Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Прокурорлордун табышмактуу өлүмү


Прокурорлордун табышмактуу өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:04 0:00

Жыл аяктап бараткан айларда Ош, Баткен облусунда кандуу окуялар катталды. Эки прокурордун, жергиликтүү депутаттын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айың сөздөр тарап, табышмактуу жагдайларга жооп табылбай келет. Бул окуялардын себебин аймактагы аткезчилик, коррупция менен байланыштыргандар бар.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду өз үйүнүн короосунда үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилген жабырлануучу эки операциядан кийин эсине жакшы келе албай 17-ноябрда көз жумду. 18-ноябрда түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү Төрт-Күл суу сактагычына чукул жерде ээн талаада табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков камалды. Үч ай мурда Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошев Ош шаарынын четиндеги Медресе айылындагы өз үйүндө асынып алган жеринен табылган.
XS
SM
MD
LG