Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Коомдук пикир "куданы" иштен кетирди


Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.
Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.

Социалдык тармактардагы кызуу талкуудан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" ишканасындагы кызматынан кетти.

Ал кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазганын аталган компаниянын өкүлү "Азаттыкка" ырастады. Кадр тандоо, саясаттагы тууганчылык маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы жетекчилер менен жолуккан учурда да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин (анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым) бир тууганы Ыктыярбек Абжалиевдин Кыргызстандагы эң кирешелүү компаниялардын бирине кызматка барганы 20-ноябрда ачыкка чыгып, бул социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Ал "Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчылыгына мындан бир жума мурда дайындалган. Көп өтпөй ал өзүнүн арызы менен кызматтан кеткени белгилүү болду. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүркановдун айтымында, арызда эмне себептен кеткени көрсөтүлгөн эмес.

- Октябрдын башында биздин компанияга резюмесин берип, тажрыйбасын карап, сынактын негизинде базалык станцияларды орнотуу боюнча логистика бөлүмүнө жетекчи болуп алынган. Бирок кечээ, 20-ноябрда өз каалоосу менен арызын жазып иштен кетти. Жетекчилик кол коюп берди, - деди Өмүрканов.

Алиярбек Абжалиев бир тууганы журналисттер жазып чыккандан кийин кызматтан кеткенин "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди. Эл өкүлү агасы буга чейин жетекчилик кызматтарда иштегенин, "Мегакомдун" башчылыгына деле татыктуу экенин белгилеп жатат. Анын айтымында, агасы бул кызматка эч кандай тааныш-билиши жок эле барган.

Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

- Пенсияда болчу. Кийин 5-6 мекемеге резюмесин берген экен, - деди депутат. - Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек да! "Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес, "Мегакомго" барса да татыктуу экен" деп. Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге баса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат.

​Депутат Абжалиевдерге байланыштуу маселе экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун бийлигин сындаган учурга туура келди. Атамбаев азыркы бийликти “Бакиевдин жолуна түштү” деп сындаган:

- Чындыгында ал менин жолума эмес, Бакиевдин жолуна түштү. Биз үй-бүлөлүк башкаруу калыбына келип жатканын, кудаларды, күйөө балдарды, бир туугандарды жана башкаларды көрүп жатабыз. Биз мындан өткөнбүз да...

Саясаттагы тууганчылык маселеси 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков экс-премьер-министрлер жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолукканда да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев элдин көзөмөлүн жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин орнотуу маселеси көтөрүлүп жатканын кеп кылды:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- “Күйөө баласы, кудасы” деген эл арасында ар кандай ушактар чыгып жатат. Ошол жөнүндө кечээ айтылды, эскертилди. Эми мындан ары мындай болбойт го деген ойдо турабыз. Конституция боюнча эч кандай жоопкерчиликке жатпай турган бийлик органы болуп калган, президентке импичменттен башка эч нерсе кыла албайсыз. Саясий, укуктук жоопкерчилик жок.

Бийликтеги таасирдүү адамдардын туугандарынын ар кайсы кызматтарга дайындалып жатканы азыр эле айтылып жаткан жок. Октябрь айында президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин бир тууган таякеси Замир Молдокулов Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун кудасы, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин бир тууганы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылган.

Мураталы Тагаев Жээнбековдор менен куда-сөөк экенин ырастап, бирок анын кызматка келишине бул жагдай таасир этпегенин айтты:

- Кудачылык боюнча туура, жеке менин эмес, менин агаларымдын, туугандарымдын кудасы болуп кетет. Ага менин эч кандай тиешем жок, мен өз аракетим менен келип олтурам. Катардагы жөнөкөй адистен баштап мамлекеттик кызматта бир топ жылдан бери иштеп келатам.

Учурда коом арасында тамаша-чыны аралаш куда-сөөктөрдүн доору болуп жатканы ырга айланды:

- Кудалар, кудалар баарын бийлейли,

Кудалар, кудалар шаарын бийлейли,

Бирибиз областты, бирибиз район, шаарды,

Бийлебесек биз качан бийлейбиз...

Быйыл жайында Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков башкаруу системасы реформага муктаж экенин, анын негизги максаты - тааныш-билиш аркылуу ишке орношуу көрүнүшүн жоюу экенин айткан. Ал үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын ар кандай жолугушууларда кайталап келет.

Эксперттер буга чейинки президенттердин үй-бүлөлүк башкарууга жол бергени негизги, чоң каталарынын бири болгонун белгилеп келишет.

Аскар Акаев өлкө башында турган акыркы жылдары анын үй-бүлөсүнө таандык объектилердин узун тизмесин жарыялап, коомчулукта анын эсепсиз байлыгы, Швейцария банктарындагы миллиондору тууралуу аңыз кептер тараган.

Кийин мурдагы президенттин кызы да, баласы да бийликке келүү үчүн депутаттыкка ат салышып, ачык эле аралашкан. Курманбек Бакиевдин тушунда анын бир туугандары, баласы жогорку кызматтарга келген.

Алмазбек Атамбаев бир туугандарын, уул-кызын бийликке алып келбесе да кудасы Алымбай Султанов Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматын жетектеп турган. Учурда ал Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысынын орун басары болуп иштейт. Мындан сырткары, Атамбаевдин жан сакчылары, жеке айдоочусу жогорку кызматтарды башкарып турушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG