Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Атамбаев оппозицияга баш-көз болгусу келет


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев чоң саясатта кала турганын, жаш саясатчыларга баш-көз болорун билдирди.

"Апрель" телеканалында 19-ноябрдагы маегинде азыркы бийликти "Бакиевдердин жолуна түштү" деп күнөөлөдү. Атамбаевдин соңку билдирүүсүнөн соң анын саясий тагдыры, саясаттагы ролу, оппозициялык күчтөрдү топтоп-бириктире алары талкуу жаратты.

Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде чоң саясаттан кетпей турган себебин чечмелеп айтып берди. Өлкөдөгү азыркы жагдайдан улам саясатта калууга аргасыз экенин билдирди:

- Билесиңерби, мен чоң саясатта президент, премьер болоюн же кайсы бир кызматка барайын деп калган жокмун. Болгону мен "Бакиевдердин заманынын" кайра келишин каалабайм. Биздин өлкө биз салган жолду жоготуп алышын каалабайм. Мен 2017-жылы үзгүлтүккө учураган конституциялык реформаны жүргүзгүм келет. Мен таптакыр башка иштер менен алектенейин, парламенттик шайлоого өзүмдүн командамды топтоюн, Алтай цивилизациясы, тил, тарых жана бизнес менен алектенейин деген элем. Бул менин табиятым. Тилекке каршы, азыр өлкөдө кайра "Бакиевдердин жолуна" түшө тургандай жагдай жаралды. Ошондуктан чыныгы парламенттик өлкө болушубуз үчүн, балким жаш саясатчыларга жардам берүү максатында мен саясатта калганга аргасызмын.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Алмазбек Атамбаевдин "Бакиевдердин жолуна" түштү дегендей мазмундагы билдирүүлөрүнө азырынча үн ката элек.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөгү бийликке каршы күчтөрдүн башын бириктире аларынан күмөн санап жатат.

- Атамбаев чынында "саясаттан кетпейм, Жээнбековдордун ким экенин көрсөтөм, булар менен кармашам" дегендей эле билдирди. Партиясы менен парламенттик шайлоого катышат, өзүн оппозициялык партия деп жарыялайт. Оппозициялык блокту жетектегенге, топтогонго аракет кылат. Ал кечээги сөзүндө Икрамжан Илмиянов, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу дээрлик айтпай койбодубу. Ал эки эле адамды - Кулматов менен Исаковду гана коргоп жатат. Ушундан улам караганда түндүк-түштүк деген "жылаандын башын" көрсөткөндөй болуп турат. Мындай кадам менен ал айланасына күч топтоп, саясий күчтөрдү бириктире албайт. Андан көрө "мен саясаттан кетпейм, көп кемчиликтерди кетирдим, ошол кемчиликтерди жоюу боюнча бийликке жардам берем" деп айтса мүмкүн айланасына күчтөрдү бириктире алмак. Бирок ал андай деп айтпай койбоду. "Мен таптазамын, акмын, баймын, калгандарынын баары акмак" дегендей эле айтты. Анан ушундай учурда кантип бириктирет?

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

Саясат таануучу Эмил Жураев өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн жүрүшү азыркы бийликтен да көз каранды экенине токтолду. Алмазбек Атамбаев өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп жатат деп айтты:


- Жалпы маектин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мурдагыдай улуттун сакчысы, Бакиевдерден жалгыз коргоочусу болгондой сезим калтырды. Мунун артында албетте өзүнүн кызчыкчылыктары бар. Ошол эле өзүнүн, жакындарынын, үзөңгүлөштөрүнүн коопсуздугу үчүн “жөн отурбайм, күрөшөм” деген мааниде айтты. 2010-жылы кабыл алынган Конституция бизди парламенттик башкарууга алып бармак. Алмазбек Атамбаев президент кезинде парламенттин түспөлүн бир топ эле жоготуп, президенттик бийликти чыңдап келди. Ал боюнча деле азыр башкаларды күнөөлөп келди, бирок ал биринчи кезекте өзү жоопкерчиликтүү экенин билиши керек. Ошондуктан оппозициячыл саясатчы катары кандайдыр бир саясий-идеялык программалык турумду карманат дегенге көп деле ынабай турам. Оппозициячыл саясатчы катары өзүнүн кызыкчылыгын, коопсуздугун гана көздөшү мүмкүн.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, Алмазбек Атамбаевдин оппозицияга баш-көз болгусу келсе жалаң гана өч алуу менен алектенбеши керек:

- Анын кандай оппозиция болоорун айтуу кыйын. Ал өзүнүн кадамдарына, көз карашына, жасаган ишине байланыштуу болот. Эгер ал оппозициянын ролун аткарам десе анда бул жаман деле эмес. Эгерде конструктивдүү оппозиция боло алса, кандайдыр бир жаңы саясий күчтөр, жаңы көз караштагы адамдар менен бириксе өлкөгө пайдалуу эле болот. Ал жалаң гана өч алуу менен алек болсо, жеке тар кызыкчылыктарын көздөсө андай оппозициянын бизге кереги жок.

Жарандык активист Айбек Мырза Алмазбек Атамбаев оппозициялык лидер катары алдыга суурулуп чыкпайт деген ойдо:

- Чогултуп, сүйлөшүшү мүмкүн, бирок алдыңкы катарга лидер болуп чыга албайт. Ал оппозициялык күчтөрдү колдоп, маалыматтык, материалдык жактан жардам бериши мүмүн. Бирок өзү алдыга суурулуп чыга албайт деп ойлойм. Экинчиден, менимче лидер болгонго өзүнүн деле каалоосу жок. Негизинен азыркы бийликтен өч алуу максатын көздөйт. Ал эми кандай жаштарды топтой турганын айта албайм. Убагында деле айланасына жаштарды топтободу беле. Абдил Сегизбаевди, Сапар Исаковду алып келгени менен майнап чыккан жок. Чоң катачылык кетирген. Эркин эмес, Атамбаевдин сөзүнөн чыкпаган жаштарды топтойбу, же өзүнүн көз карашы бар, мамлекетке кызмат кылам деген жаштарды топтойбу - маселе ушунда.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылга чейин оппозицияда да, бийликте да болгон. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдөн бирдиктүү талапкер катары да көрсөтүлгөн. Бирок апрель ыңкылабынан кийин саясаттагы көптөгөн үзөңгүлөш, санаалаш-пикирлештери менен эки жолго түшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG