Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты


Асылбек Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Кыргыз туусунун күнү. Бишкек, 3-март, 2012-жыл.
Асылбек Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Кыргыз туусунун күнү. Бишкек, 3-март, 2012-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) чыкканын жарыялады.

Асылбек Жээнбеков «бул партия ушул тушта интригага батып калды, анда бир адамдын диктатурасы орноду» деп билдирди.

Эксперттик чөйрөдө азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган инисинин мындай билдирүүсү көбүнчө бийликтин жаңы партия түзүү же кайсы бир партияны ачык сүрөө аракетинин башталышы катары мүнөздөлүп жатат.

Асылбек Жээнбеков 3-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДПдан чыкканы тууралуу атайын билдирүү жасады. Анда ал бул партиянын эң оор учурунда, ошол кездеги бийликтин өкүмзордугу күч алып турганда келгенин, партиянын түмөн түйшүгүн көтөргөнүн айтты. Айрыкча Ош облусунда партиянын атын чыгарып, кадырын арттыруу боюнча өзүнүн жана бир тууган агасы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун салымы чоң экенин билдирди. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын ачык айтпаса да партиянын жетекчисин «КСДПнын ийгилигин өзүнө ыйгарып алды» деп күнөөлөдү:

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өз милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени да аралаштыруу аракети болуп жатат. Мен ага аралашпайм. Партия парламенттик демократияны өнүктүрүүчү күчкө эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун сактоочу куралга айланып баратат. КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калды. Партиянын жетекчиси дайыма «жалгыз мен баарын кыйраткам» деп жетишилген ийгиликтерди өзүнө ыйгарып келет. Бирок партия жасаган иш-аракеттер - бир эле адамдын эмгеги эмес, мында убагында президентибиз Сооронбай Жээнбековдун, фракция лидери Иса Өмүркулов баштаган социал-демократтардын салымы чоң».

Жээнбеков: КСДПда бир адамдын диктатурасы орноду
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:29 0:00

Буга чейин Асылбек Жээнбековдун аты «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймылга байланыштуу аталып жаткан. Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай сөздөрдү негизсиз деп баалаган.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековдун парламент трибунасын колдонуп билдирүү жасаганын сынга алды:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Чек ара коопсуздугу боюнча маселе курчуп турган шартта партиядан чыкканы тууралуу, убагында КСДПга иштегендер кандай азамат экенин айтып, «Атамбаевдин бийлигинин узурпациясы» деп билдирүү жасоо орунсуз. Баарыңар Атамбаев менен чогуу иштегенсиңер, убагында унчукпай, жылмайып, анын колун кысып, бири-бириңерди кучактап эле жүргөнсүңөр. Ошондо эч кимиңер үн катып, бетине түз, ачык айтып, талашып-тартыша алган эмессиңер. КСДПнын лидери деле баарыңардай эле адам. Ошондуктан мындай «төш кагуунун» эч кимге кереги жок. Бүгүн «Атамбаевсиз КСДПнын» курултайы болуп жатат, ошол жерде билдирүү кылсаңар болмок».

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага-ини Жээнбековдордун саясий карьерасына чоң салым кошконун, бирин депутат кылып, экинчисин президенттикке чейин жеткиргенин такай эле айтып келет.

Атамбаевдин ызасы, Жээнбековдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Өткөн айда Аксы окуясын эскерүү учурунда ал Сооронбай Жээнбековду «иниси Асылбек Жээнбековдун жетегинде калды» деп айыптаган. Ошол эле күнү Сооронбай Жээнбеков экс-президентке жооп иретинде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербей турганын билдирген.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде, Асылбек Жээнбековдун КСДПдан чыкканы тууралуу билдирүүсүн күтүүсүз деп баалоого болбойт.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«КСДПдагы көптөн берки талаш-тартыштын, бөлүнүп-жарылуунун шартында кайсы бир тарабы маселени токтотуу боюнча кандайдыр бир чечимге келиши керек эле. Бүгүнкү съезд кандай болуп жатканын билбейм, бирок 6-апрелдеги курултайдан кийин партиянын тагдыры чечилиши керек. Бул партия кийинки күндөрү дараметин жоготту, талаш-тартышка белчесинен батып калгандыктан аны эми саясий курал катары колдонуу өтө кыйын болуп калды», - деди ал.

Саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков болсо бийлик келерки парламенттик шайлоодо жаңы, бир же бир канча партияны сүрөйт деген божомолун ортого салды:

Бизге жагабы же жакпайбы, бул партиянын символу болгон адам - баары бир Атамбаев.

«Бийлик, президенттин тегереги бир же бир канча партия түзөт, өздөрүнүн айтканынан чыкпаган адамдарды ошол жакка чогултушат. Ошол эле адамдар калат, ошол эле адамдарды кайра парламентке алып келет, ошол эле механизмдер толугу менен кайра иштейт. Анткени Шайлоо кодекси, жалпы бийликтин жаратылышы өзгөргөн жок. Ошол эле негизги ыкмалар менен иштешет. КСДП Атамбаевсиз өз алдынча шайлоого бара албайт. Анткени ал бул партияны каржылаган. Бизге жагабы же жакпайбы, бул партиянын символу болгон адам - баары бир Атамбаев. Ошондуктан азыр «Атамбаевсиз КСДП» деп съезд өткөрүп жаткандан кийин «тешилген тепши» менен калат».

Буга чейин Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты боюнча маселе көтөрүлгөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин иниси депутаттыктан кетиши керек» деп талап койгон. Асылбек Жээнбеков болсо мандатына байланышкан маселени «эл чечет» деп жооп берген.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев эгер Асылбек Жээнбеков жаңы партия түптөй турган болсо ага кирүүнү каалагандардын катары калың болорун билдирди:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Кыргызстандагы партиялар - булар бир адамдын, бийликтин, акчанын тегерегинде түзүлүп калган партиялар. Ошондуктан КСДПнын тарап, бөлүнүп кеткени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстанда саясатка баргысы келген адам бир партия түзүшү керек же кайсы бир партияга кириши керек. Азыр Кыргызстанда саясий партиялардын же саясий партияларга жамынган адамдардын диктатурасы орноду. Ошондуктан Асылбек Жээнбеков болобу же башкасы болобу, саясатта калгысы келген киши бир партияга кирет же түзөт. Азыр эми буларда жаңы партия түзүп алганга же кайсы бир партияны сүрөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда партия көп».

Асылбек Жээнбеков КСДПнын тизмеси менен үч эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана парламенттин эки чакырылышында төрагалык кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG