Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Прокурордун өлүмү: тергөөнүн версиясы


(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.
(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.

Башкы прокуратура Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүүнүн күнөөсү дээрлик далилденгенин кабарлады. Прокурордун өлүмүнүн чоо-жайы боюнча Бишкекте өткөн басма сөз жыйында кырсык болгон күнү аңчылыкка чыккан прокуратура кызматкерлеринин аттары да аталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда кылмышка шектүү Мелис Калыков жана облустук прокуратуранын жетекчилери окуядан бир күн мурун тойдо чогуу болушкан. Анда аңчылыкка бирге чыгып келүүнү макулдашкан.

17-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов, орун басарлары Аслан Байбосунов, Эмилбек Ажыбеков, облустук прокуратуранын бөлүм башчылары Алтынбек Кожоназаров, Уланбек Эгембердиев, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков жана кылмышка шектүү, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков менен кошо аңчылыкка кетишкен.

Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев тоодон кайтканда Мелис Калыков Анарбай Мамажакыповду автоунаага салып кетип калганын, жолдон экөө мушташып, бул чыр өлүм менен аяктаганын айтты:

Замир Бейшекеев.
Замир Бейшекеев.

​- Шектүүнү суракка алган учурда анын Сатаров аттуу жактоочусу катышкан. Анын биринчи көрсөтмөсүнө ылайык, Мамажакыпов экөө машине менен баратканда ортосунда уруш чыккан. Машинени токтотуп, сыртка чыгып мушташа баштаганда Калыков мылтыгын көтөрүп чыккан. Мелис Калыков "мылтык кокустан атылып кетти" деп көрсөтмө берген. "Тамеки чегип жатканда кийип жүргөн бушлаты өрттөнүп, кийин Мамажакыповдун бушлатына өрт өтүп кеткен" деп көрсөтмө берген. Ошол эле учурда ал катуу мас абалында болчу. Башка күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнүн жана иштин материалдарын негизинде Калыковдун күнөөсү толугу менен далилденди.

Мелис Калыков жетектеген Капиталдык курулуш башкармалыгына буга чейин эки кылмыш иши козголуп, бири токтотулуп, экинчиси сотко өткөнү белгилүү болду.

Мындан сырткары, Калыковдун өзүнө административдик иш козголуп, ушул жылдын 2-мартында соттун чечими менен 10 миң сом айып салынган. Прокуратура козголгон иштер анын кызматына байланыштуу экенин жана ал “Анарбай Мамажакыпов ага “кылмыш ишин козгойм” деп коркуткандыктан өлтүргөм” деп көрсөтмө бергенин билдирди.

Бирок анын жакындары Мелис Калыков жакында эле жактоочусу менен жолукканда “күнөөнү мойнума албайм” деп айтканын ырастап жатышат. Бир тууган эжеси Дарика Калыкова прокуратура кызматкерлерин айыптап чыкты:

Дарика Калыкова.
Дарика Калыкова.

​- Биз иниме адвокат тапканча саат 3-4 болуп кетти. Ошондуктан ал дээрлик бир сутка жактоочусуз отурду. Прокуратура кызматкерлери кылмышты өздөрү ачат, кайра аны жапкан да ошолор. Бул убакыт аралыгында аларда жасалма кылмыш ишин даярдап койгонго толук мүмкүнчүлүк болгон.

Мелис Калыков камакка алынгандан кийин күч кызматкерлери аны кыйнаганын айтып, Кыйноого каршы улуттук борборго даттанган. Ошондой эле анын көк ала болгон денесинин сүрөттөрү жарыяланган. Прокуратура менен Ички иштер министрлиги “Калыковдун денесиндеги тактар ал кармалганга чейин эле болгон” деп жатышат.

Ушул аптанын башында Баткенде кылмышка шектүүнүн тарапкерлери митинг уюштурушкан. Анда маркум прокурор Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө кылмыштуу топ аралашканы тууралуу кеп козголуп, митингдин катышуучулары аңчылыкка чыккан прокуратура кызматкерлерин да суракка алууну талап кылышкан.

Прокурордун өлүмү: ар кыл пикирлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

​Облустагы укук коргоочу Хаит Айкынов Баткен прокуратурасынын айланасындагы айрым жагдайларга токтолду.

- Облустук прокуратурада абал жакшы болбой, бири-бири менен тартышып, топ-топторго бөлүнүп жүрүшкөн окшойт. Бизде ушундай шек саноо бар. Андыктан “ар кандай кызыкчылыктар болгон” деген күмөн ойлор бар. Мисалы, Калыковду ала турган болсок бир нерсени талашып, башка иштерге кийлигишкен жери жок. Андыктан бул иште анын түздөн-түз кызыкчылыгы жок болуп атат. Ал эми каза болгон прокурордун орун басары “сен менин ордума келип алгансың” деп талашып-тартышып жүргөнүнө караганда бул жакта кызыкчылыктар бардай болуп турат.

Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев бул иш боюнча алты прокурор кызматтан алынып, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөнүн, иликтөө учурунда облустук прокуратурага байланыштуу сөз болуп жаткан шектүү жагдайлар аныкталбаганын белгиледи:

- Бардык версиялар каралып жатат. Эгер ушул кылмышка дагы башка адамдардын, прокуратура кызматкерлеринин катышы болсо сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Басма сөз жыйынында прокурорлор менен аңчылыкка чыгып, бирок буга чейин аты аталбай келген дагы бир кишинин ысымы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов ал кишинин ысымын атап, ошол учурдагы аракеттери тууралуу буларды айтты:

Нурлан Утемисов
Нурлан Утемисов

​- Баткен облусунун милициясынын басма сөз кызматы алгач маалымат бергенде шарап чыгарган заводдун Баткен облусундагы өкүлү Базарбек уулу Эрнис боюнча эч нерсе айтылбай калган. Бул жигит да прокурорлор менен кошо аңчылыкта эс алууда болгон. Тергөө амалдарында ал да суракка алынып, кыймыл-аракеттери аныкталды. Аңчылыкка чыкканда аракты ушул киши алып келген. Ал башкача айтканда прокуратура кызматкерлерине кызмат кылган.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Шектүү Мелис Калыков учурда Ош облусунда кармалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG