сураганын спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.

Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди:

-Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөрүлгөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган, - деди Абылгазиев.

Коомчулукта Жолдубева мурдагы бийликтин саясий буйругун аткарып жатат деген сын пикирлер күчөгөн.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана регламент комитети президент Жээнбековдун баш прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдогон.

Ага чейин "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.

39 жаштагы Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген. Ал 2023-жылга чейин бул кызматты аркалашы керек эле. (SЕ)

XS
SM
MD
LG